Ооганстан мурункудай эле Борбордук Азияда курч абалда турат. Ошол эле учурда, өлкөдө дээрлик 17 жыл америкалык аскерлер орун алып келишет. Ал эми Ак үй өкмөттүк институттарды каржылайт. Бирок, Ооганстандын ичиндеги уруулар аралык катуу атаандаштык америкалыктардын аракетин текке кетирип жатат. Ошондуктан, азыркы абал алар үчүн туңгуюк бойдон калууда, - деп эсептейт казакстандык тарыхчы, чыгыш таануучу, Азиялык изилдөөлөр институтунун директору Султан Акимбеков. Саясат таануучу ооган проблематикасына карата Москва менен Вашингтондун көз караштары кандай айырмаланарын, эмнеге Борбордук Азияда талибдер активдешип жатканын жана ооган маселесин жөнгө салууда Өзбекстандын кызыкчылыгы эмнеде экенин айтып берди.
- Султан Магрупович, Ооганстан аймагынан Борбордук Азия өлкөлөрү үчүн кандай коркунуч жаралып жатат?
- Ооганстан бардык коңшулары үчүн, анын чичинде Борбордук Азия үчүн, сөзсүз чоң көйгөй бойдон калууда. Мында негизги маселе Ооганстанда натыйжалуу иштей турган мамлекеттик институттарды калыбына келтирүү такыр ишке ашпай жаткандыгында.
Бүгүнкү күндө ооган мамлекети сырткы жардамга абдан көз каранды. Өлкөдө ички саясий карама-каршылык абдан абдан маанилүү.
Дээрлик иш түрдүү коомдордун ортосундагы тирешүү жөнүндө болуп жатат. Алардын арасында этникалык, диний, уруулук коомдор бар. Ага кошумча алардын көпчүлүгү жеке өздөрүнүн куралдуу милициясына ээ, бул кырдаалды андан да татаалдантат.
Негизи, Ооганстанда мамлекеттүүлүктү калыбына келтирүүгө болгон АКШнын бардык аракети коомчулук ортосундагы атаандаштыктын жогору болгондугунан улам ишке ашкан жок. Мындай кырдаалда батыштын демократиялык баалуулуктары иштебейт. Ошондуктан, АКШ үчүн азыркы кырдаал туңгуюк сыяктуу болуп жатат. Алар оогандык мамлекеттик институтттарын, армияны жана өкмөткө баш ийген милицияны каржылоого аргасыз болуп жатат. Ошол эле учурда, ар кандай шайлоолор Ооганстанда стресстик кырдаал түзүшөт, анткени коомчулук арасында атаандаштыктын өсүүсүнө алып келет.
Ошол эле учурда, бул ооганстандын ичиндеги атаандаштык экенин белгилей кетүү керек. ал ички саясий процесстерде артыкчылыкка жетишүүгө багытталган. Ага ылайык, башкы көйгөйлөр Ооганстандын ичинде болууга орду бар жана сырткы агрессияга багытталган эмес. Негизги ооган коомчулугунда бул үчүн ресурстары да, тиешелүү идеологиясы да жок.
- Ооганстандагы радикалдуу топтор тууралуу сиз эмне айтып бере аласыз? Алар жергиликтүү коомчулуктар менен кантип алака түзүшөт?
- Жада калса “Талибан” кыймылы – бул биринчи кезекте исламдагы деобандизм багытына жакын, абдан башаламан идеологиясы бар пуштун кыймылы. Өзүнүн гүлдөп турган мезгилинде талибдер бир эле учурда коомдун жашоосунда диндин ролун радикалдык түрдө жогорулатууга, Ооганстанда пуштундардын басымын жогорулатууга аракет кылышкан.
Ошондуктан, Ооганстан тараптан Борбордук Азия үчүн негизги коркунучтар төмөнкүлөр менен байланышкан, бул жерде натыйжалуу борбордук бийликтин жоктугунан мамлекеттик контролдон эркин аймактар теориялык жактан болушу мүмкүн.
