Кырсык 14-январь күнү болуп, учактагы 16 кишинин бирөө гана аман калганы айтылууда.
Президент Сооронбай Жээнбеков жүк ташуучу учактын кулашынан улам адам өлүмүнө байланыштуу, Иран президенти Хасан Роуханиге көңүл айтты. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Эскерте кетсек, 14-январь күнү Бишкектен саат 7.16да учуп кеткен аба кемеси Тегерандын жанындагы Карадж шаарында кулаган. Башка аэропортко конууга аракет кылган учкуч рулга ээ боло албай, учуп-конуу тилкесинен чыгып кеткен да, эл жашаган аймакка сүрүлүп барган. Кийинчерээк учактын ичиндеги 16 кишинин бирөө гана аман калганы айтылган.
Ал эми учак Таиланддан бош келип, Бишкектен 30 тонна кой этин жүктөп баратканы белгилүү болгон.
"Карадж шаарындагы "Фатх" аба майданында учактын кыйроого учурашынан жарандардын курман болгону тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтып, кырсыктан жапа чеккендердин тезирээк сакайып кетишин каалайм", — деп айтылат телеграммада.
Дагы: sputnik.kg, фото-© AFP 2018 / HASAN SHIRVANI / MIZAN NEWS