Евразия өнүгүү банкынын башкармалыгынын төрагасы Андрей Бельянинов: Доллардын качуу керек...

29 октября 2018

Жашыл акчага алтын теңге каршы

- Доллар каалган нерсесин жасайт – же кулайт же секирет. Ал эми биз болсо ишти жабыркатып жатабыз. Бул кокустуктан коркууну кантип токтотууга болот?

- Балким, бул жакында жок болбойт, анткени буга кандай тиешең жок болсо да, бүткүл дүйнөлүк экономика доллар менен байланыштуу. Ал чынында өзүн кежир төрөнүн кызындай алып жүрөт. Кескин өзгөрүү жемишсиз жоготууларга алып келет, инвестициялык долбоорлорго салынган каражат менен салымдардын нарксыздануусу байкалат.

Ошондуктан азыр төлөөнүн альтернативдик каражатына көбүрөөк кызыгуучулук артып келет. Жаңы эл аралык төлөм системасын түзүү планы бар – мындай талкуулар БРИКСте да болуп жатат, ал тургай G-20нын каатчылыкка каршы саммитинде да жаңы дүйнөлүк валюта системасынын жоболору боюнча консультациялар өткөрүлдү. Улуттук валюталарга болгон кызыгуу да өсүп жатат.

Орусиядан Астанага барган газ түтүктөрүн курууда доллар боюнча эсептөөнүн эмне кереги бар? Жеткирүүнүн 90%, эмгек төлөм фонду жана аны менен байланышкан бардык нерселер биздики, калган материалдар казактыкы.

Доллардын эмне кереги бар? Ошондуктан, ушул долбоор боюнча негизги каржы институттарынын бири Казакстандын өнүгүү банкы бирге теңге менен эсептейбиз.

- Америка өз учурунда бүткүл дүйнөлүк рынокту доллар менен эсептөөлөргө которду. Эмне үчүн биз да жок дегенде ушундай евроазиялык кичинекей дүйнөнү алып, рублдык эсептөөгө которбойбуз?

- Ошондой болот, мен ишенем. Тарыхты эстесеңиздер.1922-жылы жаңы экономикалык саясат жарыяланганда, жаңы алтын теңгени киргизишти – бул аркылуу дээрлик обсалюттук обочолонгон кырдаалдагы Советтер Союзунун экономикасын турукташтырууга мүмкүн болду...

- Учурдагы санкцияларга окшош нерсе...

- Ал учурда кыйла оор болгон! 1944-жылы Бреттон-Вуд келишиминде дүйнөлүк экономиканы АКШ долларына алмаштырган кезде көпчүлүк өлкөлөр убагында ушундай жолду улантышкан.Ошондо ал 100% алтын менен камсыздалган деп жарыяланды. Байланыш жыйынында советтер союузунан барган делегаясиясы кол койгону менен, бирок аягында жыйындын документтерин СССР ратификацияланган эмес. Балким, Сталинге ЭВФ жана ЭРӨБ мүчөлүгү Советтер Союзуна орду толгус зыян алып келиши мүмкүн экени айкын болгон чыгар. Убакыттын өтүшү менен, доолардын алтын мазмуну жоголгон, ал кесилген жашыл кагазга айланды, бирок дүйнөлүк эсеп бирдигинин ролу сакталуу бойдон калды. Муну менен эсептешүүгө туура келип жатат.

- Доллар экономикалык согушта куралга да айланды. Коргоо барбы?

- Согуштун так өзү! АКШ улуттук коопсуздуктун кызыкчылыктары үчүн ар кандай билдирүүлөрдү карманып келет же АКШ долларында соода жүргүзүшөт деген негиз менен гана каалаган ишкана же мамлекетке каршы санкцияларды киргизишет.

