Елена Кузьмина: Евразиялык интеграциянын абалы жана келечеги – 2018-жылдан көз караш

15 января 2019 Елена Кузьмина: Евразиялык интеграциянын абалы жана келечеги – 2018-жылдан көз караш

2018-жыл Евразиялык экономикалык биримдик үчүн окуяларга бай жыл болду. 1-январда Бажы кодексинин жаңы редакциясы күчүнө кирди. Аны менен сырткы экономикалык иштерди жөнгө салуу жана мамлекеттик органдар менен ишкерлер коомунун кызыкчылыктарынын балансын сактоо системасын оптималдаштырууга багытталган жаңычылдыктардын бир тобу каралган. Негизги өзгөрүүлөргө бажы операцияларын жеңилдетүүнү, электрондук бажы деклорациясынын артыкчылыгын, ыйгарым укуктуу экономикалык оператордун статусун жөнгө салууга болгон жаңы кадамдарды кошууга болот.

Жаңы кодекс бажынын иш кагаздарын кыйла жеңилдетип, электрондук документ айлантууну колдонуунун жана бажылык жөнгө салуунун унификацияланышынын негизинде ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин бажы органдарынын ортосундагы кызматташтыктын натыйжалуулугун жогорулатты. Жыйынтыгында сырткы экономиклык иштердин катышуучулары товарлардын бажылык баасын аныктоо боюнча кийинкиге калтырууну колдоно алат. Аларга карата лицензилык жана башка ушул сыяктуу төлөмдөр, кийинки сатыктан же түз колдонуудан түшкөн кирешелер кошулат.

Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун алдындагы Орусиянны милдеттемелерине ылайык бажы пошлиналарын акырындап төмөндөтүү жүрүп жатат, ал 2018-жылы аягына чыгышы керек эле.

Жыл аралыгында ЕАЭБдин жалпы рыногун куруу улантылган. Мисалы, ноябрда Финансы рыногу чөйрөсүндөгү мыйзмадарды ыңгайлаштыруу жөнүндө макуладшууга кол коюлган (баалуу кагаздардын рыногу, ошондой эле камсыздандыруу жана банкы кызматры). Бул 2025-жылга карата финансы рыногунун улуттук жөнгө алуучусун түзүүгө жардам берет.

2018-жылы бирдиктүү кызмат көрсөтүү рыногу 9 секторго көбөйүп, 52 секторду түздү. Тогуздун үч жаңы чөйрөсү 2020-жылдан кечикпей бирдиктүү рынок шарттарында толук кандуу иштей баштайт. Баалык эсепте бул Биримдиктин мамлекеттеринде кызмат көрсөтүүнүн жалпы көлөмүнүн 55%га жакынын түзөт.

2018-жылы техникалык регламенттерди жакшыртуу боюнча иштер улантылды. Техникалык регламенттин талаптарын сактоонун мамлекеттик контролу (көзөмөлү) жөнүндө макулдашуу кабыл алынды, ал транспаренттүүлүктүн өсүүсүнө жана жаза алдындагы бузуулардын алдын алуу артыкчылыгын киргизүүгө түрткү берет.

Техникалык тоскоолдуктарды кыскартуу боюнча иштердин жүрүшүндө Бирдиктүү карантиндүү фитосанитардык талаптар жана Бирдимктүү карантиндик объекттердин тизмеси толукталды, ошондой эле Шайкештикти баалоонун типтүү схемасы кабыл алынды.

ЕАЭБдеги өз ара аркеттенүүнүн жаңы багыты санариптик экономиканы өнүктүрүүгө жардам берүү болуп калды. Мисалы, Биримдиктин өлкөлөрүнүн өнөр жайын санариптик странсформациялоо жана 2019-жылга чейин ЕАЭБдин мейкиндигинде бирдиктүү санариптик странсформациялоону түзүү үчүн шарттарды даярдоо каралган. Бул Негизги өнөр жай багыттарга бекитилген.

