Ахмед Аль-Хатва: Ачарчылык йемен үй-бүлөлөрүнүн эшигин каккылоодо – “Алардын, жада калса, ыйлоого да алы жок”

29 октября 2018 Ахмед Аль-Хатва: Ачарчылык йемен үй-бүлөлөрүнүн эшигин каккылоодо – “Алардын, жада калса, ыйлоого да алы жок”

Йемендин балдары ачарчылык корукунучунун алдында турат

2014-жылдан бери Йеменде хусит көтөрүлүшчүлөрү менен ишенимдүү эл аралык деңгээлде кабыл алынган өкмөттүн аскерлери согушуп келет. 2015-жылы мартта бул согуш кыйла чоң масштабга ээ болду. Анда өлкөнүн аймагынын маанилүү бөлүгүн, борбор шаар – Сананы кошуп хуситтер басып алгандан кийин, өкмөт тараптагы аскердик күчтөргө араб аскер коалициясы башында турган Сауд Арабиясы кошулган.

2015-жылдын мартынан тартып кагылышуулардын жүрүшүндө он миңден ашык адам каза болгон, ада БУУ тарабынан “дүйнөдөгү эң оор гуманитардык каатчылык” деп мүнөздөлгөн.

Йемендеги жаңжал саясий, экономикалык, социалдык жана маданий чөйрөдө катастрофалык натыйжаларга алып келди. Чыр чатактын эң оор натыйжасы ачарчылык болп калды, ал азыр йемендиктердин абдан көп бөлүгүнө кулач жайды. Согуштук аракеттердин курмандыгы болгон балдардын трагедиясын белгилей кетүү керек, алар согушка катышуу үчүн тартылып, билим алуу укугуанн айрылып калышууда.

БУУнун статистикасына ылайык, Сауд Арабиясы жетектеген араб коалициясынын аба чабуулдарынын натыйжасында 1248 бала курман болгон, болжол менен ушунчасы жаракат алган. Ондогон бала ушул жылдын августунда өлкөнүн түндүгүндөгү Саада провинциясында мектеп автобусуна чабуул жасалганда каза болгон.

БУУнун балдарды коргоо боюнча комитети Эр-Рияддан жарандык калк боюнча чабуулду токтотууну талап кылып, Йеменде жарандык объектилерге “мыйзамсыз сауд чабуулунун” натыйжасында каза болгон балдардын өлүмүнө күнөөлүүлөрдү жазалоого чакырган.    

Ушул комитеттин төрагасынын орун басары Кларенс Нельсон өз билдирүүсүндө: “Биз алардан мындай аба чабуулдарын тезинен токтотуусун сурандык, бирок сауддуктардын түшүнгөнүнө жана сөз бергенине карабай, йемендик балдар каза болууда, майып болуп, аталарын жана энелерин жоготушууда”, - деп белгиледи.

Сауд Арабиясы бардык басымдарды башынан кечирип жатат, алардын арасында өздөрүнүн союздаштары да бар. Союздаштары үч жарым жылдан ашкан жаңжалда карапайым элдин өлүмүн болтурбоо максатын көздөшүүдө. Аталган жаңжал миллиондогон йемендиктердин ачкадан өлүүсүнө себеп болду.

Жаңжалдын тараптары ортосундагы кандайдыр бир саясий макулдашуу жок болгон шарттарда беш миллиондон ашык йемендик балдар убакыт менен тең “тирүү калуу үчүн жарышка” катышууда. ЮНИСЕФ “балдар үчүн тозок” деп аталган согуш дагы бир жылга узарса, алар көтөрө албайт деген кооптонуу бар.     

Йеменде эпидемия, баарынан да холера оорусу жайылып жатат. ага бир катар себептер бар, алардын ичинде – таза суунун жоктугу, тамак-аштын аздыгы, медициандык жабдуулардын жана дары-дармектердин жетишсиздиги. Гуманитардык уюмдардын маалыматы боюнча Йемендин 80% калкы, башкача айтканда 21 млн киши жардамга муктаж.

Мындан тышкары, калк үчүн кошумча кыйынчылыкты согуштун шартында жашооунун баасы өскөнү түзүп жатат. Ал улттук валютанын мурда болуп көрбөгөндөй төмөндөөсүнө алып келди. Экономиканын бузулушу жана араб коалициясы тарабынан Сана аэропортуна карата киргизилген блокада, ошондой эле хуситтер контролдогон деңиз порттору, анын ичинде Ходейда шаарындагы өлкөнүн ири порту көптөгөн йемендиктердин азык-түлүк товарларын жана таза сууну сатып алуу мүмкүнчүлүгүнөн кол жуудурду.

Чамыс, көпчүлүгүбүз ушул йемен азабын токтотуунун бир жолу баарын камтыгын саясий жөнгө салуу аркылуу тынчтыкты орнотуу болуп саналары менен макул болсок керек. Ал ишке ашканга чейин эл аралык уюмдар жаңжалдын катышуучуларын жана аларга таасир эткен тараптарды жарандык инфра түзүм боюнча, Ходейда портун кошо чабуулдарды токтотуу, Йемендик балдарга зарыл болгон жардамды коопсуз, сөзсүз жана туруктуу берүү боюнча тиешелүү укуктук милдеттемелерди аткарууга чакырууну уланта бериши керек.     

Аль-Хатва Ахмед Мохаммед​ – йемендик саясат таануучу, эл аралык мамилелер боюнча серепчи.

Булак:http://realtribune.ru/news/people/1208