ТИМ чет жердеги кыргызстандыктардын арыз-муңун мессенджер аркылуу угат

15 января 2019

Консулдук кызмат департаментине +996 (551) 312-000 аркылуу билдирүү жөнөтсө болот.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаменти бүгүнтөн тарта тесттик режимде WhatsApp, Telegram, WeChat жана Viber каналдарын иштете баштады. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматынан кабарлашты.

Байланыш номери: +996 (551) 312-000.

Долбоордун негизги максаты — чет өлкөлөрдө жашап жүргөн кыргызстандык жарандарын укугун коргоо максатында тексттик, үн, фото жана видео билдирүүлөрдү кабыл алуу. Ошондой эле Кыргызстандын башка мамлекеттердеги мекемелеринин ишмердиги тууралуу пикирлерди кабыл алат.



Дагы: sputnik.kg, фото-© REUTERS / Dado Ruvic