Түн. Бишкекте КР футбол командасына күйөрмандык кылган эл. Фотофакт

22 января 2019 Түн. Бишкекте КР футбол командасына күйөрмандык кылган эл. Фотофакт

Күйөрмандар Бишкектин борборунда Кыргызстан-Бириккен Араб Эмирлигинин футбол боюнча курама командаларынын беттешин ири монитордон көрдү.

Бул жерге спорт таймашын көрүү үчүн миңге чукул адам чогулган. 

Алар гол кирген учурларда “Кыргызстан” деп ураан таштап, барабан кагып турушту. 

Оюндун жыйынтыгында Кыргызстан атаандашына 2:3 эсебинде утулду. 

Анткен менен коментаторлор менен социалдык тармакта интернет колдонуучулар эл аралык калыстар калыстыктан тайгандыгын айтып жатышты.

Кыргызстандын курама командасы өзүнүн тарыхында Азия кубогуна гана багыт албастан, плей-оффко өткөн эле. Бирок, команда бүгүнкү жеңилүүдөн кийин мындан аркы таймаштарга катыша албайт.



Дагы: sputnik.kg, фото-© Sputnik / Эмиль Садыров