АКШ орусиялык “Авангардды” кууп жете алабы

18 января 2019 АКШ орусиялык “Авангардды” кууп жете алабы

Орусиянын президентинин катышуусунда “Авангард” гипер үндүү ракеталык системасын сыноо жүргүзүлдү. Ал жөнүндө Владимир Путин өткөн жылдын жазында Федералдык жыйынга жөнөткөн катында айткан. Гипер үндүү (башкача айтканда, үндүн ылдамдыгын жогорулаткан) куралдын пайда болуусу орусиялык ракета кыруунун тарыхында жаңы доорду ачат – эгер, албетте, “Авангардды” сыноо чын эле ийгиликтүү өткөн болсо.   

Үчүнчү күнү Орусияда гипер үндүү “Авангард” системасынын сыноосу болуп өттү. Расмий маалыматтар боюнча, ракета Оренбургдагы Домбаровск ок атуу талаасынан коё берилип, Камчатск крайындагы Кура ок атуу талаасындагы бутаны жок кылган. Москвадагы Коргонуу башкармалыгынын улуттук борборуна келген президент Владимир Путин шарттуу бутага коё берүүгө команданы өзү берген.

Бир несе саат өткөндөн кийин Путин өкмөт менен болгон жолугушууда сыноонун ийгиликтери жөнүндө айтып берди. Президент “Авангардды” түзүүчүлөргө, сыноонун катышуучуларын жана Коргоо министрлигин мыкты жасалган иштер үчүн ыраазычылык билдирди. Путиндин сөзү боюнча, Орусия дүйнөдө биринчи болуп стратегиялык куралдын жаңы түрүнө ээ болду.

“Авангард” системасынын негизине жаткан идея ишке ашыруу үчүн жеңил жана ошол эле учурда татаал: гипер үндүү ылдамдыкта учуунун алкагында континенттер аралык баллистикалык ракетанын куралдары бутаны жок кылардын алдында акыркы участокто башкарыла турган буйтоону жасай алышы керек. Бул кырдаал ракетага каршы коргонуунун заманбап системарына мындай ракеталарды атып түшүрүүгө мүмкүндүк бербейт.  

Орусиялык куралдын жаңы түрү Оренбург областынын Домбаров дивизиясына куралданууга кийинки жылы берилет. Сөз эки пусктуу орнотмосу бар полк жөнүндө болуп жатат.

Телеграм-каналы билдиргендей, “Авангард” ракеталык комплексин сыноону ийгиликтүү аягына чыгаруу, албетте, чоң жеңиш. Орусия буга жетүүгө дээрлик кырк жыл аракет кылган – 1980-жылдары эле аталган системаны иштеп чыгуу башталган”.

Чынында, “Авангард” “Ярс” долбоорунун уландысы болуп саналат, ал өз кезегинде башка “Тополь-М” долбоорунун уландысы болуп саналат, анын үстүнөн иштөө СССРдин мезгилинен бери башталган.

Комплекс Орусиянын алдыңкы ракеталык-космостук фирмаларынын бири – москва алдындагы “Машина куруу илимий-өндүрүштүк бирикмеси” тарабынан иштелип чыкты. Сыноолор 2004-жылдан баштап жүргүзүлгөн. 2011 жана 2012-жылдарда Плесецк космодромунан биринчи эки пуск жүргүзүлгөн. Алып жүрүүчү эбак текшерилген: бул ракета шахталык база болгон, ал куралданууда 1975-жылдан бери пайдаланылат. Анын максималдуу узактыгы – 10 миң километр.

Анын алдында АКШнын бийлиги 22-январга программаны ишке киргизүүнүн презентациясы дайындалгандыгын жарыялады, анын акыркы максаты гипер үндүү курал түзүүдө болуп саналат. Белгилүү болгондой, АКШ эле эмес, Кытай дагы тиешелүү иштеп чыгууларды жүргүзүп жатат. Презентацияны Пентагондун калкасы алдында Келечектүү изилдөө долбоорлору боюнча агенттиги өткөрөт.

Дал ушул агенттик коргоо тармагында илимий-изилдөө жана тажрыйбалык-конструктивдик иштер үчүн таоаптарды түзөт. МАСН долбоору англис тилинен которгондо: гипер үн үчүн спецификацияларды жана материалдардын курамын иштеп чыгуу программасы, ал гипер үндүү куралды түзүүнүн негизги көйгөйүн чечүүчү болуп аныкталган.

Анткени, гипер үн менен жүргөн объектилер, анын үстүнө кандайдыр бир буйтоолорду жасагандар абада жогорку сүрүлүүгө туш болот. Агы өзгөчө материалдар гана туруштук бере алат, алар Орусияда бар, ал эми америкалыктарда жок. Башкаруунун өзгөчө системасы бар башка дагы көйгөйлөрдү чечүү оңой.

Азырынча америкалыктар гипер үндүү аскердик блоктуу ракета алып жүрүүчүлөрдү тесттен өткөрүүгө гана жетишкен: ноябрда тынч океандын аралдарынын биринде Томагавк ракетасын сынагандыгы жөнүндө АКШнын коргоо министрлиги билдирген.

