Серепчилер ЕАЭБдеги кыргыз бизнесинин келечеги жөнүндө: Биз Казакстандын моделин көздөй жылып жатабыз

29 октября 2018

Кыргызстандын ЕАЭБге киргенинен баштап үч жыл өттү, ошондой болсо да, алардын биринчи эки жылы артыкчылык берүү аркылуу республика үчүн жеңилдик мезгили болду, бирок бир жыл бою ал биримдиктин жалпы эрежелери боюнча иштеп иштеп жатат.

Эгер Кыргызстан эмгек ресурстарын экспорттоо жаатында сезилерлик пайда алганга жетишсе, ал эми продукция менен кызматтарды экспорттоодо олуттуу натыйжа анча байкалган жок. Бул көрүнүштүн себептери менен өлкөдөгү бизнестин абалы жөнүндө кыргыстандык серепчилер “Евразия.Экспертке” берген маегинде айтып берди.

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук биримдикти бекемдөө жана диний саясат боюнча эксперттик кеңештин  мүчөсү, саясат таануучу Денис Бердаков:

- ЕАЭБге кошулгандан кийин Кыргызстан жалпы эмгек рыногуна, ошондой эле товарлар жана кызматтар үчүн бирдиктүү рынокко кирүүгө мүмкүнчүлүк алды. Бул келечекте өлкөгө чоң пайда алып келиши мүмкүнбү?

- Кыргызстан үчүн ЕАЭБдин бирдиктүү кызматтар рыногуна катышуу келечекте товарларлы эркин ташууга караганда, балким алда канча көп мүмкүнчүлүктөрдү берет.

Анткени, бардык техникалык регламенттерди канааттандыра турган товар өндүрүшүн оюштуруу адатта чоң инвестицияларды талап кылат, анда экспорттук кызматтар жаатында анча чоң эмес компаниялар деле алектене алат. Мисалы, алар туризм секторунда, соода-сатык, консалтинг жана программалык камсыздоону иштеп чыгуу болуп саналат. Мындан тышкары, кызмат көрсөтүү чөйрөсү – Кыргызстандын анча кымбат эмес эмгектенүү түрүндө артыкчылыктары бар аймак, либералдык мыйзамдар ата-мекендик кызмат көрсөтүүчүлөрдөгү атаандаштыкты камсыздоодо Биримдиктин башка ири өлкөлөрү менен салыштырганда маанилүү ролду аткарышы мүмкүн.

Мындай учурлар өнүккөн транспорттук инфратүзүмдүн жоктугу жана керектөөчүлөрдөн алыстыгы сыяктуу биздин объективдүү алсыз жактарыбызды теңдештирет.

- Биримдиктин рыногунда ушундай “товарды” алдыгы жылдыруу келечектүүбү?

- ЕАЭБ – бул негизинен кызматтар рыногу, төрт маалымдалган эркиндиктин бири бул кызматтар рыногунун эркиндиги болуп саналат.

Жөнөкөй сөз менен айтканда, эгер Кыргызстанда лицензияга ээ жана квалификациялуу кызматкерлер менен тастыкталган, курулуш же азык-түлүк компаниялар бар болсо, анда бул фирма Казакстанга, Орусияга жана биримдиктин башка өлкөлөрүнө барып иштей алат.

Кызмат көрсөтүү рыногунда бардык ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ИДӨсүнө карата кеминде 50% түзүлдү, ал эми  көптөгөн өлкөлөрдө иш менен камсыз болгондордун 70% кайра кызмат көрсөтүү чөйрөсү, бул зор мүмкүнчүлүк экенин эске алуу керек.

Ошентсе да, факт боюнча биздин компанияларга башка оюнчулар сыяктуу эле ал жакта иштөөгө мүмкүн болбой жатат. Ички формалдык чектөөрдүн чоң саны, маалыматтын жетишсиздиги жана рынокко чыгуу көйгөйлөрү бар. Эгер бул рынок ачык-айкын, ары таза иштей турган болсо, анда кыргыз ишкерлери өздөрү үчүн чоң, жаңы орунду өздөштүрөт. Бул рынок дүйнөнүн бардык жерлеринде ачык болгонуна карабай, азырынча алардын көпчүлүгүн IT-чөйрөсүнүн өкүлдөрү гана колдонушууда.

- Бирок, Кыргызстандан да көптөгөн адамдар жумуш адистиктери боюнча иштөөгө кетип жатышат го.

- Жумушчу күчү боюнча өзүнчө маселе турат. Менин көз карашымда, бул чөйрөдө биз эң жогорку деңгээлге жеттик.

