2018-жылы бир нече маанилүү окуялар болуп өттү, алар узак мөөнөттүү келечекте региондун келечегин аныкташат.
Биринчиден, АКШ менен Кытайдын ортосундагы соода согушу күч алып баратат. Ушул эки глобалдуу оюнчулардын ортосундагы карама-каршылык күчтүү болсо, ошончолук кытай өкмөтү жибек жолунун экономикалык алкагы долбооруна көбүрөөк көңүл бура баштайт, анын алкагында негизги ролду Борбордук Азия ойнойт. Регион үчүн бул инвестициялардын өсүүсүн жана жаңы инфра түзүмдүк долбоорлорду киргизүү дегенди билдерет.
Экинчиден, 2018-жылдын 1-январынан тартып ЕАЭБдин Бажы кодекси күчүнө кирди, ал жалпы бажы мейкиндигинин иштөөсүн жөнгө салууга арналган. Айрым аналитиктердин каршы пикирлерине карабай, евразиялык интеграция тереңдеп жатат жана акыркы бир нече жал ичинде ЕАЭБдин чечнемдик-укуктук базасын түзүү жана кеңейтүү менен байланышкан чоң иш жасалды. Жалпы экономикалык аймактын, капиталдын, товардын, тейлөөнүн, технологиялардын жана жумушчу күчүнүн жолундагы тоскоолдуктарды алуунун эрежелерин иштеп чыгышты.
Үчүнчүдөн, 20118-жылдын 18-19-октябрында Владимир Путин Өзбекстанга иш сапары менен барды, анын жүрүшүндө экономикалык, аскердик-технологиялык, илим жана билим берүү кызматташтыгы чөйрөсүндө ондогон макулдашууга кол коюлган. Бул бир эле эки мамлекеттин жаңы кадамы эмес, жалпы региондун жаңы барагы болушу мүмкүн. ЕАЭБ рыногу (тагыраагы, орусия рыногу) өзбек компаниялары үчүн жагымдуу, ал эми Өзбекстанга орусиялык билим берүүнү жана технологияны экспорттоону кеңейтүү кызыктуу. Орус-өзбек кызматташтыгынын тереңдөөсү Борбордук Азиянын жаңы экономикалык жана саясий архитектурасын түзүүгө мүмкүндүк берет.
Жакынкы беш жылга Борбордук Азия үчүн күн тартибин түзгөн процесстерди мүнөздөө төрт сөз менен мүмкүн болот – айкашпаган нерселерди айкаштыруу, ортоңкы класс, орто мамлекет жана жеке бирдейлиги.
Айкашпаган нерселерди айкаштыруу
Борбордук Азияда жаңыны түзүү жана эскини тереңдетүү буга чейин белгисиз социалдык, экономикалык жана саясий мейкиндикти “бириктирүү” карама-каршылыктар менен коштолот.
Чынында, бир жагынан Борбордук Азияда бир катар багыттар боюнча ажырым бар.
Биринчиден, регион жашоонун деңгээли жана сапаты боюнча тездик менен үзүл-кесил баяндалат. Экономикалык активдүүлүк жана байлык сырьё өндүрүүгө багытталган ири шаарларда жана айрым райондордо орун алган. Ошол эле учурда калктын чоң бөлүгү киришеси жана жашоо деңгээли төмөн райондордо жашашат.
Экинчиден, региондо түрдүү багыттагы демографиялык тенденциялар бар. Мегаполистер (мисалы, Астананын калкы акыркы 30 жылда дээрлик 4 эсе); дарыялардын жана жемиштүү өрөөндөрдө салттуу агрардык райондор, тездик менен өсүп жатат, аларда азыр да демографиялык өсүү аягына чыккан эмес; жаңы өнөр жай борборлору, ал жактарга башка региондордун жашоочулары иштөө үчүн барышат (мисалы, нефти өндүрүүнүн ири борборлору – Атырау жана Мангыстау областтары). Ошол эле учурда, эски – өнөр жай борборлорунда жана агрардык райондордо калктын саны кыскарууда.
Үчүнчүдөн, Борбордук Азияда уланып жаткан урбанизациянын темпи жана мүнөзү жашаган жерине карата олуттуу айырмаланышат. Бул жерде индумтриялуу жогорку урбанизацияланган советтик мезгилде түзүлгөн райондорду бөлүп алууга болот; акыркы 20 жылда өзгөчө өсүүнү баштан кечирген индустриядан кийинки мегаполистер; ошондой эле кеңири артыкчылыктуу райондор.ю алар ушул күнгө чейин постсоветтик мезгилдин ири урбанизация толкунунун натыйжаларынан арыла албай келишет.
Мындан тышкары, Борбордук Азия мамлекеттеринин этникалык гомогенезация процесси уланып жатат – этникалык азчылыктардын үлүшү кыскарып жатат. Бийлик тарабынан маалыматтык агымдардын үстүнөн контролдоо тенденциясы жүрүп жатканын белгилей кетүү керек.
Ошол эле учурда, Борбордук Азияда социалдык мейкиндикти бекемдеген процесстер күч алууда.
Биринчиден, ички жана сырткы миграция, биринчи кезекте эмгек миграциясы. Мурунку советтик мейкиндикте экономикалык активдүүлүктү төмөндөтүү шарттарында деле эмгек миграциясынын масштабы жогорку бойдон калууда: 10 млн киши өзүнүн туруктуу жашаган районунун чегинен тышкары иштешет, алардын жарымы – Борбордук Азиянын чегинен тышкары, калгандары региондун ичинде ири мегаполистерге жана жаңы индустриялык борборлорго барууга аракет кылат. Борбордук Азиядан чыккан эмгек мигранттарынын тартылган салттуу борборлоруна Орусия, Түркия кирет, ал эми Перс булуңунун өлкөлөрүнө Түштүк Корея, Европа, Түштүк-Чыгыш Азиянын, Түндүк Американын өлкөлөрү кирет.
Экинчиден, жаңы маалыматтык технологиялар (социалдык тармактар, мессенжерлер) мигранттарга мекени менен байланыш түзүүгө мүмкүндүк берет. муну менен, маалыматтын жайылуусуна дагы бир канал түзүлөт. Үчүнчүдөн, Борбордук Азия маданияттар жолугушкан жер бойдон кала берет, ошондуктан, көп тилдүүлүк калкытн көп бөлүгү үчүн кадимки көрүнүш болуп саналат. Региондун 70%дан ышык жашоочулары эки же андан ашык тил билишет. Ошол эле учурда, позициясынын кыйла алсызданганына карабай, кеңири жайылган тил болуп орус тили кала берет.
Мындан тышкары, региондо урбанизация уланууда, биринчи кезекте чоң шаарлардын эсебинен, алар экономикалык активдүүлүккө жана маалыматтык агымга басым жасап, колдонуу стандарттарын киргизип, маданияттын, этносторлун жана диндердин аралашуучу жайы болуп саналат. Акыр аягы транспорттун жана логистиканын өнүгүүсү элдин жылып жүрүүсү жана товарлардын айлануусу үчүн зарыл болгон каркасты түзүп берет. Борбордук Азияда акыркы 20 жылда темир жол, авто унаа жана аба траспорту менен жүргүнчүлөрдүн агымынын жана жүк ташуунун туруктуу өсүүсү байкалат.