11 января 2019
Иш сапардын алкагында министр өзбекстандык кесиптеши Абдулазиз Камилов менен жолугушат.
Эртең, 11-январь күнү, Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Өзбекстанга жөнөп кетет. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматынан билдиришти.
"Иш сапардын алкагында министр өзбекстандык кесиптеши Абдулазиз Камилов менен жолугушат", — деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, Айдарбеков Самарканд шаарында 12-13-январь күндөрү өтө турган "Индия — Борбордук Азия" диалогунун биринчи жыйынына катышат.
Дагы: https:sputnik.kg, фото-© / пресс-служба Жогорку Кенеш