Улуу Британиянын окумуштуулары рактан кабар берген негизги белгилерди тизмектеп беришти.
Лондондун Макмиллан онкология борборунун окумуштуулары рак илдетинен кабар берген негизги жети белгини аташты. Бул тууралууSputnik Өзбекстан жазды.
Рактын белгилери:
— Ичеги же табарсыктын иштөөсүндөгү күтүлбөгөн өзгөрүү:
— "түшүнүксүз" кансыроо;
— төш же башка жердин жооноюшу, тоголок нерсенин байкалуусу;
— тамак жутуп жатканда кыйналуу;
— кал, меңдин түсүнүн өзгөрүшү;
— кыркырап, оор жөтөлүү;
— көпкө чейин айыкпаган жараат.
Окумуштуулардын айтымында, жогорудагы белгилер байкалса эле ал рак менен ооруйт дегенди түшүндүрбөйт. Ошентсе да адистер мындай белгилердин бири эле билинсе сөзсүз дарыгерге кайрылууну сунушташты.
Мындан сырткары, илимпоздор ракты алдын алуу үчүн чылым чегүүдөн баш тартып, салмакты бир калыпта кармап, ичимдикти азайтып, күн нурунан сактаган косметика колдонуп жана активдүү жашоо образы менен жашоо керектигин эскертти.
Дагы: sputnik.kg, фото-© Sputnik / Сергей Пятаков