АКШнын биолабораториялары Грузияда өлүмгө алып келүүчү тумоону чыгарышы мүмкүнбү?

23 января 2019 АКШнын биолабораториялары Грузияда өлүмгө алып келүүчү тумоону чыгарышы мүмкүнбү?

Грузияда жаңы жыл трагедия менен башталды. Жаңы жыл башталгандан бери бир топ киши H1N1 “чочко тумоосунун” штаммынан каза болушту. Тбилисиде 9-январда Грузиянын мектептери жана бала бакчалары жаңы жылдык майрамдын кийин жабык бойдон калары тууралуу жарыяланды, деп жазат “Взгляд” басылмасы.

Грузиядан “Взгляд” гезитинин кабарчысы билдиргендей, калк абдан кооптонуп жатат. Көчөдө коргоочу беткап кийгендердин саны көбөйгөн. Адаттагыдай, эмнеге бул тумоонун эпидемиясы түштүк Кытайда эмес, түштүк Кавказда башталды? Американын белгилүү “Лугара лабораториясынын” ишмердүүлүгү мында кандай роль ойношу мүмкүн?

Грузияынн билим берүү министрлигинин билдирүүсүнө таянуу менен “Спутник” маалымат агенттиги: “Тумоонун вирусу менен оорунун көрсөткүчү эпидемия болбосо дагы, министрлик 2018-2019-окуу жылынын кышкы каникулун жалпы билим берүү мекемелеринде тумоонун вирустарын жайылып кетпеши үчүн 18-январга чейин узартуу максатка ылайыктуу деп эсептейт”, - деп билдиргенди.  

Грузияда азыркы учурда жүз миң кишиге 256 тумоонун вирусуна чалдыккан адам туура келет. Эпидемия жүз миң кишиге ооруган 450-500 киши туура келген учурлар бар. Акыркы маалыматтар боюнча, лабораториялык изилдөөлөр Грузияда “чочко тумоосу” ооруган учур катталганын көрсөттү.

Орусиянын мурунку башкы санитардык врачы, азыркы Мамлекеттик думанын илим жана билим берүү боюнча комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Геннадий Онищенко Грузиядан келген жаңылыктар боюнча өзүнүн таң клуусун жашырбайт, анткени “чочко тумоосунун” эпидемиясынын башы, эреже катары, Түштүк-Чыгыш Азиядан башталат. “Бул классика. Орусияда Түштүк-Чыгыш Азиядан табылган штаммдар баарынан мурда орусиянын Ыраакы Чыгышы үчүн коркунуч туудурчу. Биз ошол жактан вакцинацияны баштаганбыз. Албетте, убакыт алмашат. Эми москва, Петербург кыйла алсыз шаарларга айланып баратат, анткени аларга вирустун келиши интенсивдүү авиа каттамдардын натыйжасында жогорулап жатат. Анткени, Москва – бул планеталык хаб”, - деп билдирди Онищенко “Взгляд” гезитине берген маегинде.

Бирок, бул жолу эмнегедир Грузия эпидемияда биринчи планга чыгып жатканын Онищенко “өзгөчө учур” деп атады. Ал тумоонун очогу бир максатка багытталгандыгын же Тбилисинин четинде жайгашкан америкалык Ричард Лугаранын атындагы лабораториясынын ишинин терс натыйжасы болгондугун четке какпайт. Инфекциянын тарашынын аны иши менен байланышын көрүү, анын сөзү боюнча, “кыйла логикалуу” болмок. Чынында, мындай байланыш жөнүндө ишенимдүү айтуу, Онищенконун пикири боюнча, биз тумоонун штаамын алып, анын генетикалык паспортун түзгөндөн кийин мүмкүн болот. “Мындай штаммды алуу укугуна Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму ээ. Эгер бизде Орусияда ушул штамм менен оорулар пайда болсо, алардын анамнезинде Грузия эскертилет, анда биз мындай кооптонууну тактап алабыз же четке кагабыз”, - деди мурунку башкы санитардык врач.

Кандай болгон учурда дагы Грузиянын бийлиги өзүнүн калкын такыр вакцинациядан өткөрбөгөндүгү “абдан жаман”, дейт Онищенко.

Эске салсак, мурунку Мамлекеттик коопсуздук министри Игорь Гиоргадзенын сөзүнөн кийин биологиялык лабораториялардын тегерегинде күзүндө чыр чыккан. Лабораторияда биологиялык жана химиялык курал иштеплип чыгат жана ушул максаттар үчүн ал жакта тирүү адамдарга кооптуу тажрыйбалар жасалган, деген экс-министр.

Анда Онищенко Лугара борборун “аскердик лаборатория” деп атаган. Анын маалыматтары боюнча, ал жакта “муздак бөлмө деген жай бар, анда аскердик штаммдарды чогултуп, сактап коюшкан. Бир дагы жарандык лабораторияларда мындай бөлмөлөр жок”. Грузин бийлиги борборго “орусиялык өкүлдөр” деп аталгандарды коё беришкен. Бирок, чынында алар жөнөкөй журналисттер болгон. Лабораторияга кесипкөй вирусологдорду киргизүүдөн бийликтегилер негедир баш тарткан.  

“Журналисттерге сүрөттөрдү көрсөтүп, алар бул лаборатория Грузиянын саламаттыгын сактоо үчүн иштей тургандыгы жөнүндө легенданы түзүү менен, абдан кемсинген ролдо ойноп жатканын көрүүгө болот”, - деп ушул күнгө чейин Онищенко ачууланат. Ал дагы деле лабораторияны акыр аягы кесипкөй адистерге текшертүүнү талап кылып келет. “Баса, мындай укук биологиялык жана токсиндик курал боюнча конвенциянын контролдоо механизмине ылайык Орусияда бар”, - деп эске салды Онищенко.

Булак: http://www.ca-irnews.com/ru/analytics/58688-B8?fbclid=IwAR1jh_70SsvVcVm92j8c5ovgZptEVKzX5seXM0N1EZIAwA61yaroLDsPDeA