Кыргызстан менен Орусиянын аймактарынын соода-экономикалык жана гуманитардык байланыштары – бекем кыргыз-орус мамилелеринин негизи

29 октября 2018

Кыргызстандын борборунда “Кыргыз-орус аймактар аралык кызматташтыгы багытындагы соода-экономикалык жана гуманитардык багыттар” деген темада эксперттик дискуссия болуп өттү.

“Евразиялыктар – жаңы толкун” фонду трабынан уюштурулган иш-чарага Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү жана эксперттик коомчулук, ошондой эле окумуштуулар жана ишкерлер катышты.

Талкуунун модератору “Евразиялыктар – жаңы толкун” фондунун Кыргызстандагы филиалынын директорунун орун басары Денис Бердаков аталган иш-чараны өткөрүүнүн актуалдуулугуна көңүл бурду.

- Кыргызстанда 2018-жыл аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыяланды. Анын чегинде калктын жашоосун сапаттуу жакшыртууда кыска мөөнөттүү жана орто мөөнөттүү максаттарды так көрө билүү менен ар бир аймакты, шаарды, айылды өнүктүрүү программасы иштелип чыгышы керек.

Орусия Федерациясы кыргыз айылдарынын айыл чарба продукцияларын негизги керектөөчү болуп саналат жана Кыргызстандын дал ошол аймактарынан жумушчулардын жоон тобу иштегенге барышат, алардын акча которуулары аймактардагы сатып алуучу суроо-талапты камсыз кылат.

Ошондуктан, Кыргызстандын аймактарындагы соода-экономикалык, билим берүүчүлүк байланыштарды талдап чыгуу жана жакшы практиканын негизинде областтар, шаарлар, аймактарден деңгээлинде аймактар аралык кызматташтыктын узак мөөнөттүү программасын жолго салуу абдан маанилүү. Мында ар бир региондун спецификасын (эмне өстүрөт, демографиялык кырдаалы кандай, кандай суроо-талаптары бар) жана өнөр жай кооперациясынын өнөктөштүк байланыштарын эске алуу керек.      

Орусиянын өнөр жай товарларын ири жеткирүүчүлөр менен болгон конкреттүү долбоорлор, Кыргызстандын аймактарынан айыл чарба продукцияларын реализациялоо боюнча сүйлөшүүлөр, конкреттүү ишенимдүү жумуш берүүчүгө эмгек ресурстарын (Кыргызстандын аймактарына орусиянын билим берүү программаларын/курстарын жайылтуу мүмкүнчүлүгү менен) жеткирүүнүн иштелип чыккан программалары – мына ушулар абдан келечектүү, андан да маанилүүсү – Кыргызстандын аймктарындагы калктын жашоосун жакшыртууда иштей турган механизмдер, - деп белгиледи саясат таануучу.

Кыргызстандын инвестицияларды жайылтуу жана коргоо боюнча агенттигинин инвестициялык дараметти өнүктүрүү бөлүмүнүн жетекчиси Уран Чекирбаев ушул багыттагы агенттиктин иши жөнүндө айтып берди.

- Биз азыр Кыргызстандын өнөр жай зонасын өнүктүрүү долбоорлорун жайылтып жатабыз. Анда чет элдик инвестицияларды тартууга басым жасалып жатат. бүгүнкү күндө биздин өлкөдө инвестор үчүн № 1 көйгөй болуп инфратүзүм менен жер участоктору жөнүндө маалыматтын жоктугу саналат. Ошондуктан биз ушул боштукту толуктап, жерлерди эске алуу менен долбоорлорду иштеп чыгуудабыз. Биз айрым жол-жоболорду жеңилетүү боюнча да, мисалы, инвесторлор көп убакыт коротпой уруксат берүүчү документтерди алуусу үчүн иштерди жүргүзүп жатабыз. Абдан татаал бюрократиялык система чет элдик капиталды тартуу жол-жобосун татаалдантат.

Биздин иштин дагы бир багыты – эскпортту жылдыруу. Көптөгөн ата мекендик компаниялар бул жаатта кыйынчылыктарга туш болуп жатышат. Сатып өткөрүү рыногун изилдөө көйгөйү, жада калса Орусияда дагы курч бойдон калууда. Биз биздин ишкерлерге керектүү компаниялар менен байланышка чыгууга жардам беребиз. Мындан тышкары, иш экспортко багытталган ишканалар үчүн жеңилдетилген насыяларды алып берүү боюнча да жүргүзүлөт, - деп билдирди Чекирбаев. 