Аталган аймактарда кайра эле теориялык жактан тиешелүү максаттарды көздөгөн радикалдык топтор пайда болушу мүмкүн.
Бирок, бул жерде беглигей кетчү нерсе, эгер борбордук бийлик тарабынан тигил же бул аймакты контролдоо жок болсо, бул ал жакта эч кандай конроль жок дегенди билдирбейт. Анткени, Ооганстандын бардык жагында тигил же бул коомчулук бар, аларды курал да, басым да бар. Ошондуктан, алардын аймагында радикалдык топтордун пайда болуусу алардын макулдугу же катышуусу жок жүрбөйт. Мында, дагы бир жолу кайталайм, бардык коомчулукта жергиликтүү кызыкчылыктар бар. Бул Борбордук Азия менен чектеш аймактар үчүн да адилетүү. Ошондуктан, Ооганстандагы кырдаалды түрдүүчө баалоодо аталган учурларды эске алуу керек.
- Эмнеге талибдер Борбордук Азияда активдүүлүгүн көрсөтүп жатат? Сиз муну эмне менен түшүндүрүп бересиз?
- Бул жерде Ооганстандан болуучу коркунуч маселеси ар дайым геосаясий мүнөздү алып жүрөрүн эске алуу керек жана буга тиешелүү түрдө мамиле кылуу керек. аталган учурда АКШнын да, Орусиянын да регионго болгон көз карашы ар башка экени мааниге ээ.
Вашингтон Ооганстан менен Борбордук Азиянын ортосундагы өз ара мамилени кеңейтүү боюнча ар түрдүү долбоорлорду колдоп келет. Ошол эле учурда Москва Борбордук Азияынын коопсуздугуна, башкача айтканда регионду түштүк тараптан болуучу сырткы коркунучтардан коргоого көбүрөөк көңүл бурат.
Мына ушундан Ооганстандагы процесстерге карата түрдүү мамиеле ккелип чыгат. Моквадагылар аларды потенциалдуу коркунуч катары эсептейт. Ошол эле учурда АКШ жана Ооганстандын өзүндөгүлөр, тескерисинче, мындай коркунучтун жоктугу жөнүндө айтышат.
Талибдер Ооганстандын түштүгүнөн түндүгүнө саны боюнча абдан чоң отряддарды жөнөткөндүгү, же чек арада түркмөндөр талибдер тарабынан жасалган чабуулдарга туш болгондугу жөнүндө сөз болгондо, атлагн учурда эмне жөнүндө сөз болуп жатат деген суроо пайда болот. Түндүккө Нангархар сыяктуу түштүк-чыгыш провинциялардан талибдердин пуштун отряддары уюшкандык менен келди деп айтууга болобу? Жада калса, эгер өкмөттүк армиянын түзүмдөрү менен полицияны эске албаганда, пуштундар менен түндүктүк улуттук азчылыктардын (тажиктер, өзбектер, хазарлар, түркмөндөр) ортосундагы олуттуу карама-каршылыктарды эске алганда Ооганстандын түштүгүнөн барган миңдеген туштун согушкерлери улуттук азчылыктардын көп сандаган жергиликтүү талаа командирлери контролдогон аймакка оңой эле батып кетет деп эсептөөгө болобу?
Мында, азыркы “Талибан” – бул каардуу, ливандык Хезболла сыяктуу иерархиялык бекем уюм эмес экендигин эске алуу керек. Бул көбүнчө кол чатыр сыяктуу бренд, ал бүткүл өлкө боюнча анча чоң эмес көптөгөн отряддарды бириктирип турат. Ошондуктан, Ооганстан менен Тажикстандын жана Түркмөнстандын чек араларындагы кыйынчылыктар – бул жергиликтүү проблематиканын чагылдырылышы деп айтуу логикага ылайык болот. Мисалы, бардык милициядан куралбаган отряддар өкмөткө баш ийишет, аларда өздөрүнүн кызыкчылыктары болушу мүмкүн. Ошол эле Түркмөнстан 90-жылдары чек аранын ооган тарабындагы түркмөн түзүмдөрүн каржылаган жана жалпысынан ошол эле талибандар менен тыгыз мамилени кармап келген. Ошондуктан, чек арадагы көйгөйлөр – бул жергиликтүү проблематика, ал экономикалык мааниге ээ болушу мүмкүн деп эсептесе болот.
