Белгисиз адамдар 12-январда каршылык акциясына чыгууга үгүттөп жатат.
Sputnik Кыргызстан агенттиги Бишкектин маршрутка айдоочулары митингге чыкканы жатат деген маалыматты текшерип көрдү.
Буга чейин бул тууралуу ЖМКлардын бири жазып чыккан. https://www.vb.kg/doc/375952_v_bishkeke_voditeli_marshrytok_vyydyt_na_miting.html
Sputnik агенттигинин кабарчысы маршруттук таксилердин бир нече өкүлчүлүктөрүнө кайрылды. Алар бул боюнча төмөнкүлөрдү билдиришти:
— Ош базарында белгисиз адамдар 12-январда каршылык акциясына чыгууга үгүттөгөн кагаздарды таркатып жүрөт;
— микроавтобустардын көпчүлүк айдоочулары жол эрежесин бузууга каршы салынган айып пулга каршы чыгууда;
— маршрутка айдоочулары Бишкектеги аялдамалардын санын көбөйтүүнү жана жол кире акысын 15 сомго көтөрүүнү талап этишүүдө;
— эртең, 11-январда, мэриянын алдындагы шаардык транспорт башкармалыгынын имаратынын алдында маршрутка айдоочулары бийлик өкүлдөрү менен жолугуп жаңы айып пулдар менен алдыдагы кызматташууну талкуулашат.
Бишкек мэриясы 11-январда айдоочулар менен жолугушуу болорун ырастады.
Дагы: sputnik.kg, фото-© Sputnik / Жоомарт Ураимов