Азыр кыргыз сому орус рублинен кымбат турат. Тарыхый жактан алганда, рубль менен сомдо 1,3-1,5 курсу бизге ылайыктуу, анткени арзан сом биздин экспорттоочулар үчүн пайдалуу.

Орусия менен Казакстанда девальвацияланган улуттук валюта мунай зат жана газ менен тоо-кен тармагына өбөлгө түзүүгө мүмкүндүк берет. Бизде экономиканын модели да экспортко багытталган деп айтса болот. Өткөн жылы Кыргызстан киши башына акча которуулары боюнча дүйнөдө биринчи орунду ээледи.

Башкача айтканда, эгер Орусия менен Казакстан – бул экспортко багытталган ресурстук экономика, анда доллар курсу канчалык жогору болсо, рубль менен теңгеде экспорттук пайда ошончолук көп болот, бюджеттеги (салыктар аркылуу) акча көбөйөт.

Кыргызстанда абал башкача, биз аз өндүрөбүз, бирок биздин экономиканын модели – бул чет өлкөлөрдөгү жумушчу күчтөрүн басып өтөт. Албетте, буга кошумча пайдалуу казып алынуучу жерлерден, биринчи кезекте "Кумтөр" алтын кенинен түшкөн киреше кирет.

Бул моделге ылайык, мугалимдердин, дарыгерлердин, чиновниктердин жана башка мамлекеттик кызматкерлердин айлык акысы сом менен номиналы абдан жогору эмес, бирок сом түшүп  кетпегендиктен, айлык акы туруктуу.

Биздин мигранттардын которуулары чет элдик валютада түшөт, ал алмашат жана мунун эсебинен улуттук валютанын курсу сакталып турат. Жалпысынан алганда, сом ал тургай кымбаттап жатат, бизде акыркы 1,5 жылда дефляция байкалууда. Бирок, биздин ишкерлер, мисалы, экспорт үчүн товарларды чыгарган тигүүчүлөр, экономиканын мындай моделинен абдан азып чегип жатышат.

- Бизнестин жалпы абалын кандай баалайт элеңиз?

- Эгер Кыргызстандагы бизнестин абалы тууралуу айта турган болсок, анда ал бир катар себептерге байланыштуу трансформациянын эң жөнөкөй эмес процессинде турат.

Формалдык түрдө, азыркы учурда анча чоң эмес экономикалык төмөндөө болуп жатат, бирок бул “Кумтөрдүн” таасири, анткени бул алтын кен ишканасында жумушчулардын саныкөп, иштегендер ИДӨгө 30%га чейин олуттуу салым кошууда. Азыр алар кен аз өндүрүшүүдө, бул тилке өтмөйүнчө, алтын менен киреше аз болот.

Биз ЕАЭБге мүчө болгондон кийин Казакстанга келген ошол моделге карай жылып бара жатабыз. Азыр Кыргызстандын экономикасы чакан товардан орто товар өндүрүшүнөн баштап, сапаттын так түшүнүктүү стандартына өтүүдө.

Экспорттук жеткирүүлөрдү баштоо үчүн, мисалы, Кытайга бир гана сапатты талап кылуучу стандаттар эмес, мындан тышкары көп өлчөм керек. Бул жерде олуттуу кыйынчылыктар бар. Албетте, белгилүү бир азыктарды чыгарган бир катар ишканалар менен айылдык кооперативдер пайда болду.

Мисалы, азыр фермерлер Польша алмаларынын көчөтүн олтургузуп, кийин аларды Орусияга массалык түрдө экспортоп жатышат. Башкача айтканда, биз акырындык менен Орусиянын соода-логистикалык тизмегине кирип жатабыз, бул процесс узакка созулду, бирок анын башталганы жакшы болду. Биз ал жакка толук кириш үчүн 10-15 жыл керек, бирок бул үчүн саясий туруктуулук зарыл.

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, инвесторлор КРге аз инвестиция сала баштады. Маселен, 2017-жылы республикага 616,7 млн доллар түз чет элдик инвестиция келген. 2016-жылга салыштырмалуу салуунун көлөмү 1,3 эсеге азайган. Абал быйылкы жылы да  сакталууда. 2018-жылдын биринчи чейрегинде чет элдик түз инвестициялардын келиши 2017-жылдын ушул эле мезгилине салыштырганда 22,4%га төмөндөп, 118,7 млн долларды түздү.

Экономист, Кыргызстандын президенттинин администрациясынын мурунку кызматкери Нүргүл Акимова:

- Кыргыз ишкерлери ЕАЭБге киргенден кийин кандай көйгөйлөргө кабылды?

