Алкап, сыймыктанып. Футболчу ак шумкарларга жааган соцтармактагы пикирлер

22 января 2019 Алкап, сыймыктанып. Футболчу ак шумкарларга жааган соцтармактагы пикирлер

Азия кубогунда алкагынын 1/8 финалында Абу-Даби шаарында Кыргызстандын курама командасы каршылашы Бириккен Араб Эмирлигинин командасына 3:2 эсебинде жеңилди.Анткен менен кыргызстандык футболчулар беттеште чеберчилик менен ойноп, мекендештерине дегеле, жалпы күйөрмандарга кызыктуу жана толкундаткан ирмемдерди тартуулады.

Улуттук курама команданын чейрек финалга чыкпай калышы кыргызстандыктардын футболчуларга болгон нааразылыгын жаратпастан, тескерисинче сыйын арттырып, колдоо сөздөрдү жаадырды.

Sputnik Кыргызстан өлкөнүн ичинде жана сыртында жүргөндөрдүн  социалдык тармактардагы пикирлерин чогултту.

Аларды көбүнөн  улуттук команданын оюнчуларына болгон ыразылыгын, баалоосун, сыймыктангандыгын окууга болот. 

Адегенде эле Бириккен Араб Эмирлигинен кайткан футболчуларды чоң салтанат менен тосуп алуу туурасында айтышты. 

“Футболчуларыбызды мамлекеттик, Өкмөттүк деңгээлде тосуп алыш керек,  деп жазды Семетей Талас уулу.



Дагы: sputnik.kg, фото-© AFP 2019 / Khaled DESOUKI