Ошол эле учурда, талибдердин өздөрү ар дайым аларда Борбордук Азияга карата пландары жок экенин айтып келишет.
- Ушул согушкерлердин көпчүлүгү – Борбордук Азия өлкөлөрүнүн тургундарыбы?
- Адатта сөз Ислам мамлекетинин чегинде Жакынкы Чыгышка согушууга кеткен Борбордук Азиянын тургундары жөнүндө сөз болот. Андай адамдар абдан көп болгон, бир эле Казакстанда атайын кызматтар болжолдуу жүздөгөн адамдардын саны жөнүндө айтышкан. Албетте, алардын көпчүлүгү карман болушту, бирок калгандары менен эмне болду деген маселе жаралат. Алардын көпчүлүгү Борбордук Азияны бутага алууну каалап Ооганстанга барган деп эсептелет.
Бирок, ушул жерден бул адамдардын баары идеологиялык жактан салафиттерге карагандыгына көңүл буруу керек. Ошол эле учурда Ооганстанда салафиттер өзгөчө колдоого ээ эмес. Эске салсам, талибдердин өздөрү деобандизм багытын карманышат, идеологиялык боюнча радикалдык, бирок салафиттик эмес жана алардын ортосунду абдан олуттуу карама-каршылык бар.
Жай айында талибдер Ооганстандын түндүгүндө Ислам мамлекети түзүмүн талкалады жана ушул эле нерсени түштүк-чыгыш провинцияларда жасаганы жатат деген маалымат тараган.
Бул маалыматка кандай караба, Ооганстанда ИМ же бул уюм менен байланышкандардын баары Борбордук Азиядагы чек арада өз ордун жоготушууда.
Ал тургай, эгер Ооганстанда Жакынкы Чыгыштагы ИМдин катарында согушуп жаткан Борбор Азиядан барган согушкерлер бар болсо, анда алар аз жана азыр алардын бул өлкөнүн түндүгүндө көз карандысыз аймагы жок экенин түшүнүү керек. Бул жерде жергиликтүү жашоочулардан тажиктер, өзбектер, хазарлар, түркмөндөр, түндүк пуштун коомунун көп таасирдүү күчтөрү бар. Алардын айрымдары бүгүнкү күндө “Талибанга”, башкалары өкмөткө ишенимдүү болушу мүмкүн. Бирок, башкысы, чек арада кандай болгон учурда да жергиликтүү ооган күчтөрү басымдуулук кылат.
- Бүгүн сиз Орто Азиядагы диний экстремизге катыштуу абалды кандай баалайсыз? Эмне үчүн Орто Азия өлкөлөрүнүн жарандары согушкер болуп, Жакынкы Чыгышка кетип жатат?
- Аймактын дээрлик бардык мамлекеттери ар кайсы убакта радикалдуу топтор менен кагылышып турган. Бул жерде Орто Азиянын бардык мамлекеттери СССР убагында ислам дүйнөсүндө орун алган бардык жараяндардан обочолонгон экенин эсибизден чыгарбашыбыз керек.
СССР кулагандан кийин ислам дүйнөсү менен активдүү өз ара аракеттешүүлөр башталды. Бул кызматташуунун алкагында көптөгөн диний агымдар пайда болду, алардын кээ бирөөлөрү Жакынкы Чыгышта билим алышты. СССР учурундагы мурдагы кеңештик коомдо диний институттардын жоктугунан диндин өсүшү эң төмөнкү деңгээлде сакталган, ошондой эле, диний бийликтин ачык жетишсиздиги, анын ичинде өтө радикалдуу идеологияларды жайылтууга шарт түздү.
