Казакстан жана Борбордук Азия (2018-жылдын январынан сентябрына чейин)

29 октября 2018

Казакстан

Жалпы маалымат: Борбордук Азия регионунда аянты боюнча эң чоң жана калкынын саны боюнча экинчи мамлекет.

Түштүктөн – Өзбекстан, Кыргызстан жана Түркмөнстан менен чектешет. Түштүк-чыгышынан Кытай менен. Түндүгүнөн жана Батышынан Орусия менен. Кайпий деңизине чыгуу мүмкүнчүлүгү бар, суу чек арасы боюнча Иран жана Түркмөнстан менен коңшу.

Экономикасынын негизги тармактары: өнөр жай, айыл чарбасы, курулуш, соода, транспорт, байланыш.

Өлкөнүн соода-транспорттук дарамети төмөнкүлөрдүн эсебинен камсыз кылынат:

- Географиялык абалы. Казакстан аркылуу бир нече маанилүү транспорттук коридорлор: “Европа – Китай”, Орусия – Борбордук Азия”, “Кытай – Иран”.

- Өнүгүп жаткан инфра түзүмдөр: Казакстан мурункудай эле өзүнүн транспорттук маршрутун кеңейтүүгө көлөмдүү каражат бөлүүнү улантып жатат. Казакстандагы темир жол боюнча жүк агымынын көлөмү көбөйүп жатат жана бул бардык жүк агымынын дээрлик үчтөн эки бөлүгүн түзөт.

Экономикадагы тенденциялар: 2017-жылдын жыйынтыгы боюнча ИДӨнүн өсүүсү 4%ды түзгөн. Оң динамика экономиканын көпчүлүк секторлорунда байкалган. Ошентип, тоо-кен өндүрүү өнөр жайынын көлөмүнүн өсүүсү 5,5%дык деңгээлде, кайра иштетүү өнөр жайында 5,2% байкалган. Дүң жана чекене соода секторундагы өсүү + 5,9%, тарнспорт жана кампада + 4,9%, кыймылсыз мүлк менен болгон операциялар +2%.

2017-жылдын ушул эле мезгилинде экономиканын өсүүсү тоо-кен иштетүү жана кайра иштетүү тармагында, айыл чарбада жана соодада болгон.

2018-жылдын 1-кварталында инфляция. Жылдын инфляциянын динамикасы 5-7%дын чегинде сакталган.

Сырткы соода: Улуттук экономика министрлигинин Статистика боюнча комитетинен маалыматы боюнча 2018-жылдын жети айы үчүн Казакстандын сырткы соода айлантуусу 2017-жылдын ушул мезгили менен салыштырмалуу 20,7%га өскөн.

Алардын ичинен экспорттун үлүшү 26% - 34 млрд долларга, импорт 10,3%га – 17,93 млрд долларгаөскөн.

Республиканын негизги соода өнөктөшү болуп Орусия, Кытай, АКШ жана Европа биримдигинин өлкөлөрү: Германия, Италия, Франция саналат.

2018-жылдын январь-июль айларында экономиканын түзүмүн төмөнкүлөр түздү:

•        минералдык продукттар–мунай, мунай өнүмдөрү, мынай газы жана көмүр суутек -  74,3%

•        металлдар жана алардын жасалгалары - 14,8%

•        жаныбарлардан жана өсүмдүктөрдөн алынган азыктар, даяр азык-түлүк товарлары - 4,8%,

•        өнөр жайдын химиялык жана ага байланышкан тармактардын продукттары, каучук жана пластмассаны кошкондо - 3,6%,

•        башкалар - 1,5%.

Казакстандын продукциясынын экспортунун негизги багыттары болуп Европа биримдигинин өлкөлөрү – 55,3%, Кытай – 9,9%, КМШ өлкөлөрү – 15,6% саналат. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн үлүшү 10%ды түзгөн. Баары болуп Казакстан 123 дүйнөнүн өлкөсүнө 800дөн ашык товардык позиция боюнча экспорттойт.

