Бейшемби күнү Facebook компаниясынын кибер коопсуздук боюнча бөлүмүнүн башчысы Натаниель Глейхер маалымат таратты.
Facebook компаниясы Россияга байланышкан 500 аккаунтту, анын ичинде Sputnik агенттигине тиешелүү жети баракчаны өчүрүп салды. Бул тууралуу агенттиктин маалымат кызматы кабарлайт.
Бейшемби күнү Facebook компаниясынын кибер коопсуздук боюнча бөлүмүнүн башчысы Натаниель Глейхер ишмердиги шек санаткан 364 баракча өчүрүлгөнүн маалымдаган. Бул баракчалар Россияда түзүлүп, Прибалтика, Борбор Азия, Кавказ, Борбордук жана Чыгыш Европада иштетилгени белгиленген.
"Бул чечимде саясий боёктор бар жана цензурага жатат. Редакциянын жакынкы чет мамлекеттеги 7 баракчасына чектөө киргизилди. Sputnik редакциясы жаңылыктар менен мыкты иштейт. Эгер бул Facebook компаниясынын ЖМКнын сапаттуу ишине болгон жалгыз реакциясы болсо бизде сөз жок. Бул жерде бардыгы түшүнүктүү. Бирок аны жеңе билүүгө үмүт бар. Sputnik агенттигин окуңуздар", — деп маалымат кызматы билдирди.
Андан сырткары, Facebook компаниясы агенттиктин 107 баракчасын жана Instagram тармагындагы 41 аккаунтун өчүрдү. Себеби аккаунттун ээлери "өздөрүн украиналык деп фейк аккаунттарды дагы башкарып, Украинадан туруп аба ырайы, каршылык, НАТО жана мектептеги санитардык абал тууралуу маалыматтарды жарыялап турушкан". Компаниянын маалыматы боюнча бул аккаунттар дагы Россия менен байланыштуу.
Дагы: sputnik.kg, фото-© Sputnik / Азамат Тотубаев