Атамбаевдин мурдагы катчысы АКШдагы элчи кызматынан бошотулду

15 января 2019 Атамбаевдин мурдагы катчысы АКШдагы элчи кызматынан бошотулду

Президент Сооронбай Жээнбеков Жарлыкка кол койду.

 Кыргызстандын АКШ жана Канададагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Кадыр Токтогулов кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, президент Сооронбай Жээнбеков Жарлыкка кол койду.

Токтогулов элчи болуп 2014-жылдын 31-декабрында дайындалган. 

Эми анын ордуна Кыргызстандын Россиядагы элчиси Болот Отунбаевдин талапкерлиги каралууда. Жогорку Кеңештин профилдик комитети 15-январдагы жыйынында төрт мамлекетке Кыргызстандын элчилерин дайындоо маселесин карайт. 



Дагы: sputnik.kg, фото-© Фото / Сайт МИД КР