Орусия менен Кытай эсептешүүдө улуттук валютаны колдонууга чакырды

29 октября 2018

Орусия менен Кытай дүйнөлүк экономикадагы сакталып турган тобокелдиктердин шартында эсептешүүнү улуттук валютада жүргүзүүгө чакырганын Орусиянын президенти Владимир Путин орус-кытай сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча билдирди.

“Орусия жана кытай тараптан эсептешүүдө улуттук валюталарды кыйла активдүү колдонууга кызыккандык тастыкталды. Бул глобалдуу рыноктордо сакталып турган шарттарында экспорттук-импорттук операцияларды банктык тейлөөнүн туруктуулугун жогорулатат”, - деди Путин.

Анын сөзү боюнча, биринчи жарым жылдыкта эки тараптуу товар айлантуу үч эсе көбөйүп, 50 миллиард долларга жеткен. “Ушуга байланыштуу жылдын аягына карата биз 100 миллиард доллар болгон товар айлантуунун жаңы рекорддук деңгээлине чыгабыз деп болжолдоого бардык негиз бар”, - деп кошумчалады орусиянын президенти.