Алтын – мына идеалдуу коргоо! Анда саясий тобокелчилик жок. Бажы биримдигине мүчө мамлекеттердин аймагында анын запасы (камылгасы) жетиштүү. Буга кошо Орусия АКШнын облигацияларын сатып алуудан баш тартты жана сары металлды сатып алып жатат. Ошондуктан, биз рублди алтын менен камсыздандырылган бирдиктүү эсептөө бирдигин толук жасай алышыбыз мүмкүн. Бул металлдын дүйнөлүк запасынын 17% бизде – дүйнөдө бешинчи орунда турабыз.

- Адамдар мурдагыдай эле “жашылга” ишенишет – алтындан бардык курсту көзөмөлдөгөн кандайдыр бир нерсе көрүнбөйт...

- Анткени, бул алтын менен болгон операциялар кошулган наркына салыкка салынат. КНСти алып салганда, эл каражаттарын алтын менен сактай баштайт, ал жеткиликтүү болуп калат. Бирок, калктын доллардан арылып жатышы – бул факт. Мисалы, ЕАЭБ мейкиндигинде жеке адамдардын которууларынын валюталык түзүмүндө доллардын үлүшү төмөндөөдө. Биз өзүбүздүн банкыбызда да бул валютадагы транзакциялардын азайышын белгилеп жатабыз...

Адамзаттын банкы эмес

- Сиздердин банк кандай – Евразия өнүгүү банкы. Биз кеңселерди көп көрбөйбүз, аманатчыларды пайыздар менен азгырбайсыздар. Эмне менен алектенесиздер?

- Банк алгач Орусия менен Казакстанда түзүлгөн. Ага ылайык, миллиард жана 500 миллион доллар киргизди. Кийин Белоруссия, Кыргызстан, Армения, Тажикстан кошулду.

Негизги максат – евразиялык интеграцияны каржылоо жолу менен жөнгө салуу, биринчи кезекте, уюштуруу – өлкөлөрдүн экономикаларына бири-бирин табууга жардам берген инфратүзүмдүк долбоорлорду каржылоо. Сөз алты, сегиз, он жылга созулган узак долбоорлор жөнүндө болуп жатат.

- Башкача айтканда, сиздер депозиттерди жайгаштырууга мүмкүн болгон банк эмессиздер...

- Жок, биз калк үчүн  кызыксызбыз.

- Сиздердин сайтыңыздарда жарыяланган билдирүүгө ылайык, сиздер ЕАЭБ аймагында төлөмдөрдү улуттук валюталарга толугу менен өткөрүүгө аракет кылып жатасыздарбы?

- Ооба, чоң иштер турат, анткени доллар биздин каржы организмибиздин бардык тешиктеринде азыктанды. Бирок, арылып жатабыз. 2016-жылдан баштап, орус рубли КМШ өлкөлөрүндөгү негизги валюта болуп саналат, жалпы көлөмдүн жарымынан көбүн түзөт. Тажикстанда жалпысынан алганда 80% көп. Доллар менен евро ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өз ара соода эсептешүүлөрүндө төрттөн бир бөлүгүндө гана колдонулуп жатат. Башкача айтканда, 75% орус рублинин үстөмдүк ролу менен улуттук валюталар аркылуу сунушталган.

Америкалыктарды чакырбайбыз

- Сиз долбоорлордун бири болгон газ түтүктөрүнө сиздердин банк катышарын айтып өттүңүз эле. Дагы кандайлары бар?

- Биздин өлкөлөрдүн күн тартибинде “Жогорку ылдамдыктагы магистралдар” долбоору бар. Кытайдын түндүгүндөгү Үрүмчү шаарынан Орусиянын батыш чек арасына чейин. Башка долбоор – Ямал-Ненец автономиялык округунда Түндүк кен жолу. Газ конденсатын, мунай өнүмдөрүн ташуу үчүн. Кызыктуу БелКомУр долбоору бар – бул Ак деңиз, Коми, Уралды камтыйт. Мунун баары жүктөрдү ташуу гана эмес, муну менен катар аймактарды өздөштүрүү, инфратүзүмдөрдү өнүктүрүү болуп саналат.

