Узак жашаган айымдар

29 октября 2018

Washington Post гезити Жапония узак жагандардын саны боюнча рекорд койгонун, алардын көбүн аялдар түзөрүн жазып чыкты. 2018-жылдын июлунда Күн чыгыш өлкөсүнүн өкмөтү планетанын эң узак жашаган айымы – Чио Мияко – 117 жашка чыгып көз жумганын жарыялаган. Анын ордун салыштырмалуу планетанын узак жашоочусу катары башка жапон айымы – 115 жаштагы Кейн Танака ээлеши мүмкүн.

Жапониянын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 2017-жылы Күн чыгыш өлкөсүнүн 69 миң 785 жашоочусу 100 жаштын кырынан ашкан, алардын 88%ын аялдар түзөт. 1965-жылы кылым жашаган жапондуктарган саны 2 миң гана кишини түзгөн.

Жапонияда узак жашоочулардын саны өскөндүктөн, өлкөнүн өкмөтү атайын майрам – Улгайып калган адамдарды сыйлоо күнүн уюштурушкан. 100гө чыккан жана андан ашкан жарандар Жапонияны пемьер-министри Синдзо Абэнин атынан куттуктоо алышат. Жалпысынан Күн чыгыш өлкөсүнүн калкын тез картаюучу коом деп аташат. Бүгүнкү күндө жапондуктандын орто жашы 47 жашты түзөт. Жапониянын калкты жана социалдык камсыздоону изилдөө улуттук институту жакынкы он жылдыкта узак жашаган адамдардын саны 170 миң кишиге жетиши мүмкүн экендигин болжолдошууда.