Экспорту түзүмү жетишерлик туруктуу бойдон калат жана олуттуу өзгөрүүлөрдү башынан кечирип жаткан жок. Биринчи жарым жылдык үчүн көрсөткүчтрөдүн өсүүсү кайсы бир деңгээлде сырткы себептердин комплекси менен шартталган. Алардын негизгиси болуп мунайга болгон баанын өзгөрүүсү саналат. Ошол эле себеп боюнча, жылдын аягына чейин соода балансынын оң сальдосунун көбөйүүсү күтүлөт. Казакстандын Улуттук банкында мындай динамика ушул жылдын аягына чейин сакталат.

2018-жылдын жети айы үчүн импорт түзүмү төмөндөгүдөй бөлүндү:

•        машиналар, жабдуулар, транспорттук каражаттар, шаймандар жана аппараттар - 38,6%,

•        өнөр жайдын химиялык жана ага байланышкан тармактардын продукттары, каучук жана пластмассаны кошкондо - 17%,

•        металлдар жана алардын жасалгалары- 12,2%,

•        жаныбарлардан жана өсүмдүктөрдөн алынган азыктар, даяр азык-түлүк товарлары - 11,7%,

•        минералдык продукттар - 8,8%,

•        башкалар- 11,7%.

Товарлардын негизги импорту ЕАЭБ өлкөлөрүнө – 40,5%, ЕБ өлкөлөрүнө – 20,4%, Кытайга – 16,4% туура келет. Казакстандын Улуттук банкы жылдын акырына чейин импорттун акырындап 8%га өсүүсү, ал эми 2019-жылы 10%га чейин өсүүсү болжолдонуп жатат (https://vlast.kz/novosti/29470-nacbank-prognoziruet-rost-importa-v-2018-i-2019-godah.html).

2018-жылдын сентябрындагы Казакстандагы маанилүү окуялар:

Жылдын башындагы экономисттердин оптимисттик божомолдору акталган жок. Казакстанда доллардын курсу жогорулап кетти. Негизги себеби Орусияга каршы санкцияларды киргизүү болуп калды. жакшы дагы жаңылыктар бар. Мисалы, Казакстандын Улуттук банкы инфляцияны 5-7%дын чегинде кармап турууну пландап жатат.

Казакстан мунай өндүрүүнү көбөйүүн пландап жатат:Сөз ири Кашаган кен чыккан жер жөнүндө болуп жатат. Ал Каспий деңизинин түндүк бөлүгүндө жайгашкан. Жылдын аягына чейин казылып алынган сырьёнун көлөмү 87 миллион, ал эми 2019-жылы 88 миллион тоннага чейин жетиши мүмкүн. Мындай божомолжакынкы беш жылга республикалык бюджет жөнүндө мыйзма долбооруна жазылган. 2017-жылы мунай компаниялары салык кирешелеринин жалпы көлөмүнүн 38%ын жапкан.

Кыргызстан

Жалпы маалымат: Мамлекеттин деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгү жок. Түндүгүнөн Казакстан, чыгышынан Кытай, түштүгүнөн Тажикстан жана батышынан Өзбекстан менен чектешет.

Азыркы учурда соода-траснпорттук дарамети анчалык бийик деңгээлде эмес. темир жол инфра түзүмүнүн өнүгүшү СССР кулаган учурдан тартып токтогон жана ошондон тартып уланган эмес. азыркы күндө темир жол транпортунда жүк агымынын көлөмү 5%дан ашпайт. Авто жол тармагын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү кытайдын “Бир алкак – Бир жол” концепциясына ылайык ишке ашырылып жатат, ага жүк ташуунун 93%ына чейин туура келет.

Экономиканын маанилүү тармактары: айыл чарбасы, кызмат көрсөтүү, өнөр жай, курулуш, соода, туризм, транспорт жана байланыш.

