Эмне үчүн Трамп Сирияга жаңы сокку даярдап жатат?

29 октября 2018

Орусиянын Коргоо министрлиги Сириядагы жаңы провокация даярдоо жана бир эле учурда АКШ аскердик күчтөрүн аймака массалык ракеталык чабуулга тартуу тууралуу билдирди. Пентагон бул билдирүүлөрдү үгүттөө деп жооп берди. Ошентсе да, мындай абал АКШнын мурдагы эки чабуулунун алдында дал ушундай кайталанган. Бул жолу Трамптын Сирия боюнча “жакшы жана акылдуу” ракеталар менен сокку уруу каалоосу эмнеден улам пайда болду?

Пентагон АКШнын Сирияга каршыча бул жасоого даярданып жаткандыгы Орусиянын билдирүүсүн үгүтөө деп атады. “Аскердик жөндөмдүүлүктөрдү өстүрүү жөнүндөгү” маалымат чындыкка туура келбейт, деп америкалык аскер департаментинин өкүлү Эрик Пехон билдирди.

Ошол эле учурда, Пехон Америка президенти Дональд Трамптын буйругу келип түшсө, “бул АКШ жооп берүүгө даяр эмес дегенди билдирбейт” деп белгиледи. Ал Пентагон “келечектеги аскердик аракеттер” жөнүндө же “Асаддын химиялык чабуулдарына” мүмкүн болгон реакция тууралуу маалымат бербейт экенин түшүндүрдү.

Жакында эле Коргоо министрлигинин расмий өкүлү генерал-майор Игорь Конашенковдун айтымында, АКШ Жакынкы Чыгыштагы канаттуу ракеталарды алып жүрүүчүлөрдүн тобун кеңейтүүнү улантууда. Ал Жер ортолук деңизине Сириянын бүткүл аймагы боюнча сокку урууга жөндөмдүү “Томагавк” 28 канаттуу ракета менен америкалык эсминец киргенин маалымдады. Буга чейин ал ошондой эле, Перс булуңуна сокку уруу үчүн бортунда 56 канаттуу ракеталары бар “Салливанс” АКШнын деңиз-аскер күчтөрү, ал эми Катардагы Эль-Удейд авиабазасына AGM-158 JASSM “аба-мейкиндик” 24 канаттуу ракеталары бар B-1B стратегиялык бомбалоочу учак келип конгонун кабарлады.

Конашенков Вашингтон “Хайат Тахрир Аш-Шам” террористтик тобунун согушкерлери даярдап жаткан Идлиб провинциясында химиялык курал колдонуу менен үгүттөөнү пайдаланууга ниети бар экенин белгиледи. Буга чейин Коргоо министрлиги Сириянын Идлибдеги “Кафар-Зайт” калк отурукташкан пунктка жакын арада уулу заттары бар ок-дарылар менен сокку уруу планы менен “химиялык чабуулду” сахналаштыруу үчүн чет элдик адистер келгенин билдирди.

Ушул эле маалыматты Орусиянын Коргоо мекемесинин башчысы Сергей Шойгк да тастыктады. Ал ошондой эле, дагы эле согушкерлер тарабынан көзөмүлдөнүп жаткан Идлибде азыр эмне болуп жатканы тууралуу айтып берди. “Мурунку калыптуу оппозиция, азыркы согушкерлер жана алардын башчылары менен бардык баскычтарында татаал, оор, узакка созулган сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бул аймакта жеке урууларды башкарган шейхтер менен иш алып барылууда”, - деп билдирди ал.

Пентагондун төгүнгө чыгаруусуна канчалык ишенсе болору жөнүндө мурунку ушул сыяктуу кырдаалдын тажрыйбасынан билсе болот. Ушул жылдын март айында ОрусиянынКоргоо министрлиги Чыгыш Гутадахимиялык курал колдонгондугутууралуу маалыматтан кийин АКШ Сирияга боюнчаракеталык-бомбалыксоку урууганиеттенип жатканын билдирген. Пентагондо ошондосоккунун планы жөнүндө маалымат берүүдөн баш тартышкан эле, ал тургай, коргоо министри Джим Мэттис химчабуулдар тууралуу билдирүүгө аскердик жоопберүүгөчечкиндүү каршы болгон.Бирок, апрель айында Москва алдын ала айткандай, САРга ракеталык чабуул жасалды.

“Улуттук коргонуу” журналынын башкы редактору, аскердик серепчи Игорь Коротченкода буга чейин Пентагондо бир маалымат билдирип, ал эми иш жүзүндө тескери болупкелгенинэске салды. “Пентагондунбилдирүүсүбоюнчаойлонуунункерегижок.БизүчүнОрусиянынКоргооминистрлигининжасаганмаалымдамасызарылжанамаанилүү.Булжөнөкөйганамаалымдамаэмес, тастыкталганжанабирнечежолутекшерилгенмаалымат”, -депКоротченкобилдирди.

