Эмнеге Орто Азияда Кытайдан коркушат?
Кытай Орто Азиянын сурунку советтик республикаларына кирип келүүдө. Кимдир бирөө региондо бул кадамга жыргап жатса, кирдир бирөө үчүн: душман босогодо деген коркунуч жаратууда. “Пекин бизди майда-чүйдөбүздөн бери сатып алды, жакында биздин жерлерди тартып ала башташат, ал эми эркектери биздин кыздарды аялдыкка алууда”, - деген фобия менен Кытайга мимиле кылышууда. Кытай ишканасындагы кандай чыр-чатак болбосун социалдык тармактарда толгон пикирлерди жаратат, ал эми айыл чарбасына инвесторлор келет деген сөздөр көп миңдеген өкмөткө каршы митингдерге алып келет. Кытайдан коркуп кереги барбы, эмнеге коомдо синофобия күчтүү жана Кытай менен кантип кызматташуу керек, деген суроолорго жооп издеп көрдүк.
“Келгени жакшы болду”
Болотбек июль айында чыккан Бишкектин четиндеги Военно-Антоновка айылындагы плита өндүрүү боюнча кытай заводундагы кесиптештеринин “козголоңун” колдогон эмес. негизи, жумушчулардын жарымы гана козголон уюштурушкан – бир нече киши гана кытай жетекчи аларды кордоду деп ызы-чуу чыгарышкан. Башкы директору мас абалында белгиленген убактан башка учурда тамактанып жаткан жумушчуларды урушуп, уруп да жибериптир. Нараазы болгон адамдар митингге чыгышты, жергиликтүү бийликтин аралашуусуна туура келди.
“Бул сандырактык, - деп мүнөздөдү нараазы болгондордун версиясын Болотбек. – Директор соо болчу. Тарелкадагы тамактарды таңгакка салынып турганын көрүп, алып ыргытып жиберген. Бирок, бирөөгө бир да сөз айткан эмес. Таңгак экспорттук плиталар үчүн болчу да, чынында анда тактар калып калмак. Андай плиталарды кантип анан чет өлкөгө жөнөтүүгө болот? Эч кимге кыйкырынып, ыргытынган жок. Эскертүүнү цехтин башчысына гана – кытай аялга айтты. Баары сылык болду”.
Кадимки синофобия жөнүндө Болотбек ишканадагы катуу эмгек тартибин айылдын жашоочулары анчалык кубануу менен кабыл алган жок дейт.
“Иштегиси келбегендер чуу чыгарышты. Биздикилердин маанайыда мындай да: биз эки президентти качырып жибердик! Биз – о-хо-оо! Биз өзүбүздүн жердебиз да! Сенин да кытай сазайыңды беребиз. Бирок, анысы ишке ашкан жок”.
Анткен менен, кытайлар көп нерсе – ишканаларды жана жолдорду куруп беришти. Кыргызстанда кайда барба Карабастын маркизи жөнүндө жомок, анын баарына тиешеси бар, кытай фирмалары бардык жерде бар.
Жолдорду, анын ичинде Военно-Антоновкага барган жолду да оңдоп жатышат. Фергана өрөөнү менен байланыштыра турган республиканын түндүгүнөн түштүгүнө чейинки стратегиялык трассаны куруп жатышат. Кытайлардын өздөрү кытай техникасына жана кытай акчасына салып жатат. Бирок, бир эле пайда үчүн эмес.
Кыргызстан Пекин үчүн – өзгөчө республика. Бул Орто Азияга дарбаза, ал аркылуу кытай продукциясы регионго агылып келген. Алты миллион калкы бар Кыргызстан менен жарым миллион калкы бар Кытайдын ортосундагы расмий товар айлантуу бир-бир жарым миллиард доллардын тегерегинде болот. мурунку советтик республика үчүн бул көп. Бишкектин четинде жайгашкан Дордой базары коңшу республикаларды, Орусияны дагы кытай кийим-кечеси менен камсыз кылып келген жана камсыздап жатат. Азыр Дордойго атаандаштыкты коңшу Казакстандагы Хоргос кургактагы порту түзүп жатат.
Расмий Бишкек айтып жаткан кытай импортунун көлөмү Пекиндин маалыматтары менен дал келбейт. Иш жүзүндө кытай товарлары Кыргызстанга бажы кызматы отчет бергенден да көп киргизилет. Үч, кээде беш эсе көп кирет!
Башка сөз менен айтканда Пекин Орто Азия менен эч кандай келишимдери жана эркин соода аймагы жок эле пошлинасыз соодалашуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон.