Экономикадагы тенденциялар:

2017-жылдын жыйынтыгы боюнча ИДӨнүн өсүүсү 4,5%ды түзгөн. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча 2018-жылдын биринчи жарым жылдыгы үчүн ИДӨ түзүмүндөгү абдан чоң үлүш кызмат көрсөтүү тармагына туура келген, жалпы көлөмдүн 47%ын түзгөн. Айыл чарбасынын үлүшү үлүшү 10,2%ды, курулуш 6,4%ды түзгөн. Ошол эле учурда айыл чарбасындагы өндүрүштүн реалдуу өсүүсү 2,1%ды, соодада 5,5%ды түзгөн.

2018-жылдын биринчи жарым жылдыгы үчүн инфляция 0,1%ды түздү.

Сырткы соода: Экономика министрлигинин маалыматы боюнча өлкөнүн сырткы соода айлантуусу 2018-жылдын январынан июнуна чейинки мезгилде 2017-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 17,1%га өсүп, 3,24 млрд долларды түзгөн. Көрсөткүчтрөдүн өскөнү импорттун эсебинен + 22,8% камсыз кылынган, ошол эле учурда экспорт анчалык чоң эмес 2,7%га өскөн. Муну менен соода балансынын таңкыстыгы 1,62 млрд доллар деңгээлине жеткен. Мурунку жыл менен салыштырмалуу көрсөткүч 1,4 эсе начарлап кеткен.

Кыргызстандын негизги соода өнөктөштөрү бойдон: Кытай, Орусия, Казакстан кала берет.

Экспорттун түзүмү январь-июнь айларында негизги товарлардын категориясы төмөндөгүдөй түзүлдү:

Жогорулоо

Төмөндөө

Цемент

7,4 эсе

Алтын

- 18,2 %

Электрэнергиясы

2,7 эсе

Кен жана баалуу металлдардын концентраттары

- 18,7 %.

 

Текстиль жана трикотаж кийимдери

2,4 эсе

 

 

Резина бут кийимдер

2,5 эсе

 

 

Пахта буласы

2,1 эсе

 

 

Темир жана жез калдыктары

2,4 эсе

 

 

Кургак буурчак жер жемиштер

+ 29,4 %.

 

 

 

Кыргызстандык продукциянын экспортунун негизги багыттары болуп төмөнкү өлкөлөр саналат:Улуу Британия – 31,8%, Орусия – 22,3%, Казакстан – 15,5%, Өзбекстан - 10,0 %, Түркия - 4,3 % жана Кытай - 3,8 %. Кыргызстан товарын дүйнөнүн 82 өлкөсүнө сатат.

Негизги экспорттук продукт болуп мурункудай эле алтын саналат. Экспорт түзүмүнүн айыл чарба тармагынын продукциясынын өлүшүндө анчалык чоң эмес жана туруксуз өсүү байкалууда.

Импорттун көрсөткүчтөрү төмөнкү соода позициялары боюнча туруктуу өсүүнү көрсөтөт:

•        кийим - 2,3 эсе,

•        тери жасалгалары - 1,8 эсе,

•        мөмө-жемиштер жана жаңгактар - 1,8 эсе,

•        бут кийим +52,9 %,

•        кара металл +40,6 %,

•        химиялык була +27,4 %

•        машиналар жана жабдуулар +34,5 %

•        мунай жана мунай өнүмдөрү + 8,4 %.

Кыргызстандын негизги импортерлору болуп Кытай - 41,9%, Орусия - 22,8%, Казакстан - 9,6%, Түркия – 5,9%, АКШ - 3,8%, Өзбекстан - 3,4%, Германия - 1,5 % саналат. Өлкө дүйнөнүн 120 өлкөсүнөн продукция сатып алат.

2018-жылдын сентябрындагы маанилүү окуялар:

Эмгек мигранттарынын акча которулары өсүүдө: Кыргызстандын Улуттук банкынын маалыматы боюнча 2018-жылдын январынан июлуна чейин Кыргызстанга мигранттардын акча которуулары 1,5 млрд долларга жеткен.

Өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу көрсөткүч 189,1 млн долларга өскөн. Сумманын 90 проценттен ашыгы Орусиядан которулган – 1,48 млрд доллар. Короруулардын көлөмү боюнча экинчи орунда АКШ турат. Бул өлкөдөн 14,2 млн доллар которулган.

Тажикстан

Жалпы маалымат: Региондогу аянты боюнча эң кийинекей мамлекет. Деңизге чыга албайт, батышынан жана түндүк-батышынан Өзбекстан, түндүгүнөн Кыргызстан, чыгышынан Кытай жана түштүгүнөн Ооганстан менен чектешет.

Соода жана транспорттук инфра түзүмдүн, ошондой эле соода тоскоолдуктарнын азыркы деңгээлинде Тажикстандын транзиттик потенцияалы төмөнкү дэңгээлде кала берет. Ошол эле учурда, географилык абалынан улам өлкө Ооганстан аркылуу Индиянын жана Ирандын рынокторуна жана Кыргызстан аркылуу Орусия жана Казакстандын рынокторуна чыгуу мүмкүнчүлүгү бар. Жүк ташуулардын негизги үлүшү – 90%дын тегергинде авто унаа транпортуна туура келет.

Экономиканын негизги тармактары: айыл чарбасы, өнөр жай, соода.

Экономикадагы тенденциялар:

2017-жылдын жыйынтыгы боюнча ИДӨнүн өсүүсү 7,1%ды түздү. 2018-жылдын биринчи жарым жылдыгы үчүн экономика өнөр жайдын, анын ичинде электр энергиясынын – 17,9% жана соода – 17,2%, эсебинен өсүп жатат.

2018-жылдын январынан августуна чейин инфляция 2,8%ды түзгөн.

Сырткы соода: Тажикстандын Бажы кызматынын маалыматы боюнча 2018-жылдын январынан июнуна чейин республиканын соода айлантуусу 2,04 млрд долларды түзгөн. 2017-жылы ушул эле мезгил үчүн товар айлантуунун көлөмү 1,68 млрд долларды түзгөн.

Соода балансынын таңкыстыгы өсүүсүн улантып жатат – с 0,8 млрд доллардан 1,08 млрд долларга чейин.

Тажикстандын негизги соода партнеру болуп төмөнкү өлкөлөр саналат: Орусия – 470 млн доллар, Казакстан – 416 млн доллар, Кытай – 316 млн доллар жана Өзбекстан – 128 млн доллар б

Экспорт түзүмүндө чнварь-июнда товарлардын негизги категориялары 2017-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу айрым өсүштөрдү көрсөткөн:

•        Алюминий жана анын жасалгалары +9,3%

•        Кен, кесек күл, күл +10,7%

•        Пахта +87,1%

Товарлардын негизи категориялары боюнча импорттун динамикасы:

•        Дан өсүмдүктөрү -6%

•        Минералдык күйүүчү майлар, мунай жана кайра иштетүүдөн алынган продуктылар +26%

•        Жабдуулар, казандар жана механикалык түзмөктөр +60%

•        Кара металлдар +73%

•        Темир жол жана трамвайдык жылып жүрүү курамынан тышкары жерде жүрүүчү транспорт каражаттары, алардын бөлүктөрү жана шаймандары +96,3%

2018-жылдын сентябрь айындагы олуттуу окуялар: Тажикстан Өзбекстанга электр энергиясын экспорттоону көбөйттү. Тогуз жылдык үзгүлтүктөн кийин Дүйшөмбү жоголгон убакытты курайт. Июлда коңшу республикага 417 млн килловат-саат электр энергиясы жеткирилди, ал айлык ченден 4 эсеге жогору.

Тажикстанда өндүрүлгөн бардык электр энергиясынын үчтөн бири экспортко кетет. Дүйшөмбүдөн сатып алуучудан башка Ооганстан турат.