2018-жылы транспорт боюнча “жол карталарын” ишке ашыруу башталган. Бул документтердеги иш-чаралардын бир бөлүгү транспорттук инфра түзүмдү өнүктүрүүнү башкаруу маселелерине жана индустриалдык-инновациялык инфра түзүмдүн объектилерине тиешелүү. Мисалы, Евразиялык экономикалык комиссиянын кеңеши өндүрүшкө түрткү берүүнү камсыз кылуу жана 2018-2020-жылдарда ЕАЭБге мүчө мамлекеттерде электр кыймылдаткычы бар моторлуу транспорттук каражаттарды колдонуу боюнча иш-чаралар планын жактырды. План электромобулдерди, алардын базалык компонентин, заряддык жана сервердик инфра түзүмдүк объекттерин өндүрүүгө түрткү берүү боюнча иш-чаралар планын карайт. Ошондой эле, планга электрмобилдерин колдонууга түрткү берүү, анын ичинде Биримдиктин ар бир өлкөсүндө улуттук деңгээлде карала турган транспорттук салыкты төлөөнү алып салуу боюнча чаралр комплекси кирет.

2018-жылы ири регионалдык оюнчулар менен кызматташтык өтө кеңейди. Мисалы, Кытай менен соода-экономикалык кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюлду. Ал бажы пошлиналарын алып салууну же төмөндөтүүнү карабай, бирок документ сооданын жол-жоболорун жеңилдетүү; электрондук декларациялоо үчүн мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу; транспаренттүүлүктү жогорулатуу жана өз ара стандарттарды, техникалык регламенттерди, шайкештикти баалоо жол-жоболорун таануу боюнча иштер; интеллектуалдык менчикти коргоо; электрондук сооданы жөнгө салуу; мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү кызматташтык маселелерин камтыйт. Макулдашууда айыл чарбасы, энергетика, транспорт, өнөр жай кооперациясы, маалыматтык-коммуникациялык инфра түзүм, технологиялар жана инновациялар, каржы жана курчап турган чөйрө багытындагы кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн перспективалар дагы аныкталган.

Иран менен либералдаштыруунун чектелген деңгээли менен убактылуу соода макулдаштыгы түзүлдү (үч жылга), ал өлкөлөр ортосундагы өз ара сооданын 50%дык көлөмүн камтыйт. Ушул мөөнөт аяктагандан кийин тараптар эркин соода аймагы жөнүндө толук кандуу макулдашууга кол коё башташат. Тараптар өнөр жай товарларына (Иран – 22,5%дан 15,4%га чейин, ЕАЭБ – 8%дан 4,7%га чейин) жана айыл чарба товарларын киргизме пошлиналарынын коюмдарынын орточо деңгээлин төмөндөтүүнү дагы сүйлөшүштү.

Иран тарабынан ЕАЭБ өлкөлөрү үчүн берилген берилген тарифтик жеңилдиктер 1 млрд долларлык соода көлөмүн жабат жана айыл чарба комплексинин продукцияларын, металлдарды, косметиканы, жыгач материалдарын, жабдуулардын айрым түрлөрүн камтыйт. Иран тарапка азык-түлүктүн көпчүлүк түрү боюнча, ошондой эле курулуш материалдары, идиш-аяк, килемдер жана түстүү металлдардын жасалган айрым жасалгалар боюнча тарифтик жеңилдиктерди берет. Келечекте товар айлантуу бир жарым (150%) эсеге көбөйүшү мүмкүн.

Ошондой эле, майда Молдовага ЕАЭБдин алдындагы байкоочу мамлекет статусу берилген. Ал чакыруу боюнча чечимдерди кабыл алууга катышууга укук бербей турган ЕАЭБдин органдарынын отурумдарына катышууга жана Биримдиктин органдары кабыл алып жаткан, жашыруун мүнөзгө ээ болбогон документтерге ээлик кулууга мүмкүнчүлүк берет.

