Азыркы учурда бул факт боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалып, текшерүү иштери жүрүп жатат.
Ички иштер министрлиги киши колдуу болду делген милициянын подполковниги Күнболот Касымалиев тууралуу маалымат таратты.
Социалдык тармактарда Нарын ОИИБдин криминалдык милиция кызматынын ага ыкчам өкүлү, милициянын подполковниги Күнболот Касымалиевдин сөөгү Кант шаарынан табылганы жана ага кесиптештери шектелип жатканы боюнча маалымат тарап жатат.
Ал эми ИИМдин берген маалыматына караганда, милиционер киши колдуу болгон эмес.
10-январь күнү болжол менен саат 01:00дөр чамасында Ысык-Ата РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Бишкек — Торугарт айланма жолунун 16-чакырымынан автоунаа адамды коюп кеткени боюнча маалымат түшкөн. Жерине Ысык-Ата РИИБдин тергөө ыкчам тобу барган.
"Алга айылынан ай
Дагы: sputnik.kg, фото-© / пресс-служба УВД Нарынской области