2018-жыл Москва менен Анкаранын кызматташтыгын күчөтүү менен өттү: тараптар сириялык жөнгө салуу маселелери боюнча көптөгөн макулдашууларга жетишти, Түркиянын түштүгүндө Аккую АЭСин биргелеип куруп жатышат жана “Түрк агымы” газ түтүгүнүн долбоорунун үстүндө бирге иштепшип жатышат, ал эми орусиялык С-400 зениттик-ракеталык комплексин сатып алууну түрк ТИМнин башчысы “чечилген иш” деп эсептейт. Анын үстүнө, Анкара ЕАЭБ менен айыл чарба секторунда эркин соода жөнүндө макулдашуу түзө алышмак деп эсептейт Азия-тынч океан түрк изилдөө борборунун директору, профессор Сельчук Чолакоглу. Саясат таануучу маегинде өткөн жылдаргы орус-түрк кызматташуусунун жетишкендигин талдап, Анкара тарабынан орусиялык жана америкалык абадан коргонуу системасын сатып алуунун келечегине, АКШ “Түрк агымы” долбоорун ишке ашырууга толкоолдук кыла турган тобокелдиктерге баа берди.
- Чолакоглу мырза, 2018-жылдагы орус-түрк соода-экономикалык жана саясий кызматташтыгынын жыйынтыктырына кандай баа бересиз?
- 2018-жыл кызматташуунун жакшы маанайын жана орус-түрк мамлелеринин өскөндүгүн чагылдырат. Соода экономикалык мамилелер жакшы багытта өсүүсүн улатты. Орусия – Түркиянын Германия менен Кытайдан кийинки жылдык 22 млрд доллар соода айлантуусу менен ири соода өнөктөшү болуп саналат.
Түрк жана орус өкмөтү эл аралык күн тартиби боюнча да кызматташа баштады. Тагырагы, Анкара жана Москва Сирия боюнча өзүнүн келишпестиктеринин чөйрөсүн ийгиликтүү кыскартты.
Түркия Орусия тараптан саясий колдоонун арты менен Африкада операция өткөрдү Катышуучулары Орусия, Түркия жана Иран болгон Сириянын тынчтыгын жөнгө салуунун Астаналык процесси дагы сирия маселесиндеги орус-түрк кызматташтыгынын жакшы мисалы. Москва жана Анкара сентябрда түзүлгөн сочи макулдашуусунун жардамы аркасында Идлибдеги каатчылыкты чечүүнүн негизги факторлору болду.
- 2019-жылы Түркия менен ЕАЭБдин ортосундагы эркин соода аймагын тъзъъ келечегине кандай баа бересиз? Ушул маселе боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатабы?
- Түркия айыл чарба секторун кошпогондо, 1996-жылдагы ЕБнын Бажы биримдигинин бир бөлүгү болуп саналат. Бажы биримдигине катышкандан бери Түркиянын экономикасынын көпчүлүк сектору европанын рынокторуна етерң интгерацияланды. Евро биримдик менен түзүлгөн макулдашууга ылайык Түркия Бажы биримдиги жөнүндө келишимди буза турган үчүнчү өлкөлөр менен эркин соода жөнүндө макулдашууга кол коё албайт. Бул ЕАЭБдин учурунда колдонууга болот турган нерсе. Түркиянын Экономика министри Нихат Зейбекчи 2017-жылы августта Түркияда ЕБнын Бажы биримдигинин ченемдерин бузбай туруп, эркин соода аймагы жөнүндө макулдашууга кол коюу ниети болгондугун белигиледи.
Ушул убакытка чейин Түркия менен ЕАЭБдин ортосунда эркин соода аймагы жөнүндө макулдашууга кол коюуда конкреттүү прогресс байкалган эмес, ушул маселе боюнча өзүнчө сүйлөшүүлөр жъргөн эмес.
Бирок, Анкара жана ЕАЭБ ЕБнын Бажы биримдиги жөнүндөнү келишимде козголбогон айыл чарба секторунда жана башка тармактарда эркин соодалашуу жөнүндө макулдашууга кол коюп, кызматташа алат.
- Bloomberg агенттиги Түркия американын техникалык эксперттерине орусиялык С-400гө экспертиза өткөрүүнү сунуштагына тууралуу билдирет. Мунун канчалык чындыгы бар7 сиз бул тууралуу эмне деп ойлойсуз?
- Bloomberg агенттигинин билдирүүсү расмий Анкара жана Вашингтон тарабынан тастыкталган жок. Бирок, Эрдогандын өкмөтү орусиялык С-400дү катып алуу жөнүндөгү бүтүмдөн улам НАТОнун жана АКШнын басымы алдында турат.
