Американын “кол чатыры” Борбордук Азияны радикалдык экстримисттерден сактай албайт

29 октября 2018

АКШнын куралдуу күчтөрүнүн Борбордук башчылыгынын алдында Массачусетс штатында америкалык Эдвардс аскердик базада 10-сентыбрдан 21-сентябрга чейин “Аймактык кызматташтык - 2018” деп аталган аскердик машыгуулар өтүп жатат. Ага Борбордук Азиянын өлкөлөрү – Тажикстан, Казакстан жана Өзбекстан, ошондой эле Ооганстан жана Монголия катышып жатат. Бирок, серепчилер бул мамлекеттер бир гана Орусия менен бирге “ислам факторуна” каршы тура алат деп эсептейт.

Америкалык аскерлерден тышкары, маневрларда башка өлкөлөрдөн барган 200 аскер кызматкерлери алектенишүүдө. Тажикстан десантниктердин тобун жөнөттү, Казакстан тараптан байкоочулар гана катышууда, Кыргызстан буга катышкан жок. Машыгуунун жүршүндө көп улуттуу топ кызматташууга көмөк көрсөтүү жана ычам жайгаштыруу максатында бир нече сценарийге айкалыштырылган аскердик жоопторду даярдашууда. Машыгуулардын планына ылайык аскерлер туруктуулукту, чек аралардын коопсуздугун камсыз кылуу, терроризм менен күрөшүү, баңгизат менен күрөшүү жана тыюу салынган материалдар менен технологиялардын жайылуусуна каршы туруу боюнча операцияларга көңүл бурушат.

“Бул машыгуулар бир эле учурда биздин өнөктөштүк мамилелерди бекемдөө менен, биздин аскерлерге биргелешип иштөөгө, ишенимди бекемдөөгө жана биздин мүмкүнчүлүктү өнүктүрүүгө мүмкүндүк берет”, - деп билдирди АКШнын борбордук башкармалыгынын өкүлү полковник Эрл Браун.

Eurasianet басылмасынын маалыматы боюнча, машыгууларды каржылоо АКШга баңзаттарды сатуу жана эл аралык уюшкан кылмыштуулук менен күрөшкөн чет элдик куралдуу түзүмдөрдү окутууга жана жабдууга укук берген американын Улуттук коргонууга каражаттарды бөлүп берүү жөнүндө мыйзамынын № 1004 бөлүмү боюнча (Section 1004 oftheNationalDefenseAuthorizationAct) жүргүзүлүүдө. Машыгуу жардам алып жаткан өлкөлөрдүн атайын дайындыктагы бөлүктөрү үчүн АКШнын армиясы өткөрүп жатат. Адатта, машыгуу болору жөнүндө алдын ала жарыяланбайт, ал жөнүндө АКШнын Мамлекеттик департаментинин ар жылкы баяндамасында гана эреже болгондой билдирүү жасалат.

Машыгуу 2001-жылдан тартып жыл сайын өткөрүлөт. Өткөн жылы бул маневрлар 10-июлдан 23-июлга чейин Дүйшөмбүдө өткөн. Дүйшөмбүдө машыгуулар аймактагы коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылат деп эсептейт. “Талиптер” оогандын Тажикстан менен чектешкен Кундуз провинциясын өз контролуна алууга мезгил-мезгили менен аракет кылып келгендиктен, Ооганстан менен чектешкен чек арасы өлкөнүн негизги көйгөйү бойдон калууда. Тактап айтканда, 10-сентябрда талиптер Кундуз провинциясындагы Дашт-и-Арчи уезддик борбордук басып алууга аракет кылышкан. Өкмөттүк күчтөрдүн 18 аскер кызматкери жаракат алып, 15 көз жумган.

“АКШ үчүн бул Борбордук жана Түштүк Азиядагы өзүнүн өнөктөштөрү менен мамилелерди бекемдөөгө дагы бир мүмкүнчүлүк”, - деди аскердик серепчи Виктор Литовкин. Ал Казакстан жыл сайын АКШ менен “Талаа бүркүтү” деген машыгууларды өткөрөрүн эске салды. Акыркы мындай машыгуулар августта Форт Жексондогу (Түштүк Каролина)“МакКрейди” ок атуу талаасында өткөн. Анда натонун “Тынчтык үчүн өнөктөштүк” прогммасынын алкагында, АКШ менен Улуу Британиянын бөлүктөрүнөн тышкары, “Казбат” казакстандык батальон, Тажикстандын Коргоо министрлигинин атайын дайындыктагы ыкчам топ жана өзбекстандык атайын дайындыктагы жоокерлери катышкан. “Борбордук Азия өлкөлөрү, алардын баары ЖККУнун мүчөлөрү экенине карабай, суверендүү мамлекеттер, алар АКШ жана башка мамлекеттер менен машыгууларды жүргүзүүгө укуктуу. Баса, Орусия буга чейин машыгууларды Франция, Жапония, Кытай, жада калса АКШ менен жүргүзүп келген”, - деп белгиледи серепчи. Анын пикири боюнча, Орусия үчүн союздаштарынын америкалык машыгууларга катышуусу кызыктуу. Биз биздин потенциалдуу каршылаштарыбыздын курал-жарактарынын түрү, алардын кандай экендиги жөнүндө маалымат алабыз. Бирок, Литовкиндин пикири боюнча, АКШнын Борбордук Азия өлкөлөрүнө болгон басымы анчалык масштабдуу эмес, ошондуктан алардын НАТОнун стандарттарына багыт алуусу жөнүндө айтпай эле коюуга болот. “Жада калса, эчак эле НАТОго кирген Чыгыш Европанын өлкөлөрү ушул күнгө чейин куралдануунун натолук стандарттарына толугу менен өтө алышкан эмес. Бул, биринчиден, чоң акча турат, экенчиден, куралдуу күчтөрдүн бардык түзүмүн өзгөртөт. Мындан тышкары, америкалыктар өзүнүн союздаштарына алдыңкы курал-жарактардын түрлөрүн эч качан сатышпайт”, - деп белгиледи серепчи. Мисалы, АКШ Украинага 1970-жылы чыгарылган көчмө танкага каршы Javelin комплекстерин (КТК) жеткирип берген. Ошол эле учурда, өздөрүнүн көчмө танкага каршы Javelin комплекстери салыштырмалуу жаңы болчу. Эгер америка берген КТК 60 сантиметрге чейинки бронду тешип өтө турган болсо, американыкы 1,5 метрди тешип өтөт. Бул жеткирип берүүлөр Украинага бөлүнгөн америкалык жардамдын чегинде жүрүп жатат.           

Борбордук Азия өлкөлөрүн ала турган болсок, алар Орусияга “байланган”. “Дүйшөмбүдө жана аймактын башка борборлорунда бир гана Орусия менен алар “ислам факторуна” каршы тура аларын түшүнүшөт. Бир гана Орусия менен алар суверендүү мамлекет бойдон калат. Орусия Казакстанда дагы, Кыргызстанда дагы, Тажикстанда дагы бийликти коргор кала алат. Өзбекстан, ал жакта Орусиялык базанын жок экендигине карабай, ар дайыи Москвага ишене алат”, - деди Виктор Литовкин.