Кытай өзүнө эшиктерди бир эле жолдор жана заводдор менен куруп жаткан жок. Кыргызстандын сырткы карызынын 40 пайыздан ашыгы (1,7 млрд доллар) кытайдын каржы институттарына туура келет. Кичинекей өлкө үчүн бул чоң акча.
Военно-Антоновкадан анчалык алыс эмес Кара-балта деген шаар бар. Андагы кытай инвесторлору курган мунайды кайра иштетүүчү заводдо көптөр Болотбектей Кытайга карата жакшы мамиледе болгондор бар. “Менеджерлер, инженерлер — баары кытайлар. Биздикилерди бир гана айдоочу кылып алып жатышат. Анан да кароолчулукка. Алып кел, алып кет дегенге. Эмнеге арызданышыбыз керек? Орой сүйлөшпөйт, сылык-чыпаа мамиле кылышат”, - дешет жергиликтүү тургундар.
Анткен менен, мындан бир нече жыл мурда Кара-Балтада курулуп жаткан завод жергиликтүү калк менен инвесторлордун ортосунда чуу пайда кылган.
Жаңы ишкананын жайгашкан жери жөнүндө маселеге Бишкектеги кытай элчиси да пикир билдирген. Чуу басылып, завод жөн гана иштей башташкан. Май ташыган унаанын айдоочусу кемчиликтери жөнүндө суроого кейип туруп: “Уксаң, алыска жумушка барбаганы эле болбосо. Айыл ортосунда мунай ташыбайсың да, - деп буларды кошумчалады. – Кытайлардын келгени жак болуд. Орусияга иштегени баруунун кереги жок”.
“Кытайдын аймактык бүтүндүгүн тааныйбыз!”
Эркин эл аралык мамилелер менен алектенген чиновник болгон. Азыр окутуучу болуп иштейт. Пекин менен бишкектин ортосундагы жаңы мамилелердин тарыхын ичтен билет.
“Акаев бардык президенттердин ичинен эң акылдуусу болчу. Кытай менен иштешүүгө эртеби, кечпи билүүгө туура келет. Маселе – кандай шарттарда экендиги. Өтө кылдат болгон. Бакиев да жөнөкөй эмес эле – даярданып гана жүргөн. Отунбаеваны эсеп албай деле койсо болот, ал убактылуу президент болгон.
Кытай-кыргыз “достугун” эсептөөнү Атамбаевден баштоого болот. Ал ачык адам, кытайларды кучагын жайып тосуп алды. Маанилүү нерсе – Пекин эч кимге эч нерсени тааңуулабайт. Батыш сыяктуу мыйзамды алмаштыргыла, коррупцияны токтоткула деген сыяктуу жана башка саясий шарттарды койбойт. Кытайлар : мына акча, мына долбоор. Каалайсыңарбы? Анда кол алышып, иштейли!” – дейт Эркин.
Кытайлардын прагматизми бир эле саясатка эле эмес, насыяларга да тиешелүү.
Орто Азия республикалары алган дээрлик баардык карыздар байланыштуу болгон, башкача айтканда белгилүү бир шарттар менен берилген. Көбүнчө мындай: материалдар жана жумушчуларда кытайдан болушу керек.
“Жыйынтыгында бизге акча беришип, жол курушуп, өздөрү да андан киреше таап алышты. Башкача сүйлөшүп алса болот беле. Мүмкүн. Бизге кытайдан товарлар келет, аларды ким алып келет? Туура, негизинен кытай жүк ташуучулары”, - деп кошумчалары Эркин. Ошол эле учурда, анын сөзү боюнча эч кандай массалык кытайлардын келүүсү байкалбайт.
“Кытай менен болгон чек ара абдан жакшы контролонуп жатат. Жумушу бар адамдар гана – ишкерлер келип жатышат. Эгер эле алар жергиликтүүлөр менен никеге туруп жатышса, ал ушул жакта жагоо ураксат алуу үчүн гана. Иштөө үчүн пайдалуу. Ачык прагматизм”, - деп түшүндүрдү мурунку чиновник.
Эркин белгилегендей, Пекин азырынча Бишкекти басынткан жок. Ал жасап деле кереги жок. Анткени, Пекиндин ишаараттарын чиновниктер талкууга жатпай турган буйрук катары кабыл алышып жатышат. “Бир жолу биздин вице-спикерлердин бири Танванга барат. Кытай расмий адамдардын аралга баруусуна кыжырдануу менен карайт, аны Пекин өзүнүн аймагы деп эсептейт. Депутат бул жөнүндө социалдык тармактарда айтууга жетишти. Чырды басып салууга болгон эмес. Бирок, коомго эч нерсе жеткен эмес. Прессада бир да сөз жазылбай, теледен бир да кадр көрсөтүлгөн эмес. баары кытай өнөктөштөр менен иштөөнү уланта берген. Биздин арабызда келесоолор жок, баарыбыз Кытайдын аймактык бүтүндүгүн түшүнөбүз, тааныйбыз дешип калган”, - дейт Эркин.
