Былтыр экономикалык өсүү болгонбу? Статкомдун маалыматы

17 января 2019 Былтыр экономикалык өсүү болгонбу? Статкомдун маалыматы

Оң тенденция же реалдуу өсүш айыл чарбасында, курулушта, дүң жана чекене соодада байкалган.

Статистика боюнча улуттук комитет 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча экономикалык өсүүнүн тенденциялары кандай болгондугун маалымдады. Бул туурасында аталган ведомстводон билдиришти.

Былтыр ички дүң продуктунун көлөмү алдын-ала баалоолор боюнча 557 миллиард сомду түзүп, мурдагы жылга салыштырганда 3,5 пайызга жогорулады.

"Кумтөр" кен казуу ишканасын эсепке албаганда, ички дүң продуктунун көлөмү 509 миллиард сомду түзүп, 3,5 пайызга өстү.

Статком: акча тамак-аштан да салыкка көп кете баштады

Өнөр жай продукциясынын көлөмү 2018-жылы 251 миллиард сомго жакындап, мурунку жылга салыштырмалуу 5,4 пайызга жогорулады.

Оң тенденция же реалдуу өсүш айыл чарбасында, курулушта, дүң жана чекене соодада байкалган.

Инфляциянын деңгээли керектөө чөйрөсүндө 0,5 пайызды түзгөн.

2018-жылы мурдагы жылдын декабрына салыштырмалуу баалардын жана тарифтердин төмөндөөсү Баткен жана Чүй облустарында байкалса, алардын эң көп жогорулоосу Нарын дубанында байкалган.

"Республиканын тышкы соода ишмердиги негизги көрсөткүчтөрдүн өсүшү менен мүнөздөлдү. Былтыр январь-ноябрда тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмү 5,9 миллиард долларды түзүп, мурдагы жылга салыштырмалуу 6,2 пайызга жогорулады. Ошону менен бирге экспорт 0,8, ал эми импорт 8,2 пайызга өстү", — деп айтылат маалыматта.

ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен республиканын тышкы соода жүгүртүүсү 4,8 пайызга төмөндөгөн. 2018-жылдын январь-ноябрында тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмү 2,1 миллиард долларды түздү.

ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен Кыргызстандын соода жүгүртүүсүндө эң чоң үлүш Россия (65,9 пайыз) жана Казакстанга (32,3 пайыз) туура келет.



Дагы: sputnik.kg, фото-© Sputnik / Табылды Кадырбеков