АКШнын конгресси эгер Түркия орусиянын зинеттик-ракеталык омплексин сатып алса, ага каршы санклияларды киргизип, аны америкалык F-35 учактарынан кол жуудурууну каалап турат. 2015-жылы Эрдогандын өкмөтүнө буга чейин кытайдын абадан коргонуу системасын сатып алуудан баш тартууга туура келген. Түркия 2019-жылдын жай айына чейин абадан коргонууга тиешелүү тендер боюнча акыркы чечим кабыл алышы керек. Анкара кайра эле абадан коргонуу системаны сатып алуудан баш тартышы мүмкүн.
- 19-ноябрда Орусия менен Түркиянын президенттери “Түрк агымы” газ түтүктөрүнүн деңиз бөлүгүнүн курулушун аяктоо салтанатына катышты. Орусиялык серепчилер “Түндүк агымы-2ден” кийин АКШ Европага өзүнүн газын берүү үчүн “Түрк агымына” дагы каршы аракеттене башташы мүмкүн экендигин айтышат. Ушул тобокелдиктин болуш канчалык мүмкүн жана Орусия Түркия менен Европада өздөрүнүн энергетикалык кызыкчылыктарын коргой алышат?
- Азырынча АКШ “Түрк агымынын” курулушуна каршы аракет көрө элек. Түркия өзү газды импорттоочу болуп саналат жана анын булактарын бөлүштүрүүгө аракет кылып келет. Өткөрмө түтүк аркылуу келген газ суюлтулган жаратылыш газы түрүндөгү альтернатива сыктуу арзан болот. Бул мамиледе Анкара кыйла арзан газдын ишенимдүү булагынын болуу маселесине абдан сезимталдык менен мамиле кылат. Анын үстүнө, Түркия “Чыгыш-Батыш” коридорунун энергетикалык хабы болууну каалайт.
Бардык ушул артыкчылыктар Түркия менен Орусияны энергетикалык маселеде бир тарапка коёт. Кошмо Штаттар аталган фактыны эске алат жана Түркиянын ушул алсыздыгына сый менен мамиле кылат.
Вашингтон Анкара үчүн жеңилдик жасап, ага башка жети өлкө менен катар Иранга каршы киргизилген ноябрдагы санкцияларга карабай, андан нефти жана газ сатып алууга мүмкүнчүлүк берди.
- АКШнын мамлекеттик департаменти 3,5 миллард доллар турган Patriot системасын сатып алууга тиешелүү Түркия менен мүмкүн болуучу бүтүмдү жактырды. Анкара 20 агытуучу орнотмосу менен төрт зениттик-ракеталык комплексти жана 80 тосуп калуучу ракета сатып алуу ниетинде. Эмнеге АКШ бул бүтүмдү жактырды?
- Patriot системасын сатып алуу – бул Түркия үчүн көптөн бери күтүп жүргөн бүтүм. Мурун Анкаранын ушул зениттик-ракеталык омплексти сатып алуу ниетине Кошмо Штаттар тиешелүү негизде жооп бербей келишкен, же болбосо Түркия ал үчүн бааны абдан жогору деп эсептеп келген.
АКШнын Мамлекеттик департаментинин Түркияга Patriot системасын сатууга берген уруксаты Анкара тарапка жасаган ишаратка окшоп турат. Бул анын орусиялык С-400 системасын сатып албасын билдирет.
Эгер F-35ти эске ала турган болсок, АКШ Түркия үчүн абадан коргонуунун толук пакетин сунуштап жатат. НАТОнун мүчөсү катары Түркия өзүнүн системасына американын коргонуу технологияларын толугу менен интгерациялаштырып алды. 2019-жыл Түркия өзүнүн коргонуучу каражаттарды сатып алууларын аныктай турган акыркы этап болуп калат.
- Сиз Түркия менен Белорусиянын мамилесине кандай баа бересиз? Эки өлкөнүн биргелешкен долбоорлору барбы? Алардын товар айлантуусу кандай?
- Белорус-түрк мамилелери 1992-жылы калыпка салынган бери туруктуу өнүгүп келет. 2017-жылы товар айлантуу болжол менен 1 миллиард долларды түздү. Белорусияга түрктөрдүн түз чет элдик инвестицияларынын көлөмү ошол эле жылы 400 миллион доллардан ашык каражатты түздү. Өлкөлөр ортосундагы кандайдыр бир саясий тирешүүлөрдүн жоктугу Анкара менен Минскинин мамилелеринде туруктуу өсүүнү түшүндүрөт. Бирок, биз өлкөлөр ортосундагы потенциалдуу экономикалык кызматташтык чөйрөсүн карай турган болсок, өнөктөштүк өз чегине жеткендиги анык болот.