Кытай казак элинин күйөө баласы
Ушул жайда Казакстанда синофобиянын деңгээлинде чыр чыккан. Кытайдын жараны этникалык казак кызы Сайрагүл Сауытбайды чек араны мыйзмасыз кесип өткөнү үчүн өлкөдөн чыгаруу коркунучу турган. Анын сөзүнө караганда, ал Кытайдан качууга аргасыз болгон. Ал Кытайда “саясий кайра тарбиялоо лагеринде” иштеген, бул тууралуу жазалоодон коркуп, үн катпашы керек болчу. Коомчулуктун бир бөлүгү Сауытбайга боор тартышкан. Социалдык тармактарда жана ЖМКларда улуттук азчылыктарга карата кытай бийлигинин ресрессия темасы чыга баштайт.
Абдан боор ооругандык менен батыштын прессасы Кытайда жаганган казактарга мамиле кылат. Серепчилер чынында адам укуктары менен байланышкан көйгөйлөр Орто Азиядан өтө турган “Бир алкак – бир жол” демигесин ишке ашырууга тоскоол болоруна басым жасашкан. “Астанадагы бийлик Синьцзяндагы репрессиялар боюнча өсүп жаткан элдин кары менен күрөшүүгө аргасыз болууда”, - деп жазган басылмалардын бири.
Сауытбай үчүн окуя жакшы аяктады. Сот аны Казакстанга кирүү тартибин бузууда күнөөлүү деп тапты, бирок аны республиканын чегинен чыгаруунун кереги жок деп аныктады.
Кытай дипломаттары Пекин диний экстремизм менен күрөшүп жаткандыктан, аны улуттук азчылыктарды басынтып жатат күнөөлөп жатышканына ишендирүүгө аракет кылышты.
Бул Кытайдагы казактардын айланасындагы биринчи чыр эмес болчу. Бирок, буга чейин Астанадагы Кытайдын элчиси Чжан Ханьхуэй мунун баары Кытайдын ички иши экенин так түшүндүргөн. “Бизди баары болуп 56 улут бар, бул бир үй-бүлө. Биз бир элди көтөрүп, башкасын кемсинте албайбыз, андай өлкө кыйрап калат. Экинчи жагынан иш биздин жарандарга тиешелүү, аларда кытай паспорттору бар, бул Кытайдын ички иши. Эгер биз жаңылып жатсак, анда ал биздин ишибиз. Айтып койгонуңуздарга рахмат, биз оңдоп коёюуз”, - деп дипломат Пекиндин позициясын түшүндүргөн.
“Расмий эмес баарлашууларда кытай дипломаттары “темир аргументти алып” чыгышат: алар биздин жарандар, биз аларга биздин мыйзамдарга ылайык мамиле кылабыз, - деди атын айткысы келбеген Казакстандын ИИМнин кызматкери. – Казакстандын ичиндеги кырдаалды алар абдан жакшы билет. Силер Донбасста согушкн өзүңөрдүн жарандарыңарды соттоп жатпайсыңарбы дешет. Анан калса биз өзүбүз чечип алабыз: ким экстремист, ким жөн эле жүргөнүн. Астана буга эч нерсе деп айта алган жок”.
Казактснада Кытай мунай жана газ өндүрүп, жолдорду жана заводдорду куруп жатат. Маал-маалы менен айыл чарбасында кызматташууга кызыктар экенин белгилеп келет. Жер маселеси синофобиянын стихиялуу чуунун чыгуусуна түрткү болгон. Чет элдиктерге жерди ижарага алууга мүмкүндүк берген мыйзамдагы өзгөрүүлөр 2016-жылы элдик массалык нараазылык акциясына чыгарды жана Астананы ойлонууга түрткөн.
“Кытай басып келатат” деген теманы башка корукунучтардын жардамы менен дагы күчөтүшкөн. Акын жана улутчул Мухтар Шаханов эл алдында миңдеген казак кыздары кытайга турмушка чыкканынан чочулаганын айткан. “Кытай күйөө бала миллиондогон гектар жерди ижарага албайт, бул жакка кытайлар толуп калбайт, деген кепилдик кайда?” – деп кайгырган адабиятчы.
