Орусиядагы Кыргызстандыктардын көйгөйүн чечүү үчүн элчини кызматтан алуу жетишсиз

12 января 2019 Орусиядагы Кыргызстандыктардын көйгөйүн чечүү үчүн элчини кызматтан алуу жетишсиз

Анчалык чоң эмес экономикасы бар Кыргызстан өзүнүн жарандарынын көп бөлүгүн чет элдеде иштөөгө мажбурлайт. Миграция маселеси эң жогорку деңгээлде талкууланат, анткени республиканын алты миллион калкынын миллионго жакыны чет элде эмгек миграциясында жүрөт.

Расмий маалыматтар боюнча гана, 640 миңдин тегерегиндеги кыргызстандыктар Орусиянын аймагында иштеп, жашап жүрүшөт, он миңдеген Кыргызстандыктар Орусиянын жарандыгын алышты. Ал ортодо, чет жакта жүргөн кыргызстандыктар көптөгөн көйгөйлөргө туш болуп келишет, алардын негизгиси орус тилин жана орусиянын мыйзмадарын жакшы билбегендиги болуп саналат.  

Өзүнүн жыйынтыктоочу пресс-конференциясында Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Орусиянын элчисин кызматтан алуу ниети тууралуу билдирди, анткени ал өзүнө жүктөлгөн милдеттерди толугу менен аткара албай жатат.

Ал ортодо, саясаи таануучу Игорь Шестаков бул маселени терең кароо кереклигин, бир эле элчини кызматтан алуу менен иш оңолбойт деп ишенет.

“Мен мигранттарга байланыштуу бардык көйгөйлөр Орусиядагы элчимнин иши менен чечилбейт. Элчи канчалык натыйжалуу иштебесин, татаал маселелерди чече албайт. Мисалы, эң оор маселелердин бири башаламан миграция болуп саналат. Биздин айыл жергесинен барган жарандар орус тилин билбей туруп, орусиянын региондоруна барып, вокзалдан же аэропорттон чыгары менен кантип жайгашып, кантип иштөө кереклиги жөнүндө ойлоно баштайт. Мындай стихиялуу миграция көйгөйдү пайда кылат”, - деп түшүндүрдү ал.

Анын сөзү боюнча, мына ушул миграция Орусиянын федералдык миграция кызматынын “кара тизмесинде” жарандардын пайда болуусунун бир себеби болуп калды. Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдик жөнүндө келишимге кошулуу учурунда 2015-жылы ага 200 миңден ашык кыргызстандыктар киргизилген эле. Азыр бул сандар 65 миңге чейин кыскарды.

Серепчи миграция боюнча көпчүлүк маселелер Кыргызстан ЕАЭБге мүчө болуп кирүүсү менен чечилгенин белгилейт. Бул жумушка уруксат берүүчү көпчүлүк документтерди чогултуу маселесине тишелүү.

“Ошентсе деле башламандык уланууда. Ошондуктан, сөз биздин элчи кандай иштеп жаткандыгы жөнүндө эмес, жарандардын көпчүлүк агымы Орусияга кетип жатканы тууралуу болуш керек. системалык жолдор жана чечимдер керек. Алардын бири – талапка жооп берген шарттарды түзүү, жумушчу күчүнө кызыктар орусиялык ири ишканалар жумушка алуучу ачык жүргүзүшмөк. Кыргызстандыктар өздөрүнүн кичи мекенинен чыкпай туруп кайсы жерде иштерин, канча маяна аларын билип алышмак. Башкача айтканда, ушул маселелер алар Кыргызстанда турган кезде чечилиши керек”, - деп белгиледи ал.  

Шестаков мисал катары Орусияга иштөөгө кетип жаткан Кыргызстандын жарандарынын 85%ы – бул Баткен областынын жашоочулары экендиги жөнүндө мисал келтирди.

“Мен Кыргызстандын парламентинин депуттаттары катышкан жолугушууда болдум. Алар биздин жаранжар Орусияда көбүнчө оор кырдаалга туш болору, анткени орус тилин жакшы билбестиги жөнүндө сөз кылышты. Сөз орус тили чектелген региондор жөнүндө болуп жатат. Бул маселени чечүү системалык деңгээлде болушу керек”, - деп кошумчалады ал.

Ушул көйгөйдү чечүү катары серепчи бир эле элчилердин ишине көңүл буруу жетишсиз, миграция маселеси менен алектенген ыйгамы укуктуу органда иш алып барышы керек деп эсептейт.

Саясат таануучу буга чейин Кыргызстанда миграция маселеси менен алектенген органдын статусу жогору болгондугун эске салды. Алгач ал миграция министрлиги болсо, кийин комитет, кийин болгону кызмат гана болуп калган.

Мындан тышкары, талдоочу миграция маселесин мамлекеттик жөнгө салуунун башка проблемасы болуп үч түрдүү ведомствонун ортосунда миграция боюнча функцияларды бөлүштүрүү болуп саналат.

“Көйгөйдү чечүү үчүн тиешелүү мамлекеттик органдын статусун жогорулатып, миграция боюнча функцияларды бириктирип, президенттин алдында атайын кеңеш түзүү керек. ошондай эле, биздин диаспоралар иштеши керек. Аларда финансы ресурстары жана кадрлар бар. Консулдук жардам чөйрөсүндөгү көпчүлүк маселелерди аларга берүү керек”, - деп эсептейт ал.

Жыйынтык чыгарып жатып Игорь Шестаков эгер кыргызстандыктар өз мекеменинде, өз үйлөрүндө жашап, иштеп жүргөндө, миграция көйгөйү болмок эмес. Бирок, бул азырынча мүмкүн эместигин айтууга туура келип жатат деп билдирди.

“Реалист болуу керек, албетте, Кыргызстанда мындай мүмкүнчүлүк жок. Анткени, миллионго жакын адам чет элде жүрөт, аларга бул жерден жумуш табуу керек болот. Биздин жарандар дүйнө жүзүндө жүрөт, ал жакта акча табууга мүмкүнчүлүк бар. Кыргызстандагы массалык жумуш орундары тууралуу шайлоо алдында гана айтышат. Андан кийин бул тууралуу унутуп калышат. Мен мында негизги маселе – коррупция деп эсептейм. Ушул проблема бар учурда биз жумуш орундарын түзө албайбыз. Орусиядан Кыргызстанга которуулар жыл сайын 2 миллард доллардан жогорку каражатты түзөт, бул дагы экономика жана миграция маселелеринде айтарлык чоң роль ойнойт”, - деп жыйынтыктады ал.

Булак: http://stanradar.com/news/full/32360-dlja-reshenija-problem-kyrgyzstantsev-v-rossii-uvolnenija-posla-nedostatochno.html?fbclid=IwAR0BPquONRnXB27RyKeB4_mr0FG0aPUEJ9sklJ2fU0mcqKo7qV6UySws9xc