Фигурист Денис Тенди өлтүргөндөргө соттун өкүмү чыкты

18 января 2019 Фигурист Денис Тенди өлтүргөндөргө соттун өкүмү чыкты

Кылмышкерлер бир нече берене боюнча айыптуу деп табылды.

Алматынын соту фигурист Денис Тенди өлтүргөндөргө өкүм чыгарганын Sputnik Казакстан жазды.

Алматынын соту фигурист Денис Тенди өлтүргөндөргө өкүм чыгарганын Sputnik Казакстан жазды

Арман Кудайбергенов Кылмыш жаза кодексинин "адам өлтүрүү", "уурулук" жана "каракчылык" беренелери боюнча айыптуу деп табылып, 18 жылга эркинен ажырады.

Нуралы Киясов дагы "адам өлтүрүү" жана "каракчылык" беренелери боюнча айыпталып, 18 жылга кесилди.

Ал эми Жанар Толыбаев "кылмышты жашыруу" беренеси боюнча төрт жылга камалды.

Кыргызстанда паракорлук азайып, зордуктоо күчөдү

Эске салсак, белгилүү фигурист 2018-жылдын 19-июлунда киши колдуу болгон. Денис Тен унаасынын капталындагы күзгүлөрүн чечип жаткан эки ууруну көрүп, кафеден чуркап чыккан. Аларга каршылык көрсөтүүгө аракет жасаганда, кылмышкерлердин колунан бычак жеген. Кийин ооруканага жеткирилип, ошол жактан жан берген.

Таланттуу фигурист болгону 25 жашта эле. Окуяга шектелген эки жаран тең полициянын колуна түшүрүлгөн.

Денис Тен VII кышкы Азия оюндарынын жеңүүчүсү жана көптөгөн эл аралык сынактарда байгелүү орундарды ээлеген. 2014-жылы Олимпиада оюндарында коло медалдын ээси болгон. Казакстандын беш жолку чемпиону.



Дагы: sputnik.kg, фото-© Sputnik / Александр Вильф