Financial Times гезитинин журналисттери Улуу Британиянын Кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча улуттук агенттиги (NCA) орус жарандарынын күмөндүү активдеринин келип чыгуусун иликтөө менен активдүү иш алып барарын билдирет.
Британ өкмөтү Лондон аркылуу жыл сайын жуулуп жаткан күмөндүү 90 млрд фунттун келип чыгуусун “тазалоо” демилгесин билдирди. “Агенттиктин кибер алдамчылык жана экономикалык кылмыштар боюнча департаментинин башчысы Дональд Тун орусиялык мигранттардын эсептерине жана кыймылсыз мүлктөрүнө, эгер алар өздөрүнүн капиталынын келип чыгуусун түшүндүрө түшүндүрө албаса, камакка алынышы мүмкүн экендигин белгиледи”, - дейт басылма.
Ошол эле учурда, NCA бир эле орусиялыктар менен алектенбей, Лондондо орун-очок алып калган мурунку СССРдин өлкөлөрүнөн, Африкадан жана Азиядан чыккандардын шектүү кирешелерин изилдөөнү ниеттенип жатат. Бул комплекстүү иш үчүн каржы чөйрөсүн жакшы билген кесипкөй жактоочулар, бухгалтерлер жана мыкты адистер тартылат. “Бүгүнкү күндө агенттик анализ жүргүзүү үчүн үч бай орусиялыктын активин камоого расмий ордер алган”, - деп жазат гезит. Аягында Дональд Тун быр жылдан кийин мындай ордерлердин саны көбөйөрүнө ишенерин билдирди.
Кытай насыялары Африкадагы коррупциянын катализатору болууда
Foreign Policy журналы Африка өлкөлөрүнүн өнүгүүсүнө Кытай тарабынан берилген каражаттардын көп бөлүгү жергиликтүү коррупционерлердин чөнтөгүнө кеткен деп жазып чыкты. 1960-жылдардан тартып Африка колонизаторлуука каршы өзүнүн саясатын жүргүзүп келет. Кытай өз кезегинде бул күрөштү өз кызыкчылыктары үчүн колдонуп, региондун элин карызга батырууга, аларды ресурстардан жана өзүнүн суверенитетинен ажыратууга аракет кылып келген. мисалы, Жибутиде мамлекеттик карыздан деңгээли ИДӨгө карата 86%га жеткен жана анын 80%дык үлүшүн Кытай берген насыялар түзөт. Замбияда мындай ойлонулбай алынган карыздар мамлекеттик электроэнергетикалык ZESCO компаниясын Кытайга өткөрүп берүүгө алып келиши мүмкүн деген божомолдор бар.
2018-жылдын августунда АКШнын бир катар сенаторлору финансы министри Стиван Мнучинге жана мамлекеттик катчы Мак Помпеого кайрылуу жөнөтүшкөн, анда Африкадагы жана Азиядагы “капиталдын куралдануусу” боюнча Кытайдын шарттарына байланыштуу өздөрүнүн тынчсыздангандыгын билдиришкен.
Бирок, африканын лидерлери Кытайдан ийкемдүү өнөктөштү көрүшөт, ошол учурда Кытайдан алынган насыялар бир гана ички инфратүзүмгө, жолдордун курулушуна жумшалбай, континенттин өлкөлөрүнүн жетекчилеринин өкүлдөрүнүн арасында коррупциянын күчөшүнө катализатор болгон.
Акыркы 20 жылда Кытай Африканын ири соода өнөктөшүнө жана чет элдик ири инвесторлордун бирине айланган. 2016-жылы Кытай менен Африканын мамлекеттеринин ортосундагы соода жүгүртүү 128 млдр доллардан ашып түшкөн, ошол эле учурда кошумча 140 млрд долларды Кытай региондун өлкөлөрүнө карыз катары берген.
2006-жылдан 2015-жылга чейин Кытай жана Африканын ортосундагы кызматташтук уюмунан берилген граттар 5 млрд доллардан 60 млрд долларга чейин өскөн. Басылма мыну менен катар Кытай Мозамбиктин президентинин резиденциясын, Конгонун парламентинин имаратын жана Угандада чоң мансаптагы аткаминерлердин резиденциясын куруу сыяктуу долбоорлорду ишке ашырган, бул Кытайга ушул өлкөлөрдүн лидерлерине “жагынууга” мүмкүнчүлүк берди деп белгилейт.