Өзбекстан

Жалпы маалыматтар: Мамлекет деңизге чыгууга ммүкүнчүлүгү бар, чыгышта Кыргызстан менен, түндүк жана түндүк-батышында Казакстан менен, түштүк-батышында жана түштүгүндө Түркмөнстан менен жана Ооганстан менен, түштүк-чыгышында Тажикстан менен чектешет.

Экономиканын негизги тармактары: Өнөр жай, кызмат көрсөтүү, айыл чарбасы, соода жана курулуш.

Өзбекстан өз ишин активдүү кеңейтип , жаңы соода жана транзит маршруттарын салууда. Өлкө Өзбекстанга Парсы булуңу, Кытай жана ЕАЭБ өлкөлөрүнө жетүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган темир жол курулушу боюнча бир катар долбоорлорго катышып жатат.

Экономикадагы тенденциялар: ИДӨнүн өсүшү 2017-жылы 5,3 %ды түздү. 2018-жылдын алты ай ичинде 4,9% өсүш байкалат, бул болжол менен 19,5 млрд.

2018-жылдын беш айында инфляция 6,6%ды түздү.

Тышкы соода: Өзбекстандын тышкы соода министрлигинин маалыматы боюнча, өлкөнүн тышкы соода жүгүртүүсү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 24%га көбөйүп, 17,7 млрд АКШ долларын түздү.тӨлкө 7,8 млрд АКШ доллар көлөмүндөгү азыкты  жана 9,9 млрд долларга экспорттоду. Алсак, тышкы сооданын терс айырмасы 2,1 млрд долларды түздү.

Орусия, Кытай, Казакстан, Түркия, Түштүк Корея 2018-жылы Өзбекстандын негизги соода өнөктөштөрү болуп калат.

2018-жылдын январь-июндагы экспорттун түзүлүшү:

• пахта буласы - 2,22%

• тамак-аш азыктары - 7,93%

• химиялык продуктылар- 0,63%

• энергетикалык ресурстар- 17,34%

• кара жана түстүү металлдар- 5,92%

• машиналар менен жабдуулар- 1,37%

• кызматтар- 32,56%

• башкалары- 32,03%

2018-жылдын январь-июндагы экспорттун түзүлүшү:

Өзбек товарларынын экспортунун басымдуу бөлүгү Кытайда, Казакстанда, Түркияга таандык болот. Географиянын экспорту 80ден ашуун өлкөнү камтыйт.

Өлкөнүн экспортунун түзүлүшүндө бир катар өзгөрүүлөр орун алды. Чийки зат экспортунун үлүшү акырндык менен төмөндөөдө жана кайра иштетүү тармактарынын ролу артууда.

Көрсөтүлгөн мөөнөттө бажы статистикасына шайкеш импорт түзүмү төмөнкүдөй:

• механикалык жабдуулар 24,5% (2017-жылдын ушул мезгилине караганда (+51,6%)

• жер тарспорт каражаттары жана анын бөлүктөрү 10,1% (+ 74,3%);

• кара металлдар 7,9%, (+ 47,2%);

• минералдык отун жана мунайзат өнүмдөрү 6,5% (+ 49,7%);

• учуучу аппараттар жана алардын бөлүктөрү 1,8% (24,4 есе өсім);

• жыгач жана және алардан жасалган буюмдар 4% (+ 41,0%);

• дан өсүмдүктөрү 1,9% (+ 47,6%);

Орусия, Кытай, Казакстан, Түштүк Корея жана Түркия Өзбекстандын негизги импорчулары болуп калууда.

2018-жылдын сентябрь айындагы олуттуу окуялар: Өнөктөштүк стратегиясы 1,3 млрд доллар

Ислам өнүгүү банкы экономиканы өнөктүрүү үчүн Ташкентке насыя берди.

