21 января 2019
Сууга түшүп кеткен унаанын ичинде аялы менен күйөөсү жана алардын үч баласы болгон.
\ Казакстандын чыгышындагы Бухтармин суу сактагычында муз жарылып, сууга жеңил унаа кирип кетти. Бул тууралуу ИИМге шилтеме берипSputnik Казакстан агенттиги жазды.
Каргашалуу окуя 18-январь күнү саат 21.00дөр чамасында болду.
"ВАЗ-2019" үглүсүндөгү унаа суу сактагычтагы муздун үстүнө барган. Ошол убакта муз аны көтөрө албай, сынып кеткен. Машинанын ичинде аялы менен күйөөсү жана алардын үч баласы болгон. Төрт адам өз алдынча чыгып, беш жаштагы кыз чөгүп кетти", — деп жазылган макалада.
Ишемби күнү эртең менен куткаруучулар издөө иштерин баштап, саат 9.30да наристенин сөөгүн таап чыгышты.
Дагы: sputnik.kg, фото-© Фото / КЧС МВД РК