Жаш кыз менен төшөктөш болгон молдо өзүн сынагандарга жооп берди

30 октября 2018 Жаш кыз менен төшөктөш болгон молдо өзүн сынагандарга жооп берди

Өзбекстандын дин кызматкеринин жаш кыз менен жыныстык катнашка барган учуру социалдык тармактарга тарап кеткен эле. 61 жаштагы карыя өзүн сындаган адамдарга жооп берди. Абдухамид Атажанов видеону мындан 6 жыл мурда милиция кызматкерлеринин тартканын айтат.

“Менин аялым жок. Ошондуктан, эч кандай күнөө иш жасаган жокмун. “Молдолорго төшөк катнашы менен алектенүүгө болбойт” деген сөз барбы? Мен өз үйүмдө аял менен жаткан элем, кирип келди. Ал аялды да кыйнаган жокмун. Мага “массаж жасап берем” деп өзү келди”, - дейт дин кызматкери.

Белгилей кетсек, 61 жаштагы карыя балалуу боло албай жүргөн аялдарды дарылайт экендиги белгилүү болду. Ал тургай, анын жардамына кайрылган бир нече аял өздөрүнө сексуалдык мүнөздөгү аракет жасаганын да айтышкан. Бирок, молдо мунун барын жокко чыгарды.