Москвада жасалма авиабилет сатты делип кыргызстандык жигит кармалды

23 января 2019 Москвада жасалма авиабилет сатты делип кыргызстандык жигит кармалды

Элчилик ушуга окшош алдамчылык иштерге кабылып, жабыр тарткан жарандарды тиешелүү органдарга кайрылууга чакырат.

 Россияда Москва — Бишкек, Москва — Ош жана ошол эле маршрут менен кайра кайтуучу авиакаттамдарга жасалма билет саткан деп шектелип Кыргызстандын 23 жаштагы жараны кармалды. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен билдиришти.

Алданганы боюнча Москванын Замоскворечье районунун ички иштер бөлүмүнө жабыр тарткан Кыргызстандын 23 жаранынан арыз түшкөн.

"Мындан улам Кыргызстан ИИМинин Россиядагы өкүлчүлүгү жергиликтүү укук коргоочулар менен биргеликте иштеп, 21-январь күнү алдамчылыкка шектүү адамды кармады", — деп айтылат билдирүүдө.

Элчилик ушуга окшош алдамчылык иштерге кабылып, жабыр тарткан жарандарды тиешелүү органдарга кайрылууга чакырат.

Ошону менен бирге авиабилет сатып алууда ортомчуларга кайрылбастан, атайын кассалардан алып, тийиштүү чек-талондорду талап кылууну сунуштайт.



Дагы: sputnik.kg, фото-© Sputnik / Виталий Аньков