- Кыргыз бизнесмендеринин ЕАЭБге киргенге чейинки кээ бир көйгөйлөрү ошол боюнча сакталган. Бирок, мен башка аспектке көңүл бургум келет. Евразиялык биримдик жөнүндө келишимди ар бир өлкө өзүнүн бирдиктүү механизмине, мисалы, техникалык жөнгө салууну, санитардык абалын, тастыктоо сертификатын көзөмөлдөөнү ж.б киргизүүнү көздөйт.

Техникалык жактан алып караганда, бизнесте ЕАЭБ ченемдерин сактоо аркылуу өндүрүлгөн товарлардын өздүк наркы жогорулап жатканы көрүнүп турат.

Мисалы, ЕАЭБдин рынокторундан сатуу үчүн талапка жооп берген сапаттагы товарды өндүрүүчүлөр чыгаруусу үчүнзарыл болгон сапаттагы продукцияны чыгара турган технолог жалдап, же жаңы жабдуу орнотуу керек.

- Кыргызстанда көптөр жеңилдетилген мезгилдин аякташын кооптонуу менен күтүп жатышат, анын чегинде айрым чет элдик товарлар арзандатылган тариф менен киргизилишине уруксат берилген. Кыргыз бизнеси үчүн ушул мезгил аяктагандан кийин эмне өзгөрөт?

- Эгер ташып келген бажы пошлиналары жөнүндө айта турган болсок, анда келерки жылы Кыргызстандын 149 соода позициясы боюнча жеңилдетилген соода мезгили аяктайт.

Бирок, Казакстанда дагы бир нече жылдан кийин жаңы регламент ишке кирет, ал боюнча 3700 позиция боюнча алып таштоо күчүнө кирет. Бул негизинен керек-жарак товарлары жана бул товарлар Казакстанга ЕАЭБдин ставкасы боюнча эмес, а бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун ставкасы боюнча, башкача айтканда эки эсе арзан жеткирилип турат.

Бул Кытайдын товарлары түздөн-түз Казакстанга барат, ал эми жыйынтыгында Кыргызстан реэкспорттун төмөндөшүнөн каржылык чыгымдарды башынан кечирет дегенди билдирет.

- Жалпысынан ЕАЭБге киргенден кийин Кыргызстандык ишкерлерде кандай келечек пайда болду?

- Биримдиктин чегиндеги экспорттук жана импорттук ставка эми нөлгө барабар, а бул болсо 180 млн киши калкы бар рынок. Биздин өндүрүш, мисалы, белорус же казакстандыкына салыштырмалуу канчалык атаандаштыкка туруштук бере алары – башка маселе.

Дүкөндөрдүн текчелеринде бир эле сапаттагы товарлар, бирок түрдүү өздүк наркы менен болот. Кыргызстандан логистикадан улам Орусиянын рыногуна чейин товар жеткирүү, мисалы, Казакстан менен салыштырганда көп убакытты талап кылат.

Ошондой эле, биз тоолуу өлкө болуп саналабыз, бизде мындан улам экспорт үчүн арзан деңиз жолдору жок.

Азырынча эң чоң мүмкүнчүлүк бизнес көнүгүп келе жаткан укуктук базада пайда болууда. Улуттук сертификаттарды таануу жана ыңгайлаштыруу системасы бар. Салыктар өндүрүүчү өлкөдө аган төлөнөт. Мунун баары жөнгө салынган, тар чөйрөдөгү аган маселелер калды.

Валюта тууралуу айта турган болсок, беш өлкөнүн улуттук банктары улуттук валюталарда келишим түзө ала турган мезгил жетип келди деп ойлойм. Бирок, алар муну азарынча ишке ашырууга шашпай жатышат, банкирлер жергиликтүү валюталардын иштешине, алардын өзгөрүлмөлүүлүгүнө байкоо жүргүзүп жатышат, бирок кандайдыр бир чечкиндүү аракеттерди каржы органдары кабыл алыша элек. 

Өндүрүшкө түрткү берүүнү уланта берүү керек (бул үчүн ресурстар бар – бюджет жана Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду), мындай болгон учурда өндүрүшчүлөр токтобойт жана товар өндүрүүнү уланта беришет деген божомол бар. Эгер каржылоо линиясы токтоп кала турган болсо, анда бул олуттуу натыйдаларга ээ болот, анткени биздин өндүрүүчүлөр баасы боюнча да, сапаты боюнча да азырынча таандаштыкка туруштук бере алышпайт.