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин азык-түлүк коопсуздугу жана агромаркетинг бөлүмүнүн башчысы Анара Беккулиева ата мекендик айыл чарба азыктарын өндүүрүчүлөр үчүн башкы көйгөй продукцияны чийки түрүндө экспорттоо экендигин белгиледи.

- 2017-жылы Орусияга кыргыз товарларынын экспорту 40%га өскөн. Орусиялыктар жемиштерди жана жашылчаларды, балды жакшы сатып алышууда, өзгөчө төө бурчактын экспорту өстү. Биздин ишкерлер үчүн көйгөйлүү суроо-талап – чет өлкөгө чийки түрүндөгү продукцияны алып чыгуу. Анткени, өтө аз бөлүгү аган кайра иштетилет. Ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн дагы бир көйгөйү – көбүнчө алардын продукциялары коңшу өлкөлөрдүн стандарттарына жооп бербегенинде, - деп белгиледи спикер.

Кыргызстандагы Орусиянын Соода өкүлчүлүгүнүн башкы эксперт адиси Алена Голубева Соода өкүлчүлүгү кыргызстандык өндүрүүчүлөрдү жана экспортерлорду колдоого даяр экендигин белгиледи.

- Кыргыз бизнеси үчүн да, орус бизнеси үчүн да негизги көйгөй болуп бири-биринин мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө тараптардын маалыматтын жоктугу саналат. Кыргызстандагы Орусиянын соода өкүлчүлүгү кызматташууга жана эки тараптуу соода-экономикалык мамилелердин өнүгүшүнө даяр. Биз канааттануу менен ишенимдүү орусиялык жеткирип берүүчүлөрдү тандоодо кыргызстандык компанияларга колдоо көрсөтөбүз. Биздин сайтта бардык зарыл болгон маалымат бар. Мындан тышкары, биз жолугушууга да даярбыз, - деди Голубева.

Экономика илимдеринин доктору, профессор Асылбек Аюпов Кыргызстанда аймактык өнүгүү маселелерин чечүүгө жөндөмдүү квалифкациялуу кадрлар жок экендигин билдирди.

- Бул боштукту окуу процессине “Аймактык экономика” дисциплинасын киргүзүүнүн эсебинен толуктоого мүмкүн болмок. Ал дээрлик бардык өнүккөн өлкөлөрдө бар, аталган колдонмо илимге Орусия Федерациясы чоң маани берип жатат. Анткени, маселе биздин фермерелер өз продукцияларын кайда алып чыгып жатканы жана аны кантип сатып өткөрөрү жөнүндө так элестете албагандыгында. Мындай маалыматты Экономика министрлигинде да, Айыл чарба министрлигинде да, башка кызыктар ведомстволордо да бере алышпайт. Ошондуктан, бизге мүмкүн болушунда тез арада аймактын өнүгүү маселелери менен иш алып барган квалификациялуу адистер керек, - деп түшүндүрдү Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университетинин “Улуттук экономика жана аймактын өнүгүүсү” кафедрасынын башчысы.

Экономикалык операторлордун эл аралык ассоциациясынын директору Геннадий Карабанов Кыргызстанда продукциянын сапатын баалоо үчүн лабораториялар жетишсиз экенине көңүл бурду.

- Азыр ар бир кадам сайын түрдүү анализдерди жасоого мүмкүн болгон медициналык лабораторияларды куруп коюшту. Бирок, эмнеге жеке ветеринардык лабораторияларды эч ким курбайт? Анткени, иштин мындай абалы чет элдик инвесторлорду качырып жатпайпы. Ошондой эле, кырдаалга ченемдик системанын толук иштелип чыкпаганы, адистердин жетишсиздиги жана министрликтердеги кадрлардын тез-тез алмашуучу терс таасирин тийгизип жатат, - деди Карабанов.

Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын экспортко жана логистикага көмөк көрсөтүү комитетинин төрагасы Кубат Рахимов өз сөзүндө өлкөнүн экономикасынын өнүгүүсүн жалпы жолунан токтотуп турган бир катар маселелерди козгоп өттү.

