Кыргызстандык кыздар космоско микроспутник коё беришеби?

29 октября 2018

The Diplomat журналы “Кыргызстандан жылдыздарга: Кыргызстандын космостук программасы” деген аталыштагы макала жарыялады. Анда Кыргызстандык кыздардын микроспутник жасагандыгы жөнүндө жазылат. Мындай аппарттарды буга чейин Бутан, Гана, Монголия, Эстония, Бангладеш жана Латвия сыяктуу өлкөлөр жөнөтүшкөн.

2018-жылдын июулунда Бутан өзүнүн тарыхында биринчи жолу 10*10*10 синтиметр өлчөмүндөгү “Кьюбсат” (CubeSat) деген спутникти орбитага коё берген. Ушундай эле аппаратты эми Кыргыз кыздары да жасаганга аракет кылып жатышат. Kloop басылмасынын негиздөөчүсү Бектур Искендер билдиргендей, 2018-жылдын мартынан тартып кыздар келечектеги спутниктин тетиктерин программалоону жана 3D принтерде даярдоону үйрөнүп жатышкандыгын билдирди. Өзүнүн билдирүүсүндө спутник куруу мектебинин долбоору башталгандыгы жөнүндө Kloop мындай деп жазат: “Бизди Кыргызстандагы кыздарды, бийкечтерди жана аялдарды басмырлоо бизди тажатты. Көптөгөн үй-бүлөлөрдө кыздарды тейлөөчү кызматкерлер катары тарбиялаганы бизди тажатты. Аялдарга карата жүрөктүн үшүн алган он миңдеген адилетсиздик окуялар дагы бизди тажатты”.

Жайкы каникулдарга карабай, кыздар кылдаттык менен иштеп, техникалык көндүмдөрдөн тышкары, программалоо боюнча базалык билимге ээ болуп чыгышкан. Ал эми бул спутникти космоско учуруу үчүн 100 миң доллардын тегерегиндеги каражат керек.

2018-жылдын июнь айындагы абал боюнча долбоор 3400 доллар чогулткан, ага керек болгон материалдар сатылып алынган. Бүгүнкү күндө кыргызстандык космостук программа жеке долбоор бойдон кала берет. Өлкөнүн бийлиги же эл аралык коомчулук ага каржы жактан жардам көрсөтпөйт. Демилгечилер да өздөрү бул боюнча Кыргызстандын өкмөтү менен байланышкан эмес, деп жазат The Diplomat.