Сирияда катуу сууктан 15 бала каза болду

16 января 2019 Сирияда катуу сууктан 15 бала каза болду

Алардын көбү "Рукбан" лагерине келе жатканда көз жумган.

 Сириянын түштүк-батышындагы жана чыгышындагы катуу сууктан кеминде 15 бала каза болгонун ЮНИСЕФтин аймактык директору Гирт Каппираленин маалыматында айтылганын РИА Новости агенттиги жазды.

"Абанын температурасынын төмөдөшү Сириянын түштүк батышындагы Иордания менен чектешкен аймактагы "Рукбан" лагериндеги балдардын жашоосун кыйындатты. Акыркы бир айдын ичинде эле сегиз бала чарчап калды. Алардын эң жашы — бул дүйнөгө келгенине бир саат болгон эмес", — деп айтылат маалыматта.

Ал ортодо Сириянын чыгышындагы Хаджин районундагы согуштук кагылышуудан улам декабрда эле лагерге 10 миңдей киши көчүп келген. Жылуу кийими жана турмуш-тиричиликке керектүү буюмдары болбогондуктан алар кыйналып калышууда. Лагерге келе жатканда жолдо кыйналып жети бала чарчап калган, алардын көбү бир жашка чейинки ымыркайлар.

ЮНИСЕФ бардык тараптарды "Рукбан" лагерине келе жаткан гуманитардык жардамдар жүктөлгөн машиналардын өтүүсүн жеңилдетүүгө чакырды.



Дагы: sputnik.kg, фото-© AFP 2018 / GEORGE OURFALIAN