Коргоо министрлиги Идлибдеги жасалма химчабуулду тарта баштаганы жөнүндө айтып берди

29 октября 2018

Идлибде Сирия армиясы “химиялык курал колдонду”деген провокациялык съемка башталды, депСогушуп жаткан тараптарды колдонуусу боюнча орусиялык борбор билдиргенин РИА “Новости” жазып чыкты.

Бул маалыматты Борбордо жергиликтүү жашоочулардан алышкан.

“Съемканын  “натуралдуулугу” жана Хербет-Эль-Джауз калк олтурукташкан пунктунан Жиср-Эш-Шугурга эртең менен “ак каскачандар” топурак үлгүлөрүн ыкчам чогултуусу үчүн согушкерлер тарабынан атайын хлордун негизиндеги уландыруучу заттары бар эки идиш  жеткирилген”, - деп айтылат билдирүүдө.

Бул үчүн эртең менен Жиср-эш-Шугурга Жакынкы Чыгыштын бир катар телеканалдарынын, ошондой эле америкалык алдыңкы жаңылыктар телеканалынын аймактык филиалынын тартуу топтору келгендиги белгиленет.

Бул маалыматты РИА “Новостиге” сириялык укук коргоочу жана коомдук ишмер Аммар Жамал да тастыктады.

“Ак каскалардын” 30га жакын кызматкеринен турган  адамдардын тобу түрк номерлүү тез жардам машиналарында Даркушдан (чек аралык шаардан) дан сактагычка (Излиб провинциясында) келишти”, - деди ал.

Провокацияга даярдык

АКШнын жана анын союздаштарынын ракета соккулары үчүн себеп болгон химиялык чабуул менен жасалган жаңы провокацияга согушкерлер даярданып жатканы тууралуу Коргоо министрлигинин расмий өкүлү, генерал-майор Игорь Конашенков августа эле билдирген.Анын сөзү боюнча, муну менен "Хайят Тахрир аш-Шам" ("Жамаат ан-Нусра") террордук топтун согушкерлери алектенет. Маалыматка ылайык, алар Жиср-эш-Шугурга сегиз хлору бар идиш алып келишкен.

Ошондой эле, районго британдык жеке менчик аскердик “Олива”компаниясынын адистеринин жетекчилиги астында  уулуу заттар менен иштөөгө үйрөтүлгөн согушкерлер тобу түшүрүлгөн.“Ак каска” кийген согушкерлер химиялык куралдан жапа чеккендерди куткарууну окшоштурушу керек, дейт Конашенков.

Ал эмнеге алып келиши мүмкүн

Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, Вашингтон “жооп иретинде” Сирияга сокку уруу үчүн даярданууда: Перс булуңуна бортунда 56 канаттуу ракеталары бар америкалык The Sullivans эсминеци, ал эми Катардагы Эль-Удейд авиабазага 24 канаттуу “аба-кыртыш” ракеталары менен  B-1B стратегиялык бомбалоочу учуп келди.

АКШ өз союздаштары менен бирге кийинки агрессия ишине даярданып жаткандыгына кыйыр тастыктоолор болуп ушул өлкөлөрдүн жогорку өкүлдөрүнүн Сирия бийлигинин химиялык куралдарды колдонуусуна “эң чечкиндүү образ менен” жооп берүү ниети саналат, деп белгиледи  Конашенков.

Москва бир нече жолу АКШ жана анын союздаштарын Сириядагы жаңы кооптуу кадамдардан сак болуусун күн мурун эскерткен.

“Ак каскалар” эмне менен алектенишет

“Ак каскалар” уюму Сириянын тынч калкын саясий нейтралдуулук менен куралдуу иштерге аралашуудан коргоо максатта экенин билдирет.

Акыркы жылдары интернетте ак каскачан кишилер урандылардын астынан адамдарды сактап жаткан видеороликтер көп пайда боло баштады. Бирок, ага паралель ошол эле “Ак каскалар” коюлуучу сюжетти түзүп, “жабырлануучуларга” грим жасап, аларга эмне деп айтыш керек экенин көрсөткөн жазмалар пайда болуп жатты. Мындан тышкары, сириялык журналисттер “куткаруучулардын” курал-жарак жана аскер кийими менен түшкөн сүрөттөрү бар бир нече материалдарды көрсөтүштү.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги “Ак каскалардын” ишин Сириянын бийлигин каралоого багытталган чоң маалыматтык компаниянын элементи деп атады.Башар Асад “Ак каскалар” уюмунун мүчөлөрү чынында “Аль-Каиданын” жактоочулары экенин билдирген.

Булак:https://ria.ru/syria/20180911/1528298001.html