Жакынкы жылдарга евразиялык интеграцияны өнүктүрүү тренди биримдиктин ишинин түрдүү чөйрөлөрүндө, ошондой эле акыркы жылдары түзүлгөн өз ара аракеттенүүнүн дүйнөлүк жана регионалдык багыттарында кабыл алынган өнүгүү программаларынан улам өтө так каралган.

Орто мөөнөттүү келечекте дүйнөнүн түрдүү өлкөлөрү менен соода макулдашууларын кеңейтүү боюнча тенденйиялар уланат. Жакынкы келечекте эркин соода аймагы жөнүндө бир катар макулдашууларга кол коюлат, азыр Египет, Израиль, Индия, Сербия жана Сингапур менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. 2019-жылдан башында Иран менен эркин соода аймагы жөнүндө  убактылуу макулдашуу күчүнө кирет.

Кызматташуу чөйрөлөрү боюнча 2018-жылдагы макулдашууда айтылгандар боюнча келишимдик базаны кеңейтүү боюнча Кытай менен иштир улантылат. Азыркы макулдашууларды жана тренддерди эске алганда кыйла активдүү транспорт жана логистика, энергетика жана айыл чарбасы өнүгөт.

Коңшу ңлкңлңр менен ЕАЭБдин түз бийнес диалогун түзүүнүн кыйла келечектүү жолдорунун бири Евразиянын – Евразиялык континенталдык өнөктөштүктүн аймагында жаңы экономикалык мега өнөктөштүктү түзүү болуп саналат. Адистердин пикири боюнча, “Экономикалык биримдик катары ЕАЭБдин милдети – сөздөн ишке өтүүгө, концепцияны практикада ишке ашырууга жардам бере турган куралдарды, ыкмаларды жана механизмдерди табуу табуу”. Евразиялык өнөктөштүктү түзүү куралдарынны бири болуп ЕАЭБди айкалыштыруу долбоору жана “Бир алкак – бир жол” кытай демилгеси болушу мүмкүн.

2019-жылы өз ара аракеттенүүнүн түрдүү чөйрөлөрүндө азыркы талкууланып жаткан программалар кабыл алынат. Мисалы, күн тарбибинде мамлекеттер аралык 2019-2023-жылдарга жана 2030-жылга чейинки мезгилге “ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экономикасын өнүкүтүрүү үчүн иннновациялык биотехнологиялар” максаттуу программасы турат. Ал өзүнө төрт: генетикалык ресурстарды түзүү жана сактоо, биотехнологиялардын микробдорун иштеп чыгуу жана киргизүү, геномдук технологияларды жана организмдерди генетикалык паспорттоштурууну өнүктүрүү жана колдонуу, ошондой эле айыл чарбасы жана саламаттык сактоо үчүн тест-системаны жана диагностикалык дары-дармектерди жакшыртуу багыттарын камтыйт.  

2025-жылга чейин эмгектин, нефти жана газдын, баалуу металлдардын жалпы рыногун түзүү боюнча иштер улантыла берет. Ошол эле учурда, 2019-жылы электр энергиясынын рыногун түзүүнү уюштуруу болжолдонууда.

Муну менен, Евразиялык биримдиктин алкагында толук кандуу жана натыйжалуу иштеген бирдиктүү экономикалык мейкиндикти түзүү боюнча иштер улантылат. Ошол эле учурда, буга кызыктар бардык мамлекеттер жана эл аралык биримдиктер менен диалог жана өз ара аракеттенүү өнүгөт.

Булак: http://enw-fond.ru/ekspertnoe-mnenie/9647-elena-kuzmina-sostoyanie-i-perspektivy-evraziyskoy-integracii-vzglyad-iz-2018-goda.html?fbclid=IwAR3XquNnqIxkHLdReE-IWMRsBpgUWjpEne-WZQJCN-Zp40KSE4Ji2an8_Bk