Өзбекстанга караңгылатылган айнек менен баргандар айыпка жыгылмай болду

11 января 2019 Өзбекстанга караңгылатылган айнек менен баргандар айыпка жыгылмай болду

Коңшу өлкөгө кирген чет элдик унаалар үчүн айып пулдун көлөмү бекитилди.

Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилиги жакынкы аралыкта аталган өлкөгө сапар алганы жаткан кыргызстандыктар үчүн билдирүү таратты.

Маалыматка караганда, Өзбекстандын өкмөтүнүн "Айнеги караңгылатылган жеңил унаалар жөнүндөгү" токтомунун негизинде чет элдик унаалар үчүн айып пулдун көлөмү бекитилди.

"Өзбекстандын аймагына убактылуу же транзиттик негизде кирген жеңил унаалардын айнеги караңгылатылган болсо, айдоочуга 15 доллар айып салынат", — деп айтылат маалыматта.

Аталган сумма өлкөнүн борбордук банкындагы доллар баасына жараша улуттук валютада төлөнөт.



Дагы: sputnik.kg, фото-© Sputnik / Руслан Кривобок