Адиль Каукенов — Алма-Атадагы Кытай изилдөөлөр борборунун башчысы, Пекин университетинде кытай укугу боюнча диссертациясын жактаган. “Маданияттарды жакындатуу” деген иш менен алектенет.
Тактап айтканда, орусиялык жана казактснадык ишкерлердин Кытайда бизнес жүргүзүүсү боюнча кеңеш берет. “Кытай менен СССРдин ортосундагы мамилелердин “достугунан” кийинки мезгилде мамилелердин маздоо мезгили келген, - деп эскертет. – тараптар бардык – маданий, саясий жана экономикалык байланыштарды үзүп салышкан. Бирок, буга чейин Кытай бизге жакын дос өлкө катары кабыл алынган. Маданияттардын айырмачылыгы жөнүндө эч ким сөз кылган эмес, плакаттарда советтик жана кытайлык жумушчу бири-бирине абдан жакын турушкан”.
Бирок, 1960-жылдардан тартып кас болуп, темир парда бир эле Чыгыш Европага эле эмес, кытай чек арасына да тартылган. Кастык мамиле отуз жылдан ашык созулган.
Дал ушул инерция бардык – саясатчылар менен кадимки жарандарды – Кытайга кооптонуу менен мамиле кылууга түртөт.
Достуктун баасы
Константин Сыроежкин — Казакстандык синолог, Кытай менен совет мезгилинен баштап алектенип келет, 1981-жылы Мамлекеттик коопсуздук комитетинин Жогорку мектебин аяктаган. Чыгыш таануучу катары “кытай коркунучтары” жөнүндө жомоктордун бетин ачууга көнүккөн. 2014-жылы “Казакстан Кытайдан коркушу керекпи: мифтер жана фобиялар”.
“Синофобиянын жогорку деңгээли – бул миф, - деп ишенет Сыроежкин. — Эгер кытайга каршы маанайды ким таратып жатат деп карасак – бул он-он буш киши. Конкреттүү саясий максаттар жүрүп жатат. ошол эле учурда саясий деңгээлде Пекинге карата мамиле жакшы. Тиричиликтик деңгээлде Кытайдын “жайылган агрессиясы” жөнүндө мындай сөздөр айтылып жүрөт – кытайлар биздин кыздарды аялдыкка алып жатат, кокуй! Бул болбогон кеп, кытай үчүн чет элдикке үйлөнүү – өзүн өзү сыйлабагандыкка барабар. Маданияты ушундай”.
Чыгыш таануучунун пикири боюнча, кытайлар биздин бардык маселелерди чечип берет деген кооптуу.
“Эгер Кытай болбосо, жаман болмок. Жеңил өнөр жайын жана электрониканы эч нерсе алмаштыра албайт. Ал эми насыя берүүдө, курулушта жана нефтегазда кытайлар ким аларга уруксат берсе, ошолорго гана барышат. Өздөрү эч нерсени таңуулашпайт. Казакстанда кытай компанияларынан олуттуу көз кранды болгон областтар бар. Бул компаниялар – бюджеттин негизги төлөөчүлөрү.
Бардык социалдык тармактар кытай акчасында кармалып турат. Бул жергиликтүү бийлик үчүн абдан оорулуу маселе. Мына ушунда келечектеги көйгөй жатат. Кошумча кытайлардын прагматизмди өз ара түшүнгөндүгүндө.
Эгер компанияларга суроо туулса, муну кандай айтса болот экен, жергиликтүү бийликке түз эле чыгымдарын төлөп берет. Кытайлар ЖМКларга жарыялап убара болушкан жок. Эмнеге? Алар жөнөкөй жол менен баратышат.
“Акыркы беш жылда гана биз Кытайдан 50 миллиард доллар алдык. Ал эми реалдуу инвестициялар — 27 миллиард гана. Эң негизгиси бул кандай акча экени түшүнүксүз., - деп анчалык түшүнбөйт Сыроежкин. — Кандай бүтүмдөр кандай шарттарда чыгарылар жөнүндө ачык маалыматтар аз. Канчаны жана качан биз кайтарып беришибиз керек?.. Бул ишенбөөнү пайда кылат. Кытайдын мында күнөөсү барбы?.. Ар бир инчестор ага мамлекет бекитип берген эрежелер менен ойнойт. Ал эми биздин мамиледе коррупциялык түзүм жогору”.
Сыроежкин казакстандын жана кытайдын статистикасын салыштырууну сунуштайт: импорттогу айырмачылык – беш-алты миллиард доллар. Булар Казакстанга киргизилип жаткан учурда эске алынбайт. Мына ушул Кытай менен болгон достуктун баасы деп ишенет.