475 млн доллар энергетика, танспорт жана шаардык өнүктүрүү долбоорлоруна жумшалары болжолдонууда. 300 млн доллар инфратүзүм жана турак-жай курулушуна, ошондой эле сооданы колдоого жумшалат. Насыянын калган бөлүгү Өзбекстандагы социалдык өнүгүү менен жеке долбоорлорго кетет.

Өзбекстан 2003-жылдан бери ИӨБ менен жигердүү кызматташып келет

АКШ өзбек пахтасын “кара тизмеден” чыгарып салды.

Вашингтондо Өзбекстан өкмөтү пахта жыйноодо балдар эмгегин кыскарышынын натыйжасында “жөнөкөй прогресске” жетти деп эсептешти. Ал эми Ташкентте бул кадам “Өзбекстандын имиджине оң таасирин тийгизди” жана текстилдик өнөр-жайындагы негизги чет элдик бренддер менен кызматташууга жол ачат” деп билдирди.

Борбордук Азия и Кытай

Пахта акыркы кезге чейин Өзбекстандын негизги экспорттук өнүмү болуп келди.

Кытай үчүн бул келечекте Жибек жолунун деңиз каттамын толуктап турган альтернативдик транспорттук коридорлорду куруу үчүн зарыл чара болуп саналат.

Ушундай жол менен Кытай өзүнө континенттин негизги рыногуна жеткиликтүүлүктү камсыз кылат.

Кыргызстан жана Тажикстан сыяктуу кээ бир Борбордук Азия өлкөлөрү ал тургай өз долбоорлоруна каражат жок, ал эми Кытай башкалардыкын акырындык менен чечип жатат. Инфратүзүмгө инвестиция салуу жана КЭР минералдары активдүү түрдө казуу, бир жагынан ал өзүнө чийки зат менен энергиянын керектүү куймасын , экинчи жагынан өзүн жумуш менен камсыз кылат.

Мындай узак мөөнөтүү стратегия Кытай сыяктуу өнөр-жай алптар үчүн пайдалуу болгон алсыз экономикага ээ өлкөлөр үчүн ошончо деңгээлде коркунучтуу. Коңшулардын өсүп бара жаткан каржылык көз карандылыгы аларды Пекинге зарыл долбоорлорду макулдашуу учурунда көбүрөөк баш ийүүгө жардам берет. Талаш жана тоңдурулган демилгелер бүгүнкү күндө анча көп эмес. Бул Кыргызстан менен Тажикстан аймагы аркылуу өтүүсү болжолдонгон Борбор Азия – Кытай газ түтүктөрүнүн төртүнчү бөлүгү. Ал эми Өзбекстан менен Кытай аймагында буга чейин салынган өзөк жол Кыргызстан аркылуу байланыштырган темир жол.

Акыркы долбоорго каршы эки өлкө болуп саналат: Москва менен Астана. Ар бир мамлекеттин буга өзүнүн геосаясий, экономикалык жана аскердик мүнөздөгү себептери бар.

Борбор Азия жана Орусия

Борбор Азия Орусия үчүн экономика, саясат жана коопсуздук чөйрөсүндө таасирдүү аймак болгон жана болуп келет. Аймактын беш өлкөнүн экөөсү Казакстан менен Кыргызстан Бажы биримдигине кирет. Бул бирикме, башында Кытайдын өсүп келе жаткан максаттарынан өз экономикасын коргоо үчүн өз рыногун түзүүнү көздөгөн.

Тажикстан Бирликке кирген эмес, бирок, ошентсе да, экономикалык жактан Москвага абдан олуттуу түрдө көз каранды. Иш тажиктердин бир бөлүгү Орусияда иштеп жатат жана мекенине акча которуу аркылуу өлкөнүн экономикасын колдоп жатканында болуп жатат.

Өзбекстан дагы Бирликке кирген эмес, бирок Орусия Ташкенттин  негизги соода өнөктөштөрүнүн бири катары калат.

Ачыктык саясатын жүргүзүү менен өз экономикасын либералдаштырууга умтулууда Өзбекстан Москвага жакындашууну каалайт.