Александр Крестинин: биз мындан да чоң нерсеге татыктуубуз!

22 января 2019 Александр Крестинин: биз мындан да чоң нерсеге татыктуубуз!

Башкы машыктыруучу команда үчүн мелдештер аяктап калганы өкүнүчтүү экенин белгиледи.

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин оюнга көз салган калыстардын ишин талкуулабай турганын билдирди.

Кыргызстандын Футбол федерациясынын маалымат кызматынын жазышынча, Крестинин команданын бардык оюнчуларына, машыктыруучуларга жана кол кабыш кылгандарга ыраазычылыгын билдирген.

"Колдоо үчүн кыргызстандыктардын бардыгына рахмат айтам. Биз жакшы иш жасадык. Тилекке каршы, турнирден кетүүгө аргасызбыз. Калыстардын ишин талкуулабайм. Гол киргизүүгө мүмкүн болгон учурлар болду, аларды ишке ашыра албай калганыбызга өкүнөм. Атаандаштарга караганда көп ката кетирдик. Бирок бир нерсени так билем, биз туура жолдо кетип баратабыз. Мелдеш боюнча жакшы таасир калды", — деди Крестинин.

Ал ошондой эле команда үчүн мелдештер аяктап калганы өкүнүчтүү экенин белгилеп, "биз мындан да чоң нерсеге татыктуубуз, аны баары көрдү" деген пикирин айткан.

"Оюндан жогорку деңгээлдеги тажрыйба алдык, ал биздин кийинки өнүгүүбүзгө жардам берет. Биз мындай деңгээлдеги турнирге биринчи жолу катышып жатабыз. Кийинки беттештерде жакшы оюн көрсөтөбүз", — деди башкы машыктыруучу.

21-январда Абу-Даби шаарында футбол боюнча Азия кубогунда Кыргызстандын курама командасы Бириккен Араб Эмирлигинин командасына 3:2 эсебинде жеңилди.

Оюн Араб Эмирлигиндеги Zayed Sports City Stadium стадионунда өткөн.



Дагы: sputnik.kg, фото-© REUTERS / SATISH KUMAR SUBRAMANI