- Муну кытайлыктар менен бирге ишке ашырабызбы? Алар жогорку ылдамдыктагы магистралдарды салууда чоң ийгиликтерге жетишкен.

- Бул жерде интернационал алда канча пайдалуу болор эле. Менимче бул долбоорго албетте кытайлыктар менен араб инвесторлору келишмек. Биздин мамлекет каржылоодо олуттуу салым кошот, ошондуктан инвестициялар жагынан, меним оюмча, бул абдан кызыктуу долбоор Ал эми америкалык компанияларды биз чакырбайбыз керек деп эсептейм. Тендер жарыялап, керек болсо алар кезекке турсун. Анткени, алар азыр уникалдуу технологиялардын ээлери эмес...

Биз магистраль салабыз

- Бирок, жогорку ылдамдыктагы темир жол долбоору союз мезгилинен бери созулуп келе жатат. 90-жылдары ал жөнүндө көп айтышкан, көп акчаларды кетиришкен. Натыйжасы – үч кыска бутак. Ошол эле кытайлыктар болгону 20 жыл мурда башташты, ал эми азыр бардык өлкөдө ылдам жүрүүчү рельстер бар. Түзүмдөрү саатына 300 километрден ашуун зымырайт – биздин Сапсанага караганда жарым эсеге ылдам...Эмнеге бизде андай эмес?

- Ыраматылык Эдуард Успенскийдин айтканы эсиңиздеби: бизде акча бар, бизге акыл жетишпейт. Мүмкүн, көмүрсуутектен түшкөн артык кире менен ашыкча кызыгып кеттик. Анда убакыт келе элек болчу, ал эми азыр келди.

- Даярбызбы? Анткени, мындай долбоордор арзан эмес... Эгер Кытайдан өткөргүбүз келсе, бизде мунун баарына бюджет жетишсиз болот.

- Өзүбүздөгү бюджеттин кереги жок. Өнөктөштөрдү чакыра билүү, аларды тартуу керек. Концессияларды түзүү. Дүйнөдө акча массасы ашыкча, ал көптөгөн өлкөлөргө туура келет, биз мында чоң кирешелүү инвестициянын рыногун түзүп жатабыз. Темир жол – бул рельс-шпалдар гана эмес, бул аймактарды өнүктүрүү жана аралаш тармактарга түрткү берүү. Металл, көмүр, машина жасоо, кайра иштетүү, энергетика – калкты иш менен камсыз кылуу, ылдамдык.Бул азыр бүткүл өлкөдө жогорку ылдамдыктагы жана башка темир жол долбоорлорун ишке ашырууну баштоо аркылуу гана көтөрүлүп жатат.

- Конкреттүү эмнеден көтөрүлөт?

- Мисалы, Тыва Республикасын алыңыз. Ал жакта бир да километр темир жол жок. Ошол эле учурда, пайдалуу казылып алынчу кендер абдан көп. А биз алырды казып албайбыз, анткени ташуу кыйынчылыкка турат... Бизге бүткүл дүйнө суктанат – бизде пайдалуу казылып алынчу кендер көп, биз аларды азырнча жер астынан кезап ала элекпиз. Аны ишке ашыруу абдан маанилүү. Андыктан, мен биздин потенциалдуу инвесторлорго биз кызматташууга даярбыз демекчимин.

- Дагы транзиттен акча иштеп алууга болот: Биздин география пайдалуу – Кытай менен Европанын ортосунда жайгашкан.

- Бул дагы биздин өз ара аракеттин бир бөлүгү. Мына ушунда дагы биз доллардан айланып өтөк болот. Эсептерди рубль жана юань менен жүргүзүү керек. Жылына 200 млрд долларга чейинки суммага. Бирок, бир эле транзит эмес. Кытай кен иштетүү боюнча концессиондуу бүтүмдөргө активдүү катышат. Биздин маалыматтар боюнча, ал Белорус Республикасынын аймагында технопарктарды түзүүгө 15  млрд доллар салган. Бардык багыттар боюнча кызыга турган активдүүлүктү көрсөтүп жатат.