Ошентсе да, радикалдардын пайда болушу – бул баары бир массалык жараян эмес. Мындан тышкары, Орто Азия мамлекеттеринин ар бири радикалдар менен күрөшүү системасын курду. Чынында, болжол менен 2014-жылы Жакынкы Чыгышка алардын агып кетүүсү, белгилүү бир мааниде, Борбордук Азияда алар өз идеясын ишке ашыруунун өзгөчө мүмкүнчүлүктөрү жок экенин көрсөтөт.
Биз Борбордук Азияда азыр өтө татаал жараяндар жүрүп жаткан ислам дүйнөсүнүн бир бөлүгү экенибизди жана муну ар дайым эске алуу керек экенин белгилеп кетким келет.
- АКШнын жаңы стратегиясы Ооганстанда өлкөнүн коопсуздугуна таасирин тийгиздиби?Бул стратегияны кабыл алуу менен Ооганстанда кандай өзгөрүүлөр болду? Жөнөкөй ооган элине жакшы болдубу?
- Ооганстандагы АКШнын таасири ар кандай мамиледе болушу мүмкүн. Бирок, биринчи кезекте эки аспектини бөлүп кароо керек. Бул каржылоо болбосо, мамлекеттик мекемелери сырткы күчтөрдүн колдоосун пайдаланган ооган коомчулугунун ортосунда көп мүмкүнчүлүк даражасы бар күрөштүн объективдүү атаандашы болмок.
Экинчи биринчиден агып чыгат: АКШ чындыгында ооган коомчулугунун ортосундагы татаал мамилелерде арбитрдин ролун аткарат.
Орусия президенти Владимир Путин 2017-жылдын декабрында америкалыктарсыз Ооганстанга оор болмок деп айтканы менен макул болсо болот.
Америкалыктардын таасири – биринчи кезекте мамлекеттик мекемелердин туруктуу иштешин камсыз кыла албайт жана, албетте, өлкөнүн ичиндеги коопсуздук көйгөйлөрүн чечүүгө байланыштуу көптөгөн маселелерди жойбойт.
- Жакында Талибан өкүлдөрү Ооганстандагы көйгөйлөрдү тынч жөнгө салуу тууралуу сүйлөшүүлөр үчүн Өзбекстанга келишти. Ооганстанда Өзбекстан чын эле эмнеге таасир этиши мүмкүн?
- Өзбекстан – Ооганстан менен чек аралаш абдан маанилүү бир өлкө. Иш Ооганстандагы калктын 10%ын түзгөн жыш жайгашкан чоң өзбек диаспорасында гана эмес. Өзбекстандын ал жакта олуттуу экономикалык кызыкчылыктары бар. Ташкент Мазари-Шарифке темир жол курду, Кабулду электр энергиясы менен камсыз кылды. Мындан тышкары, түштүк портторуна, атап айтканда, Пакистанга мүмкүндүк алуу идеясы Өзбекстан үчүн кызыгуу жаратат. Бул өзбек экономикасы үчүн транспорттук чыгымдарды кыйла азайтат. Ошондуктан, Ташкент эмне үчүн Талибандар менен сүйлөшүүлөргө барууну чечкени толук түшүнүктүү. Акыр-аягы, АКШ менен Орусия дагы талибдер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Белгилей кетсек, сентябрдын башында талибан делегациясы Москвага келери күтүлүүдө.
Күзүндө Ооганстанда парламенттик шайлоо өтөт. Өзбек коомчулугу өзүнүн 10 пайыздык добушу менен өз кызыкчылыктары бар көптөгөн жамааттары бар өлкөдө маанилүү роль ойной албайт. Ошондуктан, Өзбекстандын кызыкчылыгы түшүнүктүү жана анын мүмкүнчүлүктөрү кыйла маанилүү.