Ортоңку класс
Экономиканы жана коомду модернизациялоо ийгилиги мамлекетте толук кандуу ортоңку классты түзүү мүмкүн болгондугунан көз каранды. Жакынкы жылдары мына ушул суроого жооп болушу керек жана экономикалык, социалдык кайра түзүүлөр үчүн ортоңку класс таяныч болууга жөнөмдүүлүгүн көрсөтүшү керек.
Бир жагынан, Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү жашоо деңгээли дүйнөлүүк стандарттарга ылайык кыйла төмөн бойлон калууда. Экинчи жагынан, акыркы 20 жылда жашоо деңгээлинин өсүүсү менен жакырчылык менен күрөшүү ийгиликтерин жокко чыгуу мүмкүн эмес. Мисалы, регоиндун эң кедей мамлекети Тажикстанда – жакырчылыктын деңгээли 2003-жылы 73% болсо, 2015-жылы 31%га чейин түшкөн. 2000-жылдардагы Борбордук Азиядагы экономикалык өсүш калктын катмарларынын түзүлүүсүнө алып келди, алардын кирешелери жана жашоо деңгээли аларды ортоңку класска кошууга мүмкүндүк берет. ортоңку класстын санын аныктоо кыйын, бирок тигил же бул деңгээлде ага калктын 30% иргизишет (Казакстанда 35%, Тажикстанда 5%).
Көңүл бура турган негизги өзгөчөлүк болуп ортоңку класстын түзүлүүсүнүн төрт негизги булагы – мамлекет, коррупция, көмүскө сектор жана эмгек миграциясы саналат.
Мамлекет
Борбордук Азиянын айрым мамлекеттеринде ортоңку класстын маанилүү бөлүгүн мамлекеттик кызматкерлер, укук коргоо органдарынын кызматкерлери жана ири мамлекеттик компаниялардын кызматкерлери түзөт. Ушул соуиалдык топтор салыштырмалуу жогорку айлык акыга, жакшы социалдык пакетке жана бир катар кошумча жеңилдиктерге ээ.
Коррупция
Чиновниктер менен күч түзүмдөрүндө иштеген кызматаркелердин расмий маянасы анчалык жогору болбогон учурларда деле өздөрүнүн кирешелеринин негизги бөлүгүн алар түрдүү коррупциялык схемалар аркылуу алышат. Бул учурда алардын жакшы жашоосунун негизи – бул аткезчиликтин жана баңги заттары менен соода кылуунун “бетин жабуу” үчүн, бизнестеги коргоо системасы, тендерлердеги жеңиш жана мамлекеттик келишимдерге катышуу “откаттар” үчүн, окуу жайлардагы жана мектептердеги, жол эрежелерин бузгандардан алынуучу паракорлук жана акча жыйлоорлор үчүн акы.
Экономиканын көмүскө сектору
Борбордук Азиянын ортоңку классынын маанилүү бөлүгү экономиканын сегменттерине таянат, алар мамлекет тарабынан - “боз аймактан” орун алган кичи жана ортоңку бизнестен иштин ачык баңги затынын же адамдар менен соодадалуу сыяктуу криминалдык түрлөрүнө чейин анчалык жөнгө салынбайт жана расмий статистикада чагылдырылбайт.
Эмгек миграциясы
Тажикстан менен Кыргызстанда ички дүң өнүмүнүн үчнтөн бирине туура келген анын масштабын жана акча которууларынын маанилүү ролун эске алуу менен дал ушул эмгек миграциясы жүз миңдеген адамдардын жашоосунун жакшырышына таасир этти.
Ошол эле учурда, Борбордук Азияда ортоңку класстын социалдык-экономикалык абалынын туруксуздугу сакталып келет. Көп жагынан жакшы жашоосунун булагы ортоңку класстын толук кандуу өнүгүүсүнө тоскоолдук кылгандыгы менен байланыштуу. Мамлекеттик апыртылган ролу жана коррупция менчикчилердин классын түзүүгө тоскоолдук кылат жана рынокту процесстик токтоуп жатат.
Ортолук мамлекет (Кытай)
Акыркы 0 жылда Кытай өзүнүн экономикалык басымын абдан өстүрүп, Борбордук Азия мамлекеттери үчүн негизги соода өнөктөшүнө жана инвесторго айланды. Кытайдын жардамы менен ири инфра түзүмдүк долбоорлор ишке ашырылды. Мисалы, Ангрен – Пап (Өзбекстан) темир жолу, Дүйшөмбү – Коженд – Чанак (Тажикстан) жана Бишкек – Нарын – Торугарт (Кыргызстан) унаа жолу, Түркмөнстан – Өзбекстан – Казакстан – Кытай газ түтүгү жана башкалар. Ошол эле учурда Кытай менен Борбордук Азия өлкөлөрүнүн мамилелери өз ара фибиялардын, саясий долбоорлордун, коррупциянын жана экономикалык пайда табуунун кызыктуу айкалашы болуп саналат. Жакынкы жылдары “Алкак жана жол” демилгеси эмне жыйынтык алып келери жана регионалдык саясатта Кытай кандай жол ойной тургандагы белгилүү болот.
Жеке бирдейлик
Акыркы 25 жылдын аралыгында Борбордук Азиянын өлкөлөрү сырткы этникалык, диний же маданий чөйрө бөлүгү катары өзүн таануу аркылуу дүйнөдө негизинен өзүнүн ортун табууга аракет кылып келди. Мындан улам регоиндун жалпысынан же анын орус, түрк, иран же ислам дүйнөсүнүн, Жибек жолунун экономикалык алкагынын чегинде “Чоң Евразиянын” же “Жалпы тагдыр коомчулугунун бөлүгүн түзгөндүгүн аныктаган көптөгөн талкуулар жана долбоорлор пайда болду.
Акыркы жылдары сырткы оюнчулар тарабынан регионго болгон кызыкчылыктын кыйла төмөндөп кетүүсү Борбордук Азия өлкөлөрүн өз ара кызматташуунун өсүүсүнө, ички экономикалык байланышты бекемдөөгө, жеке регионалдык бирдейликти тагууаөга түртүп жатат. Күн тарбибинде визалык саясатты жеңилдетүү, чек ара маселелерин жөнгө салуу, өз ара сооданы кеңейтүү, регионалдык туризмди, чек аралык экономикалык долбоорлорду өнүктүрүү (инфра түзүм, энергетика жана суу колдонуу, биргелешкен өнөр жай ишканалары, айыл чарбасы) турат.
Ушул аракеттер ийгиликке жетери факт эмес – ич ара каршы пикирлер абдан көп. Анын үстүнө жеке бирдейликти издөө бир эле регоин үчүн эмес, айрым өлкөлөр, этникалык, регионалдык жана диний топтор үчүн дагы мүнөздүү болуп саналат. Бүгүнкү күндөгү негизги маселе – регионду эмне бириктириши мүмкүн? Тилдик же этникалык биримдикпи, динби, экономикалык мега долбоорлорбу, ички күчпү, аскердик оркунучпу? Ушул суроого так жооп берегн тарап 70 млн адам үчүн келечектин образын түзөт. Борбордук Азиянын жаңы келечегин түзүү процессине Орусия кошула алат жана кошулушу керек.