Депутат Бакировдун видеосу. Кабинеттен чыкпай, соцтармакка жооп берди

17 января 2019 Депутат Бакировдун видеосу. Кабинеттен чыкпай, соцтармакка жооп берди

Видеодон социалдык тармактагы элдин 16-январдагы окуяга көбүрөөк басым жасап жатканын көрүүгө болот.

Баштапкы кесиптик билим берүү агенттигинин өкүлү Талантбек Тынысовго катуу айтып, ордунан тургузуп алып "такалаган" вице-спикерМирлан Бакиров журналисттерге кайрылды.

Видеодон социалдык тармактагы элдин 16-январдагы окуяга көбүрөөк басым жасап жатканын көрүүгө болот.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Токторов менен вице-спикер Мирлан Бакиров Баштапкы кесиптик билим берүү агенттигинин өкүлү Талантбек Тынысовду талаптагыдай кийинип келген жоксуң деп Жогорку Кеңештеги жыйын учурунда жемелеп, катуу айткан. 

Окуядан кийин соцтармак катуу реакция кылып, депутаттын аткаминерден кечирим суроосун талап кылган. 

Жогорку Кеңештин сайтында депутат жана вице-спикер Мирлан Бакировдун аталган жагдай боюнча берип жаткан жообу жайгаштырылган.



Дагы: sputnik.kg, фото-© Sputnik / Табылды Кадырбеков