11 января 2019
Буга чейин экс-президент Индияда эс алууну пландап жатканы кабарланган.
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев эртең, 11-январда үй-бүлөсү менен Индияга учпай турган болду. Бул тууралуу КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева өзүнүн Facebook баракчасына жазды.
Анын айтымында, экс-президент сапарын кийинкиге жылдырды.
"Сураныч, мындан саясат издебегиле", — деди Жолдубаева.
Эске салсак, буга чейин Жолдубаева экс-президент 11-январда Индияга учуп, кайра 21-январда кайтып келерин билдирген. Ал ошондой эле Атамбаев ал жакка эс алганы барганы жатканын кошумчалаган.
Дагы: sputnik.kg, фото-© Sputnik / Рамиль Ситдиков