18 января 2019
Техниканы тигүү цехинен алып кетишкен.
Сокулук айылындагы майыптар иштеген цехтердин биринен тигүүчү машиналар менен үтүктөр уурдалганын Чүй милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя 14-январга караган түнү болгон. Тигүүчү жай жер төлөдө жайгашып келгени айтылды.
"Белгисиз адамдар эшиктин кулпусун талкалап киришкен. Беш тигүүчү машина жана эки үтүк алып кеткени белгилүү болду", — деп айтылат билдирүүдө.
Милиция кызматкерлери окуя болгон жерди тинтип, цехтин жумушчулары менен сүйлөштү. Уурулук фактысы каттоого алынып, баштапкы тергөө жүрүп жатат.
еще: sputnik.kg, фото-© Sputnik / Нургуль Максутова