- Кыргызстандын айыл жерлеринде калктын 70%дан ашыгы жашайт. Анын негизинде биздин өлкөдө фермердин орто үлүшүнүн көлөмү 2 гектардын тегерегин түзөт. Айыл чарбасынын анча чоң эмес аянты иштин кирешелүүлүгүнүн төмөндүгүнө алып келет, ал эми кирешеси жашоо-тиричиликке кеткен негизги чыгымдарды жабууга гана мүмкүндүк берет.

Мындан тышкары, көйгөйлөрдүн жарымынан көбү – Кыргыз темир жолунда. Бул булганычты тазалоо керек. Эгер биз тоскоолдуксуз импорт менен экспортту камсыз кылсак, анда көпчүлүк казакстандык ишкерлердин көйгөйлөрүнүн көбү чечилет.

Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондуна келсек, анда ал “жалган-банктын” жобосу боюнча иштебеши керек, акчаны күрөөгө же пайызга бербей, так жана системалык долбоорлорду инвестиция кылуусу зарыл.

Ишкер Александр Степанюк бизнеске мамлекеттик колдоо көрсөтүлбөйт экенин мойнуна алды.

- Анан калса, Кыргызстан менен Орусия жактан колдоо жок. Ишкерлер өздөрү байланыштырды жөнгө салып жатышат. Банктарга келе турган болсок, алар албетте өздөрү үчүн тобокелдиктерди азайтышат. Биз жылына 30%дык насыя алган убактар болгон, азыр чендер төмөндөгөн, бирок алар баары бир жогору бойдон калууда. Ал эми биз каржы маселерин чечүү үчүн, аларга макул болууга мажбур болобуз.

Ички бизнес кыйынчылыктарды баштан өткөрүп жатат, анткени финансылык каражаттар жетишпей жатат, ал эми салууга эч нерсе жок – баары эчак күрөөдө. Ошондуктан, ишкерлер өз бизнестерин майдалоого аргасыз. Менин оюмча, экономикага саясаттын тийгизген таасири болушу керек, бирок ал жемиштүү болушу шарт,- деди спикер.

“Polit.kg” маалыматтык-аналитикалык порталынын башкы редактору Аркадий Гладилов көйгөйдүн тамырын саясий жараяндардан көрдү.

- Биз бүгүнкү күндө айтып жаткан көптөгөн кыйынчылыктар экономикадан эмес, көп учурда саясий чечимдерден көз каранды. Журналист катары мен орусиялык инвесторлордун Кыргызстандын экономикасы үчүн келечектүү сунуштары дал ушул бирюкратия же жергиликтүү жетекчилердин кесипкөйлүгүнүн жөнөкөй жетишсиздигине байланыштуу ишке ашпай калып жаткан учурларды көп байкадым. Анын үстүнө, мындай учурлардын көбүндө эч кандай объективдүү себептер жок, - деп белгиледи Гладилов.

“Чыгыш-Батыш стратегиясы” аналитикалык борборунун башчысы Дмитрий Орлов Орусия менен Кыргызстандын аймактары ортосундагы  экономикалык кызматташтык жолунда жаралган кыйынчылыктарды 3 проблемалык блокко бөлдү.

- Чынында, алардын баары төмөнкү көйгөйлөргө барып такалат. Эң башкысы, ЕАЭБ өлкөлөрү азыр бири-бирине өнөктөш эмес, атаандаш катары мамиле кылышат.

Экинчи көйгөй инвестиция жаатында жатат. Кыргызстанда кыйынчылык акча тез кирешеси кепилденген тармактарга гана же өндүрүүгө жана биржада белгиленген айрым товарларга кетип жатканында болууда. Экономиканын бардык башка тармактарында алар Кыргызстандын жумушчуларынын социалдык камсыз кылууга кетирген өтө чоң чыгымдардын себебине байланыштуу келишпейт. Үчүнчү маселе – жетишилген келишимдер менен макулдашууларды сактоонун үстүнөн көзөмөлдүн механизминин жоктугу. Мындайлар түзүлмөйүнчө, кол коюлган документтердин чыныгы баасы алар кол коюлган кагаздардан кымбат болбойт, - деп билдирди саятсат таануучу.

Жандуу талкуунун жүрүшүндө сунуштар менен көрсөтмөлөрдүн айтылганын белгилей кетүү керек. Атап айтканда, эксперттик отурумдун катышуучулары Кытайды мисал кылып, инфратүзүм менен камсыз болгон жаңы өндүрүштүк аймактарды жайгаштыруу үчүн атайын уюштурулган индустриялык парк түзүү зарылдыгы жөнүндө бир пикирге келишти.