Серепчи Орусиянын коргоо ведомствосу “бардык айтылгандар толук тастыкталган” аскердик чалгындоо маалыматтарына таянарын белгиледи. Анынайтымында,орусиянынаскердикмаалыматтарыжүзпайызгатастыкталды.

Генерал-полковник, Геосаясийкөйгөйлөракадемиясынын президенти Леонид Ивашев Орусиянын Коргоо министрлигине ишенерин билдирди. “Бирок,Конашенковдун билдирүүсүөзүнүнролунойноду. Бул тастыктаганучурболду.Пентагон канчалык актанабаштаганына караганда, кол салуу болбойт деген үмүт бар”, - деп Ивашев айтты.

“Бул маалыматтар ишенимдүү. Канаттуу ракеталарды ташуучулардын концентрациясы чын эле болгон. Ал эми бул жерде кандай максаттар болгонун болжолдоого болот: же АКШ мурунку соккуда колдонгон эскирген ок-дарыларын алмаштырып жатат, же Сириянын объектилерине сокку уруу үчүн даярданушууда”, - деп эсептейт Ивашев.

Бирок, Москванын автивдүү сүйлөшүүлөрүнө карабай, Вашингтон баары бир сокку урбйат деп ишенүүнүн кереги жок. Жогорку экономика мектебинин профессору американы изилдөөчү Александр Домрин АКШнын Сирия айланасындагы азыркы айтивденүүсүн Иран, Орусия жана Түркия башчыларынын сентябрь айында боло турган үч тараптуу жыйын менен байланыштырат. “Алар Украинаны эмес, Сирияны талкуулайт экени анык көрүнүп турат... Эгер АКШ бир нерсе жасоого чечим кабыл алса, анда алар муну бул жолугушууга чейин жасашы керек”, - деп ал абалды түшүндүрүп жатып, сунуш кылды.

Бул курч абал “бир гана ички саясий максатта”, жеке Дональд Трампка керек. Ал ноябрда өтө турган шайлоонун жүрүшүндө Когресске өзүн колдогон республикачыларды алып келүүнү каалайт.

“Трампты мындай тышкы саясаттын өзү аз кызыктырат. Ал ага өзүнүн жакшы экенин көрсөтүү үчүн гана керек жана Трампты колдогондорду Конгресске шайлоо керек”, - деди баяндамачы.

Өз кезегинде, саясат таануучу жана публицист Борис Межуев АКШнын Сирия айланасындагы жигердүүлүгүн Трамптын импичменттен качууга жардам берген алаксытуучу согушунун темасы деп атады. Ал АКШнын президенттеринде олуттуу ички саясий маселелер жаралганда, эреже болгондой, аскердик иш-аракеттер башталат, деп эскертти.

“Билл Клинтон ант астында калп айтып, Левински айым менен жыныстык катнашта болгонун мойнуна алган кезде, ошол эле күнү ал Ирактагы “Аль-Каиданын” позициясы боюнча эки сокку урган. Бул чабуулдар башталган кезде, либералдык гезиттер президентти сындоо туура эмес, азырынча Клинтон жоопкерчилик алган АКШ аскерлери коркунучта деп жаза башташкан. Ошондуктан, алаксытуучу согуш фактору иштеп кетиши мүмкүн. Трамп мырза буга кызыктар”, - деп Межуев айтты.

Мындан тышкары, серепчи Трамптын ачык агрессивдүү тышкы саясий багытын көрсөттү. Ал улуттук коопсуздук боюнча кеңешчи болуп Джон Болтон, ал эми мамлекеттик департаментке Майк Помпео дайындалгандан кийин өзгөчө байкала баштаган. “Алар – ал карманып турган жалгыз тал саман. ЖМКлардын эң чоң бөлүгү жана бийлик өкүлдөрү ага каршы маанайда. Бирок, Трампты колдогон кыйла таасирдүү сегмент бар, аны Иран меселесин Израиль кызыкчылыгына чечүүдө жөндөмдүү деп эсептейт”, - деп белгиледи ал. Трамптын иш-аракеттерине Жакынкы Чыгыш күчтүү таасир калтырарын белгилеп өттү.

“Мен болуп жаткандарга чоң тынчсыздануу менен карамакмын. Дүйнө бул жылдын аягында олуттуу коркунуч алдында турат. Трамп бардык адамзат үчүн кесепет алып келеринойлонбой, өзүнүн саясий тагдыры жөнүндө гана ойлоп, олуттуу аракеттерди башташы мүмкүн”, - деп Мешуев жыйынтыктады.