Окумуштуулар дүкөндөн берилген чектин зыяндуу жагын атады

18 января 2019 Окумуштуулар дүкөндөн берилген чектин зыяндуу жагын атады

Чектеги химикат залалдуу шишиктердин, тукумсуздуктун жана диабеттин пайда болуу коркунучун кыйла жогорулатат.

 Кассадан чыгарып берилген чектин кагазында ден соолукка зыяндуу делген бисфенол А (ВРА) химикаты бар экендиги аныкталды. Бул туурасында Известия басылмасы испаниялык Гранада университетинин окумуштууларынын пикирине шилтеме берип жазды.

Адистердин айтымында, аталган химикат залалдуу шишиктердин, тукумсуздуктун жана диабеттин пайда болуу коркунучун кыйла жогорулатат. Ошондой эле кыз-келиндердин төрөтүн ай-күнүнөн мурда чакырат. Мындан сырткары, эндокрин системасы бузулуп балдар аутизмге кабылышы ыктымал.

Окумуштуулар белгилегендей, ВРА химикаты пластмасса менен эпоксид чайырынын негизги компоненти болуп эсептелет.

Адистер дүкөндөгү чектерди сактап жүрбөш керектигин эскертет. Ошондой эле чектерди таштанды челекке ыргытып жатканда ушалаганга болбойт.



Дагы: sputnik.kg, фото-© Sputnik / Александр Кряжев