Шайтандап кетти... Индияда ата-энеси ымыркайын тирүүлөй көөмп салган

23 января 2019 Шайтандап кетти... Индияда ата-энеси ымыркайын тирүүлөй көөмп салган

Бөбөктү кудуктун жанына жашырышкан. Баланын өмүрүн кокусунан ошол жерде өтүп бара жаткан Дхармендра Кумар сактап калган.

Индиянын Шахджаханпур штатында ата-эне жаңы туулган ымыркайын тирүүлөй көөмп салганга дити барган. Бул туурасында РИА НовостиDaily Mail басылмасына таянып жазып чыкты. 

Аялы-күйөөсү жана алардын жакын эки тууганы туулганына 20 күн болгон наристени шамандын айтканын жасап, жок кылууга аракет кылышкан. Малыматта ата-эне жергиликтүү көзү ачыктын "кызга тескери күчтөр кирип кеткен" деген сөзүнөн соң жогорудай кадамга барганы айтылат.

Бөбөктү кудуктун жанына жашырышкан. Баланын өмүрүн кокусунан ошол жерде өтүп бара жаткан Дхармендра Кумар сактап калган.

"Чыккан ый ушул жерге алып келди. Жерди казып жиберсем, ымыркай чыкты, тирүү экен", — деп айткан ал.

Кумар дароо ооруканага чуркаган. Дарыгерлердин аракети текке кетпей, бөбөк аман калган.

Жергиликтүү полиция качып кеткенге жетишкен аялды (баланын энесин) издөөгө алды. Ал эми калган "катышуучулар" камакка алынган.



Дагы: sputnik.kg, фото-© AFP 2019 / MUJAHID SAFODIEN