Дубайдагы ресторан желбей калган тамак үчүн айып пул киргизди

15 января 2019 Дубайдагы ресторан желбей калган тамак үчүн айып пул киргизди

Ресторандын ээси мындай ыкма кардарларды ашыкча тамакка тапшырык берүүдөн коргойт деген пикирде.

 Дубайдагы ресторан тамагын түгөтө жебей койгон кардарларга айып пул киргизгенин TimeOutDubai басылмасы билдирди.

Ага ылайык, тамагын толук жебей койгон кардарлар кошумча 50 дирхам (13,6 доллар) төлөйт.

Ресторандын ээси мындай жол менен кардарлар тамакка тапшырык берер алдында ойлонуп, курсагы тойгудай гана тамак алат деген ниетин билдирген.



Дагы: sputnik.kg, фото-© Sputnik / Сергей Симов