Батышты Жапониянын АКШдан кетип, Орусия менен Кытай альянсына кошулганы коркутат

29 октября 2018

Акыркы жылдары Москва менен Токио Курил аралдарынан улам «жаман мамиледе» болгонуна карабай, жакындашууда, бирок Орусия, Кытай жана Жапония ортосундагы аскердик альянс дагы эле «кыялдагы оюн» боюнча калууда, өлкөлөр үчүн буга чейин укмуштуудай көрүнгөн перспективалар ачылып жатат, деп LeJournaldeMontréal басылмасы жазат.

Макаласынын автору ЛоикТассе Жапония менен АКШ ортосундагы аскердик жана экономикалык байланыштар абдан күчтүү, бирок кээде жапондор өз аймагындагы америкалык базалардын болушуна каршыэкендигин жазат. Жапония америкалык союздаштын ролу үчүн абдан ылайыктуу болгон, ага Корей согушу жылдарында АКШ муктаж эле, деп ИноТВ канадалык басылманын макаласынын мазмуну тууралуу кабарлайт.

Орусия менен Жапониянын ортосундагы мамиле, тескерисинче, “ар дайым жаман болгон”. Курил аралдарынын айланасындагы чыр-чатактан айынан Жапония Орусияга өтө аз инвестиция салган, ошентсе да, өлкө Сибирдеги жаратылыш ресурстарынын чоң запасынан объективдүү түрдө зор пайда ала алмак, деп автор көрсөтөт.

Азыркы учурда кырдаал өзгөрдү, айрыкча президент Владимир Путин Жапонияга эч кандай шарты жок эле тынчтык келишимге кол коюуну сунуштап жатат.

Басылма авторунун көз карашында, Курил аралы эркин соода жүргүзүү аймагы болуп калышы мүмкүн жана ал жерде “эки өлкөнүн биргелешкен башкаруусу” да жокко чыгарылбайт. Мындан тышкары, ал Курил аралдары “кытайдын жаңы жибек жолу концепциясына төп келерин” деп белгилеп көрсөтөт.

Түндүк жана Түштүк Кореянын ортосундагы жаңжалдын чечилиши АКШнын көзөмөлүнөн тыш калып жатат, алар менен Москва жана Пекин алектенип жатат, алардын кийинки кадамы Жапонияны АКШдан бөлүү, деп ишенет басылма. Жапония Орусия менен жакындашууга кызыктар, анткени Москва Токиого Пекиндин таасирин азайтууга жардам бере алат. 

“АКШ обочолонтуу жолунда канчалык көп жүрсө, ошончолук анын бүткүл дүйнө жүзүндөгү союздаштары  жаңы альянстарды издешет”, - деп LeJournaldeMontréalаяктайт.

Орусия президенти Владимир Путин 2018-жылдын аягына чейин Токиого эч кандай алдын ала шарты жок тынчтык келишимге кол коюуну сунуштады жана андан кийин “достор катары” талаш маселерди чечерин айтты. Жапониянын премьер-министри СиндзоАбэ тынчтык келишимге кол коёрдун алдында Түштүк Курил аралдарынын айланасындагы аймактык талашты Орусияменен чечүү керек экенин билдирди.

Кремлдегилер Орусия менен Жапония тынчтык келишим кол коюу жөнүндөгү сүйлөшүүлөрдү улантарын, бирок ар бир өлкөнүн кадамдарында чектөөлөр менен нюанстар бар экенин билдирди.