Жеңүүчү чыгармалар китеп бетинде жарык көрөт.
Мамлекеттик тил комиссиясы көркөм адабий чыгармалар, котормолор, усулдук колдонмолор жана сөздүктөр үчүн сынак жарыялады. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматынан кабарлашты.
Сынак "2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди ѳнүктүрүүнүн жана тил саясатын ѳркүндѳтүүнүн улуттук программасын" ишке ашыруунун алкагында өткөрүлүп жатат. Калыстар тобу тарабынан мыкты деп аталган чыгармалар "Азыркы адабият", "Дүбүрт", "Дүйнѳлүк адабият", "Дүйнѳ" китептеринде басылып чыкмакчы.
Катышууну каалагандардын материалдары 2019-жылдын 17-январынан 17-мартына чейин mamtil-synak@mail.ru электрондук дареги аркылуу кабыл алынат.
Сынак тууралуу толук маалыматты Улуттук комиссиянын mamtil.kg сайтынан же 0312 315773, 0551 996517 номерлери аркылуу алууга болот.
Дагы: sputnik.kg, © Sputnik / Табылды Кадырбеков