Жогорку Кеңештин жыйынынан чыгарылган аткаминер вице-спикер Мирлан Бакиров менен депутат Алмазбек Токторов аны менен байланышып кечирим сурабаганын билдирди.
Көйнөк кийбей келди деп Жогорку Кеңештин жыйынынан чыгарылган Баштапкы кесиптик билим берүү агенттигинин өкүлү Талантбек Тынысов окуя боюнча комментарий берди.
Ал ден соолугуна байланыштуу жумушуна костюмдун ичинен свитер кийгенин жана Жогорку Кеңешке күтүүсүз жерден барып калганын айтты.
"Мен жумушта отурсам, саат 9.30да парламентке баруу керектигин айтышты. Директорубуз ооруп калган экен. Мен саат 10.00дө бардым, бардык текшерүү пункттарынан өткөм, дресс-код боюнча эч ким унчуккан эмес. Ашказаным ооруп жаткандыктан жылуураак кармайын деп свитер кийип алган болчумун", — деди Тынысов.
Ал ошондой эле вице-спикер Мирлан Бакиров да, депутат Алмазбек Токторов да аны менен байланышып кечирим сурабаганын билдирди. Деген менен ал мамлекеттик кызматкер болгондуктан депутаттарга карата өз пикирин ачык айта албай турганын белгиледи.
"Иштеген кызматыма байланыштуу буга карата өзүмдүн пикиримди билдире албайм. Мыйзам жол бербейт. Муну үй-бүлөм, жакындарым кандай кабыл алганын айтуудан да карманам. Бул суроого жооп бербей эле коёюн", — деди аткаминер.
Мындан сырткары, Тынысов учурдагы жумушунан 16 миң сом айлык аларын кошумчалады. Ал кесиби боюнча бир топ жылдан бери мамлекеттик кызматтарды аркалап келгенин маалымдады.
Белгилей кетсек, 16-январда Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Токторов менен вице-спикер Мирлан БакировБаштапкы кесиптик билим берүү агенттигинин өкүлү Талантбек Тынысовду талаптагыдай кийинип келген жоксуң деп Жогорку Кеңештеги жыйын учурунда жемелеген. Бакиров аны ордунан тургузуп, депутаттардын алдында уяткарган. Андан соң чакырылгандардын арасында да Тынысовдун аты-жөнү жок экен деп чыгып кетүүсүн талап кылган.
Дагы: sputnik.kg, фото-© Фото / пресс-служба ЖК