Ачып жүрүүгө акыбыз бар: Америкалык аялдар көкүрөктөрүн жыңалачтап, парадка чыгышты

30 октября 2018 Ачып жүрүүгө акыбыз бар: Америкалык аялдар көкүрөктөрүн жыңалачтап, парадка чыгышты

Нью-Йорк менен Лос-Анджелесте аялдар көкүрөктөрүн жылаңачтап, парадка чыгышты. Ушундайча аялзаты көкүрөктү ачык көрсөтүүгө укуктары бар экенин көрсөткүсү келген.

Бул тууралуу Daily Mail басылмасы кабарлайт.

Парадка чыккан аялдар Нью-Йорк, Лос-Анджелес, Феникс, Денвер жана Миннеаполис көчөлөрү менен басып өтүштү. Ошондой эле, ушуга окшош баш көтөрүүлөр Германиянын Фрайбург, Түштүк Кореянын Сеул, Чилинин Вальпараисо шаарларында болуп өттү.

Кээ бир аялдар денелерин бүтүндөй жыңалачтап, парадка чыкса, кээ бирөөлөрү мыйзамдан ары ашпоону туура көрүп, көкүрөктөрүн лента менен, же денеге арналган боёк менен жаап чыгышкан.

Калифорния менен Венецияда баш көтөргөн аялдар “бул бомба эмес, болгону эмчек” деген ниеттеги жазуулары бар плакаттарды алып чыгышкан.

Белгилей кетсек, мындай окуя жыл сайын аялдар укугу күнүнө карата өткөрүлөт.