Иранда кырсыктаган учакты эт экспорттогон ишкана алгачкы жолу жалдаган.
Иранда кырсыктаган учак алып бара жаткан эт Кыргызстанда каттоодон өткөн "Навидист" ЖЧКсына тиешелүү болгон. Маалыматты Sputnik Кыргызстандын кабарчысына Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук мамлекеттик инспекциясынын маалымат катчысы Рахат Садырбекова тастыктады.
"Навидист" ишканасы бир нече жылдан бери тоңдурулган кой этин Кыргызстандан Иран мамлекетине экспорттоп жүрөт. 2017-жылы — 146 тонна, 2018-жылы 786 тонна кой эти жөнөтүлгөн. Бул жолку 30 тонна этти жиберүүгө компания 2019-жылдын 11-январь күнү уруксат кагазын алган", — деп айтылат билдирүүдө.
Юстиция министрлигинен каттоодон өткөн ишканалар тууралуу маалыматтар жайгаштырылган osoo.kg порталында "Навидист" ЖЧКсын Патан Салим Ахемед жана Моради Хасан Голамхоссеин (жетекчи) аттуу жарандар негиздегени айтылат. Мындан улам ушул эле порталда жетекчиликтин байланыш телефону катары көрсөтүлгөн номерге чалып, Моради Хасан Голамхоссеин мырза менен сүйлөштүк.
Анын айтымында, кыйроого учураган учакты алар убактылуу гана жалдашкан.
"Биздин ишкана негизи башка компаниянын кызматын колдончу. Бул жолу 30 тоннадой эт даярдап алсак, ал учак бузулуп калганын айтышты. Андыктан убакытты өткөрүп ийбейли деп азыркы аскердик учакты жалдаганбыз. Товар иран аскерлерине жиберилген деген маалымат жалган. Мен бир жылдан бери эт ташуу менен алектенем", — деди жетекчи.
Сөзүнүн аягында ал Кыргызстанда жашарын айтканы менен кайсы өлкөнүн жараны экенин ачыктаган жок.
Баса, ирандык журналисттердин бири өзүнүн Twitter баракчасына кыйраган учакта жарым-жартылай күйүп калган койдун эти чогултулган сүрөттөрдү жарыялады.
Дагы: sputnik.kg, фото-© AFP 2018 / HASAN SHIRVANI / MIZAN NEWS