- Сиз банкирсиз да деп сиз бир эле инженердик эмес, каржылык да кызматташтыкты айтып жатсаңыз керек. Рубль менен юань долларды жеңе алабы?

- Азырынча басып өтүү эмес, коргоону куруу да жакшы болот. АКШнын кэономикалык коркунучтарынан көз карандысын болуу ачылыш менен абдан бекем болуп калмак. Мисалы, орусиялык карыз алуучулары үчүн кытайдын каржы рынокторун, биргелешкен орус-кытай өнүгүү банктарын жана институттарын түзөбүз. Азырынча буга доллардык өз ара эсептешүүнүн инерциясы тоскоол болуп жатат. улуттук валюталардагы операциялардын көлөмү туруктуу рыноктуу түзүү үчүн жетишсиз бойдон калууда. Ошол эле учурда эки өлкөнүн борбордук банктары тарабынан улуттук валюталарда эсептерди ачуу үчүн зарыл болгон шарттар түзүлгөн. Эгер кытайга жеткирилип турган орусиялык нефтинин сатылышын рублга, ал эми кытай продукцияларынын импортун юанга алмаштырсак, анда биз өз ара сооданы улуттук валютага алмаштыруу үчүн олуттуу түрткү алмакпыз. Доллардан качуу керек экендиги анык!

Сырттан көз караш

Батыштагылар Путиндин планы бар экенин билип калышты

Июлда орусиялык борбордук банк алтындын запасын бир топ көбөйттү, аны менен дүйнөдө 5-орунга чыкты деп Die Welt немис газетасы белгилейт. ЭВФнын маалыматы боюнча, өткөн жылдын ноябрынан тартып өсүү 26,1 тоннаны түзгөн. Мүмкүн, Владимир Путин жакын арада Батыш менен болгон мамиле калыбына келбейт деп эсептейт, деп жыйынтык чыгарат материалдын автору:

“Алтын сатып алуу муну менен кызык, акыркы учурда орустар өздөрүнүн мамлекеттик облигацияларынын чоң бөлүгүн сатып жиберишкен. Бул жаңы санкциялардан орусиялык экономиканы коргоо үчүн Путин доллардан баш тартууну ниеттенип жатат дегенге негиз болот”.

2008-жылдан тартып казынадагы 457 тонна алтынга дагы 1944 тонна кошулду. Дүйнөлүк ички дүң өнүмдүн 2%ын гана берип, Орусия бул металлдын дүйнөлүк резервинин 17%ына ээлик кылат. Өзүнүн стратегиялык планын ишке ашыруу үчүн, деп жазылат гезитте, Путин жада калса экономикалык каатчылыктарга да макул болуп жатат. Августта троялык унциясынын баасы 1200 доллардан төмөндөп кетти. Ушул жылы эле бул кымбат металл долларга карата 9%га арзандады.

Каржы жаатындагы адис Свит Ханкенин пикиринде, алтын – өзүнүн жеке валютасын коопсуздандыруу үчүн идеалдуу каражат. Ал “кайсы бир белгиленген мамлекет тарабынан чыгарылбайт, ошондуктан өзүнө саясий коркунучту катып албайт”.

Жакында эле Борбордук банк азырынча доллар сатып албайт экенин билдирди. Рубль акыркы учурда эки жарым жыл үчүн эң төмөнкү деңгээлге түшүп кетти, андан аркы сатып алуулар аны андан чоң көз карандылыкка туш кылмак.

“Рублдин баасы абдан төмөндөдү”, - деп эсептейт аналитик Крис Уэйфер. Бул америкалык санкциялардын натыйжасы.