1-марттагы Путиндин сөзүнөн кийин Пентагондогу булактар ракеталар чынында даяр эмес жана орусиянын жетекчилиги жөн эле куру кыйкырык кылып жатат деп билдирип, америкалык аудиторияны тынчтандырууга аракет кылды.

Октябрь айында CNBC телеканалы америкалык чалгындоогу өзүнүн булагына шилтеме жасоо менен, Орусия гипер үндүү курал жасарына күмөн санай тургандыгын билдирген. Теле жаатындагылардын ушул күмөнүн Пентагондун өкүлү Эрик Пехон колдогон. “Биздин аңдыгынабыз - Орусиянын жогорку технологиялуу куралды иштеп чыгуу аракети экендиги анык. Кандай болсо да, биз азырынча далилдерге караганда ийгиликтер жөнүндө катуу билдирүүлөрдөн башка эч нерсе көрө элекпиз”, - деди телеканалга Пэхон.    

Аскердик илимдер академиясынын академиги Андрей Кошкин бул боюнча ВЗГЛЯД гезитине мындай деген: “Ушул жылдын мартында Федералдын когулуштун алдында биздин президенттин сүйлөгөн сөзүнөн күмөн санаган скептиктердин ою таш-талкан болду: жыл айланбай сыноо өткөрүлдү”.

Ал америкалыктар гипер үндүү курал жаатында кууп жетпей жүргөн абалда кала берерин белгиледи. “Ал жакта олуттуу реформалар керек, - деп белгилейт сесрепчи. – Балким, ушундай улам январдан тартып АКШнын коргоо министри болуп Патрик Шанахан дайындалар. Ал ракета курууну өнүктүрүү менен дагы алектенет”. Кошкин Шанахандын аскер өнөр-жай комплексинен чыккандагына, өзүнөн мурунку аскердик кадр Джеймс Мэттистин карама-каршысы экендигине көңүл бурган. “Петагондун жетекчиси кыылып дайындоо менен Дональд Трамп аскердик өнөр-жай комплексинде кыйроолор бар экенин, аларды оңдоо керектигин белгилейт”, - дейт Кошкин. МАСН долбоору, анын пикиринде, ошол кыйроону оңдоо аракети болуп саналат.

Аны менен катар “Лампас кийген адамдын көз карашы” телеграм-каналы “Авангардды” коё берүү ийгиликтүү болгондугуна аягына чейин ишенбейт.

“Ракетаны коё бергенинин видеосу жарыяланды. Аскердик блоктордун кол салуусу тууралуу эмне айтууга болот?

Бул мараны көрсөтпөй туруп, марафонлун башталышын тартуу менен барабар. Ок атууну көрсөтүп, бирок анын бутага тийген жыйынтыктарын көрсөтпөө болуп саналат”, - дейт телеграм-каналадын автору.

Ушул фактыга түшүндүрүүлөрдү келтирген эмес. “Төлгө салуунун кереги жок. Болгону “Авангарддын” ийгиктүү сыноосун айтып жатабыз - азырынча чыныгы далилдер менен тастыкталбаган билдирүүлөр агана бар”, - деп жыйынтыктайт ал.

АКШда белгилүү аскердик серепчи, Defense & Foreign Affairs  journal басылмасынын кожоюну дагы үчүнчү күнү Москванын билдирүүсүнүн чындыгынан күмөн санагандыгын билдирди. “АКШда, Кытайдагыдай эле, жеке гипер үндүү системалардын үстүнөн иштөө жүрүп жатат. Азырынча алардын пайда болуусу келечектин иши болуп саналат, - деп айтты ал ВЗГЛЯД гезитине. – Бирок, эч ким гипер үндүү системанын маанисине баа бербей коё албайт. “Авангардды” түзүү тажрыйбасы АКШда кылдаттык менен изилденип жатат деп ишенем”, - деди ал.

Орусиялык аскердик аналитик Александа Гольц “Авангард” идеясы эскирип калган, ал 30 жыл мурун американын ишке ашпай калган стратегиялык коргонуу демилгеси долбоорунун ракетага каршы коргонуусунан өтүү үчүн 80-жылдары эле керек болчу деп эсептейт.

“Гипер үндүү куралдын үстүнөн иштөө жүрүп жатат. Бирок, космосто пландап, маневр жасап, андан кийин аба мейкиндигине өтө турган гипер үндүү курал болуп саналган “Авангард” стратегиялык коргонуу демилгесинин болжолдуу архитектурасы болгон учурда гана мааниге ээ болот. Калган учурларда биз үчүн дагы, америкалыктар үчүн дагы пайдасы жок”, деп айтты ВЗГЛЯД гезитине серепчи. 22-январга болжолдонгон презентация тууралуу айта турган болсок, Гольц мындай дейт: америкалыктар “Авангарддын аналогун түзүү тапшырмасын өз алдыланыра койгон жок, алар куралдын башка түрүн жасай башташат.

Булак: https://vz.ru/politics/2018/12/26/253362.html?fbclid=IwAR0Zgaom9ePAoAPGtSUUHFsRjtnOP_2YmQNjr3QuBPgmfXKVpFbCuBEPFfQ